https://sputnik.kg/20241114/shayloo-sotsial-demokrat-bshk-1090190043.html
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетти
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алганын Борбордук шайлоо... 14.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-14T22:07+0600
2024-11-14T22:07+0600
2024-11-15T09:47+0600
бшк
шайлоо
"социал-демократтар" партиясы
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0b/1051071744_0:108:2883:1730_1920x0_80_0_0_2a348e646725502a5e5db1811bb125d1.jpg
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алганын Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.Мындай чечимге Бишкек ШИИБи тарабынан добуш сатып алуу боюнча тергелип жаткан иш негиз болгону айтылды.“Социал-демократтардын” шайлоодон четтетилгенин партиянын мүчөсү Нурбек Касымбеков дагы тастыктады.Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы "Социал-демократтар" партиясынын штабынын жетекчиси алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда элдин добушун сатып алууну талкуулап жатат деген маалымат тараткан. Андан соң шаардык милициянын тергөө тобу "Добуштарды сатып алуу" беренеси боюнча иш козгогон. Кечээ, 13-ноябрда, милиция "Социал-демократтар" партиясынын штаб жетекчиси Ирина Карамушкина менен партиянын дагы бир мүчөсү Т.Рны кармаган. Бишкек ШИИБи алар добуш сатып алып, ар бирин 1000 сомдон баалашкан деп айтууда. Ошондой эле партиянын лидери Темирлан Султанбековду сурактан чыккандан кийин кайра бир сааттан соң шаардык милицияга алып кетишкенин партиядан кабарлашкан.
https://sputnik.kg/20241114/bishkekte-dagy-bir-partiya-dobushtardy-satyp-aldy-dep-kunoolondu-1090172498.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0b/1051071744_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_205c02412e832f0657372ec6a34b9b25.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
бшк, шайлоо, "социал-демократтар" партиясы, кыргызстан
бшк, шайлоо, "социал-демократтар" партиясы, кыргызстан
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетти
22:07 14.11.2024 (Жаңыртылды: 09:47 15.11.2024) БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алганын Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Мындай чечимге Бишкек ШИИБи тарабынан добуш сатып алуу боюнча тергелип жаткан иш негиз болгону айтылды.
“Социал-демократтардын” шайлоодон четтетилгенин партиянын мүчөсү Нурбек Касымбеков дагы тастыктады.
“Биз чечимге макул эмеспиз, БШКга даттануу менен кайрылабыз. Эртең-бүрсүгүнү карап чыгышы керек”, — деди Касымбеков.
Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы "Социал-демократтар" партиясынын штабынын жетекчиси алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда элдин добушун сатып алууну талкуулап жатат деген маалымат тараткан. Андан соң шаардык милициянын тергөө тобу "Добуштарды сатып алуу" беренеси боюнча иш козгогон. Кечээ, 13-ноябрда, милиция "Социал-демократтар" партиясынын штаб жетекчиси Ирина Карамушкина менен партиянын дагы бир мүчөсү Т.Рны кармаган. Бишкек ШИИБи алар добуш сатып алып, ар бирин
1000 сомдон баалашкан деп айтууда. Ошондой эле партиянын лидери Темирлан Султанбековду сурактан чыккандан кийин кайра бир сааттан соң шаардык милицияга алып кетишкенин партиядан кабарлашкан.