https://sputnik.kg/20241117/palestina-izrail-gaza-sektoru-sogush-sokku-1090224785.html
Израилдин соккусунан бир түндө Газада 50дөн ашык адам каза болду
Израилдин соккусунан бир түндө Газада 50дөн ашык адам каза болду
Sputnik Кыргызстан
Бет капчан израилдиктер Бейт-Фурик кыштагына кирип барып, палестиналыктардын үйлөрүн, унааларын өрттөшкөн. 17.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-17T10:49+0600
2024-11-17T10:49+0600
2024-11-18T12:41+0600
дүйнөдө
палестина
израиль
газа сектору
согуш
сокку
адам өлтүрүү
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/11/1090224891_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_eb31e1bed3e35d3424759d6e43adfd84.jpg
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Израилдин Коргонуу күчтөрүнүн (ЦАХАЛ) Газа секторуна жасаган соккусунан 50дөн ашык палестиналык каза болду. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы маалымдаганын РИА Новости жазды.Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 200дөн ашуун адамды барымтага алган. Бийликтегилердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган. Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери 43 миңден ашык палестиналык каза болуп, 103 миңден көбү жаракат алган.Россия ТИМи тараптарды жаңжалды токтотууга чакырып келет. Москванын позициясы боюнча, согушту БУУнун Коопсуздук кеңеши бекиткен формуланын негизинде, 1967-жылы борбору Чыгыш Иерусалим болгон чек араларда Палестина мамлекетин түзүү менен жөнгө салуу мүмкүн.
https://sputnik.kg/20241024/briks-bashchylary-izraildi-sogushtu-toktotuuga-chakyrdy-1089712340.html
палестина
израиль
газа сектору
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/11/1090224891_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_f6a53063fae9a647bf17e73aa7891219.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, палестина, израиль, газа сектору, согуш, сокку, адам өлтүрүү
дүйнөдө, палестина, израиль, газа сектору, согуш, сокку, адам өлтүрүү
Израилдин соккусунан бир түндө Газада 50дөн ашык адам каза болду
10:49 17.11.2024 (Жаңыртылды: 12:41 18.11.2024) Бет капчан израилдиктер Бейт-Фурик кыштагына кирип барып, палестиналыктардын үйлөрүн, унааларын өрттөшкөн.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Израилдин Коргонуу күчтөрүнүн (ЦАХАЛ) Газа секторуна жасаган соккусунан 50дөн ашык палестиналык каза болду. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы маалымдаганын
РИА Новости жазды.
"Израилдик аскерлер бир түн ичинде эле Газа секторундагы кеминде 51 адамды өлтүрүштү. Оккупацияланган батыш жээктеги бет капчан израилдиктер Бейт-Фурик кыштагына кирип барып, палестиналыктардын үйлөрүн, унааларын өрттөшкөн", – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 200дөн ашуун адамды барымтага алган. Бийликтегилердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.
Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган. Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери 43 миңден ашык палестиналык каза болуп, 103 миңден көбү жаракат алган.
Россия ТИМи тараптарды жаңжалды токтотууга чакырып келет. Москванын позициясы боюнча, согушту БУУнун Коопсуздук кеңеши бекиткен формуланын негизинде, 1967-жылы борбору Чыгыш Иерусалим болгон чек араларда Палестина мамлекетин түзүү менен жөнгө салуу мүмкүн.