https://sputnik.kg/20241122/germaniyanyn-rossiya-menen-sogushka-dayardanyp-zhatkany-ajtyldy-1090337615.html
Германиянын Россия менен ири согушка даярданып жатканы айтылды
Германиянын Россия менен ири согушка даярданып жатканы айтылды
Sputnik Кыргызстан
Басылманын маалыматына караганда, Бундесвер компанияларды алдыдагы өзгөчө кырдаалга даярдай баштаган. 22.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-22T10:33+0600
2024-11-22T10:33+0600
2024-11-22T10:37+0600
дүйнөдө
евробиримдик
германия
россия
согуш
даярдык
батыш
аскер
план
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/16/1090337091_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_17898f26f3fa9738b9fd43d12c18b02b.jpg
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Германия 1000 беттен турган "Германиянын ыкчам операциялык планын" иштеп чыгып, Россия менен ири согушка даярдана баштады, анда жазылгандардын көбү жашыруун болууда. Бул туурасында немец ЖМКларына таянуу менен РИА Новости билдирди.Басылманын маалыматына караганда, Бундесвер жакындан бери бул жашыруун пландын негизинде компанияларды алдыдагы өзгөчө кырдаалга даярдай баштады. Гамбург Федералдык мамлекетинин аймактык коргонуу башчысы Йорн Плишке немец компанияларынын өкүлдөрү менен жолукканда ар бир жүз кызматкердин кеминде бешөөсүн жүк ташыган автоунааларды айдоону үйрөтүүнү, дизель генераторлорду камдоону сунуштаган. Андан сырткары, кризистик кырдаалда жумушчулар үчүн алдын ала план түзүү туурасында да эскерткен.Бундесвер бул планды толук түзүлүп бүттү деп эсептебей, толуктоолорго, кошумчалоо кылганга ачык деп атагандыгы айтылууда.Өткөн кышта Bild таблоиди немец куралдуу күчтөрүнүн (Бундесвер) белгилүү бир "жашыруун документине" шилтеме кылып, авторлордун божомолуна ылайык, Россия НАТОнун чыгыш флангына кандайча кол салышы мүмкүнчүлүгү каралган "планын" жарыялаган. Германиянын Коргоо министрлиги ЖМКлардын жазганына ишке ашуу ыктымалдыгы аз болгон сценарийлерди карап чыгуу да аскер иштеринин күнүмдүк жасаган иштеринин бири деген мааниде түшүндүрмө берген. Ал эми РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова буга ирония менен комментарий жасаган.Мурдараак БЕдин дипломатия башчысы Жозеп Боррель бир катар европалык саясатчылар менен аскер жетекчилердин Россия кол салышы мүмкүн деп дүрбөлөңгө түшкөнүн сындаган.РФтин Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин Батыш Россия НАТОго кол салат делген планды жарыялап, Москваны альянс менен куралдуу түз кагылышуу мүмкүнчүлүгүн бетке кармап коркутууга аракет кылып жатканын айткан. Москваны атайын операциянын максаттарынан баш тартууга аргасыз кылабыз деп үмүттөнүп жатканын, бирок андай болбостугун белгилеген. Муну Батыштын маалыматтык согушу деп атаган.Россия акыркы жылдары НАТОнун Батыш чектерде өтө активдешип жатканын айтып келет. Альянс демилгелерин көбөйтүп, анысын "Россиянын агрессиясын токтотуу" деп атап алган. Москва аталган аскердик уюмдун Европада күчүн арттырып жатканына тынчсыздануусун бир нече ирет билдирген. Кремль эч кимге кооптуулук жаратпастыгын, бирок анын кызыкчылыктарына коркунуч келтиргендерге көз жуумп койбостугун айткан.
https://sputnik.kg/20241115/chpu-rossiya-germaniya-sujl-shuu-sayasat-diplomatiya-1090215383.html
германия
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/16/1090337091_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_a621118078cf096b89c0eec37c813df0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, евробиримдик, германия, россия, согуш, даярдык, батыш, аскер, план
дүйнөдө, евробиримдик, германия, россия, согуш, даярдык, батыш, аскер, план
Германиянын Россия менен ири согушка даярданып жатканы айтылды
10:33 22.11.2024 (Жаңыртылды: 10:37 22.11.2024) Басылманын маалыматына караганда, Бундесвер компанияларды алдыдагы өзгөчө кырдаалга даярдай баштаган.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Германия 1000 беттен турган "Германиянын ыкчам операциялык планын" иштеп чыгып, Россия менен ири согушка даярдана баштады, анда жазылгандардын көбү жашыруун болууда. Бул туурасында немец ЖМКларына таянуу менен
РИА Новости билдирди.
"Документте аскердик себептерден улам өзгөчө коргоого муктаж болгон бардык имараттар жана инфраструктуралар тизмеленген... Анда (НАТОнун чыгыш флангында согуш чыгып кетсе — ред.) Германия он миңдеген адамдардын борборуна айланып, жүз миңдеген жоокер Чыгышка жөнөтүлүшү мүмкүн", — деп жазылган анда.
Басылманын маалыматына караганда, Бундесвер жакындан бери бул жашыруун пландын негизинде компанияларды алдыдагы өзгөчө кырдаалга даярдай баштады. Гамбург Федералдык мамлекетинин аймактык коргонуу башчысы Йорн Плишке немец компанияларынын өкүлдөрү менен жолукканда ар бир жүз кызматкердин кеминде бешөөсүн жүк ташыган автоунааларды айдоону үйрөтүүнү, дизель генераторлорду камдоону сунуштаган. Андан сырткары, кризистик кырдаалда жумушчулар үчүн алдын ала план түзүү туурасында да эскерткен.
Бундесвер бул планды толук түзүлүп бүттү деп эсептебей, толуктоолорго, кошумчалоо кылганга ачык деп атагандыгы айтылууда.
Өткөн кышта Bild таблоиди немец куралдуу күчтөрүнүн (Бундесвер) белгилүү бир "жашыруун документине" шилтеме кылып, авторлордун божомолуна ылайык, Россия НАТОнун чыгыш флангына кандайча кол салышы мүмкүнчүлүгү каралган "планын" жарыялаган. Германиянын Коргоо министрлиги ЖМКлардын жазганына ишке ашуу ыктымалдыгы аз болгон сценарийлерди карап чыгуу да аскер иштеринин күнүмдүк жасаган иштеринин бири деген мааниде түшүндүрмө берген. Ал эми РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова буга ирония менен комментарий жасаган.
Мурдараак БЕдин дипломатия башчысы Жозеп Боррель бир катар европалык саясатчылар менен аскер жетекчилердин Россия кол салышы мүмкүн деп дүрбөлөңгө түшкөнүн сындаган.
РФтин Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин Батыш Россия НАТОго кол салат делген планды жарыялап, Москваны альянс менен куралдуу түз кагылышуу мүмкүнчүлүгүн бетке кармап коркутууга аракет кылып жатканын айткан. Москваны атайын операциянын максаттарынан баш тартууга аргасыз кылабыз деп үмүттөнүп жатканын, бирок андай болбостугун белгилеген. Муну Батыштын маалыматтык согушу деп атаган.
Россия акыркы жылдары НАТОнун Батыш чектерде өтө активдешип жатканын айтып келет. Альянс демилгелерин көбөйтүп, анысын "Россиянын агрессиясын токтотуу" деп атап алган. Москва аталган аскердик уюмдун Европада күчүн арттырып жатканына тынчсыздануусун бир нече ирет билдирген. Кремль эч кимге кооптуулук жаратпастыгын, бирок анын кызыкчылыктарына коркунуч келтиргендерге көз жуумп койбостугун айткан.