https://sputnik.kg/20241118/kytaj-kievge-rossiyanyn-terenine-sokku-uruuga-uruksat-berilishi-1090257901.html
Кытай ТИМи Киевге Россиянын тереңине сокку урууга уруксат берилишине үн катты
Кытай ТИМи Киевге Россиянын тереңине сокку урууга уруксат берилишине үн катты
Sputnik Кыргызстан
Маалымат бергендердин айтымында, алгачкы соккулар ATACMS ракеталары менен жасалат. 18.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-18T15:29+0600
2024-11-18T15:29+0600
2024-11-18T15:49+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
кытай
акш
россия
украина
техника
ракета
уруксат
atacms
https://sputnik.kg/img/07e6/04/03/1063355707_0:119:3071:1846_1920x0_80_0_0_5097789178397aaf7ecf77661814b479.jpg
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Украинадагы атышууну тез арада токтотуп, абалды жөнгө салуунун саясий чечимин табуу бардык тараптардын кызыкчылыгына жооп берет. Бул тууралуу Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Линь Цзянь айрым Батыш мамлекеттеринин Киевге ыраакка атылуучу курал менен Россия аймагына сокку урууга уруксат берүү боюнча чечимине комментрий берип жатып айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Дипломат украин кризисинде "чыңалган абалды жөнгө салуу эң башкы приоритет болуп саналарын" белгилеген."Кытай жаңжалдын тынчтык жолу менен аякташына көрүлгөн аракеттерди башынан колдоп келет. Муну менен бирге украин кризисин саясий жөнгө салууда конструктивдүү роль ойноого даяр", — деген өкүл.Эскерте кетсек, буга чейин New York Times америкалык администрациядагы кызматкерлерге таянуу менен АКШ президенти Жо Байден Украинага ыраакка атылуучу америкалык ракеталарды РФ аймагына сокку уруу үчүн колдонууга уруксат бергенин жазган. Маалымат бергендердин айтымында, алгачкы соккулар ATACMS ракеталары менен жасалат. Мунун артынан эле Франция менен Улуу Британия да Украинага өзүнүн ыраакка атылуучу техникасын колдонууга уруксат бергенин Figaro басылмасы жазып чыкты.Буга чейин Россия президенти Владимир Путин НАТО мамлекеттери Киевдин батыш куралдарын пайдалануусун эле эмес, согушка түз аралашар-аралашпасын талкуулап жатканын билдирген. Өлкө башчынын айтымында, Батыш мамлекеттеринин жаңжалга катышуусу анын нугун өзгөртүп, Россия жаралган кооптуулуктарга карап чечим чыгарууга аргасыз болот. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттин батыш куралдарынын Россиянын тереңине сокку уруу үчүн колдонулушунун кесепети тууралуу айтканы түшүнүктүү экенин, сөз ээсин табарын белгилеген.
https://sputnik.kg/20241118/baydendin-rfke-kiyevdin-chabuuluna-bergen-uruksatyna-reaktsiyalar-1090251228.html
кытай
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/03/1063355707_227:0:2958:2048_1920x0_80_0_0_03667eb4f8ddbb1bad2834e3a229019b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, кытай, акш, россия, украина, техника, ракета, уруксат, atacms, сокку
дүйнөдө, кытай, акш, россия, украина, техника, ракета, уруксат, atacms, сокку
Кытай ТИМи Киевге Россиянын тереңине сокку урууга уруксат берилишине үн катты
15:29 18.11.2024 (Жаңыртылды: 15:49 18.11.2024) Маалымат бергендердин айтымында, алгачкы соккулар ATACMS ракеталары менен жасалат.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Украинадагы атышууну тез арада токтотуп, абалды жөнгө салуунун саясий чечимин табуу бардык тараптардын кызыкчылыгына жооп берет. Бул тууралуу Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Линь Цзянь айрым Батыш мамлекеттеринин Киевге ыраакка атылуучу курал менен Россия аймагына сокку урууга уруксат берүү боюнча чечимине комментрий берип жатып айтты. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Украин маселеси боюнча Кытайдын позициясы дайым так болуп келген. Бардык тараптардын кызыкчылыгы үчүн согушту токтотуп, саясий чечим табуу зарыл", — деди Линь Цзянь.
Дипломат украин кризисинде "чыңалган абалды жөнгө салуу эң башкы приоритет болуп саналарын" белгилеген.
"Кытай жаңжалдын тынчтык жолу менен аякташына көрүлгөн аракеттерди башынан колдоп келет. Муну менен бирге украин кризисин саясий жөнгө салууда конструктивдүү роль ойноого даяр", — деген өкүл.
Эскерте кетсек, буга чейин New York Times америкалык администрациядагы кызматкерлерге таянуу менен АКШ президенти Жо Байден Украинага ыраакка атылуучу америкалык ракеталарды РФ аймагына сокку уруу үчүн колдонууга
уруксат бергенин жазган. Маалымат бергендердин айтымында, алгачкы соккулар ATACMS ракеталары менен жасалат. Мунун артынан эле Франция менен Улуу Британия да Украинага өзүнүн ыраакка атылуучу техникасын колдонууга уруксат бергенин Figaro басылмасы жазып чыкты.
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин НАТО мамлекеттери Киевдин батыш куралдарын пайдалануусун эле эмес, согушка түз аралашар-аралашпасын талкуулап жатканын билдирген. Өлкө башчынын айтымында, Батыш мамлекеттеринин жаңжалга катышуусу анын нугун өзгөртүп, Россия жаралган кооптуулуктарга карап чечим чыгарууга аргасыз болот. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттин батыш куралдарынын Россиянын тереңине сокку уруу үчүн колдонулушунун кесепети тууралуу айтканы түшүнүктүү экенин, сөз ээсин табарын белгилеген.