https://sputnik.kg/20240919/kursk-ukraina-uchun-chon-apaatka-ajlanat-1088821055.html
АКШда Курск Украина үчүн чоң апаатка айланышы мүмкүн экени айтылды
АКШда Курск Украина үчүн чоң апаатка айланышы мүмкүн экени айтылды
Sputnik Кыргызстан
Авторлор Украинанын эки гана жолу бар экенин белгилешкен. 19.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-19T10:57+0600
2024-09-19T10:57+0600
2024-09-19T10:57+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
атайын операция
курск
контрчабуул
калктуу пункт
конуш
https://sputnik.kg/img/07e8/09/13/1088821168_0:280:3071:2007_1920x0_80_0_0_d5ecff9371dbd41767b918823bcac1e4.jpg
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна кирип барышы Россия менен тирешүүнүн жалпы жүрүшүнө таасир тийгизе алган жок, эми апаатка айлануу тобокелчилиги күч болуп турат. Америкалык аналитиктер Дэниел Бесснер менен Дерек Дэвисондун ушундай маанайдагы макаласы National Interest журналына чыкканын РИА Новости жазды. Авторлордун айтымында, Курскидеги Россиянын контрчабуулу Киевдин авантюрасын чыныгы аскердик апаатка айлантып коюшу мүмкүн. Украинанын алдында же басып алган жерлерден чегинүү, же көп жоготууга учуроо деген эки гана жол бар."Украина аны колдогон тараптар менен кандай гана чечим кабыл албасын, абал жалпы жонунан ошол боюнча эле калды. Киев адам ресурсу азайып жаткандыктан Россияны жеңе албайт", — деген эксперттер.Өткөн жумада россиялык аскерлер Курскиде контрчабуул баштады. РФ Коргоо министрлиги 12-сентябрь күнү эки суткада украин согушкерлеринен 10 калктуу конушту бошотконун билдирген. Ал эми ушул жумада россиялык армия төрт конушту өз көзөмөлүнө алды.
https://sputnik.kg/20240916/kazakstan-kasym-zhomart-tokayev-sayasat-1088749551.html
украина
курск
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/13/1088821168_171:0:2900:2047_1920x0_80_0_0_326402ed3e86e9e294d325141d618cfb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, атайын операция, курск, контрчабуул, калктуу пункт, конуш
дүйнөдө, россия, украина, атайын операция, курск, контрчабуул, калктуу пункт, конуш
АКШда Курск Украина үчүн чоң апаатка айланышы мүмкүн экени айтылды
Авторлор Украинанын эки гана жолу бар экенин белгилешкен.
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна кирип барышы Россия менен тирешүүнүн жалпы жүрүшүнө таасир тийгизе алган жок, эми апаатка айлануу тобокелчилиги күч болуп турат. Америкалык аналитиктер Дэниел Бесснер менен Дерек Дэвисондун ушундай маанайдагы макаласы National Interest журналына чыкканын
РИА Новости жазды.
"Бир ай өттү, Украинанын чабуулу жалпы кырдаалды анча өзгөртө алган жок, демек, Украина союздаштары менен чогулуп Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоого болгон аракетин жумшашы керек", — деп жазылган макалада.
Авторлордун айтымында, Курскидеги Россиянын контрчабуулу Киевдин авантюрасын чыныгы аскердик апаатка айлантып коюшу мүмкүн. Украинанын алдында же басып алган жерлерден чегинүү, же көп жоготууга учуроо деген эки гана жол бар.
"Украина аны колдогон тараптар менен кандай гана чечим кабыл албасын, абал жалпы жонунан ошол боюнча эле калды. Киев адам ресурсу азайып жаткандыктан Россияны жеңе албайт", — деген эксперттер.
Өткөн жумада россиялык аскерлер Курскиде контрчабуул баштады. РФ Коргоо министрлиги 12-сентябрь күнү эки суткада украин согушкерлеринен 10 калктуу конушту бошотконун билдирген. Ал эми ушул жумада россиялык армия төрт конушту өз көзөмөлүнө алды.