https://sputnik.kg/20241023/kyrgyzstan-moskva-rezhisser-kinofestival-1089698715.html
Москвада өткөн эл аралык кинофестивалда кыргызстандык режиссер мыкты аталды
Москвада өткөн эл аралык кинофестивалда кыргызстандык режиссер мыкты аталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Бермет Бейшенбекова "Евразия-Кинофест" биринчи эл аралык кинофестивалында "Терең" тасмасы үчүн "Мыкты жаш режиссер"... 23.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-23T18:59+0600
2024-10-23T18:59+0600
2024-10-23T18:59+0600
россия
кино
москва
фестиваль
тасма
https://sputnik.kg/img/07e8/06/05/1085817128_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_9a63a209e6bace325ca143ad6bc3482f.jpg
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Бермет Бейшенбекова "Евразия-Кинофест" биринчи эл аралык кинофестивалында "Терең" тасмасы үчүн "Мыкты жаш режиссер" сыйлыгын алды.Кинофестиваль 17-октябрдан 21-октябрга чейин Москвада өтүп, борбор калаанын алты башка жеринде 5 миңден ашуун адамды чогултту. Катышуучулар арасында Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу 18 өлкөнүн кинорежиссерлору, актёрлору жана эксперттери бар.Кыргызстандык режиссерлор Бермет Бейшенбекова "Терең", Руслан Акун "Бейиш эненин таманында", Нурлан Анарбаев "Рахмат, машыктыруучу", Никита Ловецкий "Галина Петровна", Адилет Каржоев "Бурул", Асел Жураева "Асман баласы" тасмасы менен катышты.Фестивалдын сынактык программасына 53 тасма кирген. Аларга Еревандагы эл аралык кыска метраждуу кинофестивалдын режиссеру Гуж Тадевосян, Россиянын эл артисти Елена Цыплакова, Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Рустам Сагдуллаев жана башка кино тармагындагы белгилүү ишмерлер кирген эл аралык калыстар тобу баа берди.Жеңүүчүлөргө кинофестивалдын баш байгеси – континенттин өлкөлөрүндө жашаган адамдардын ортосундагы маданий тажрыйба алмашуусун символдоштурган Евразия фигурасы ыйгарылды.
https://sputnik.kg/20240511/moskva-ruslan-akun-gran-pri-1085027589.html
москва
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/05/1085817128_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_0dd6abeaf20e27e6515f4974198322cd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, кино, москва, фестиваль, тасма
россия, кино, москва, фестиваль, тасма
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Бермет Бейшенбекова "Евразия-Кинофест" биринчи эл аралык кинофестивалында "Терең" тасмасы үчүн "Мыкты жаш режиссер" сыйлыгын алды.
Кинофестиваль 17-октябрдан 21-октябрга чейин Москвада өтүп, борбор калаанын алты башка жеринде 5 миңден ашуун адамды чогултту. Катышуучулар арасында Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу 18 өлкөнүн кинорежиссерлору, актёрлору жана эксперттери бар.
Кыргызстандык режиссерлор Бермет Бейшенбекова "Терең", Руслан Акун "Бейиш эненин таманында", Нурлан Анарбаев "Рахмат, машыктыруучу", Никита Ловецкий "Галина Петровна", Адилет Каржоев "Бурул", Асел Жураева "Асман баласы" тасмасы менен катышты.
Фестивалдын сынактык программасына 53 тасма кирген. Аларга Еревандагы эл аралык кыска метраждуу кинофестивалдын режиссеру Гуж Тадевосян, Россиянын эл артисти Елена Цыплакова, Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Рустам Сагдуллаев жана башка кино тармагындагы белгилүү ишмерлер кирген эл аралык калыстар тобу баа берди.
Жеңүүчүлөргө кинофестивалдын баш байгеси – континенттин өлкөлөрүндө жашаган адамдардын ортосундагы маданий тажрыйба алмашуусун символдоштурган Евразия фигурасы ыйгарылды.