https://sputnik.kg/20241205/ukraina-rossiya-menen-sujloshuugo-dayar-1090628102.html
ЖМК: үч жылдан берки согуштан жүдөгөн Украина Россия менен сүйлөшүүгө даяр
ЖМК: үч жылдан берки согуштан жүдөгөн Украина Россия менен сүйлөшүүгө даяр
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Украина үч жылдан бери уланып жаткан согуштук аракеттерден чарчап, Россия менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирүүнү мерчемдеп жатат... 05.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-05T15:22+0600
2024-12-05T15:22+0600
2024-12-05T15:23+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
атайын операция
аймак
шарт
сүйлөшүүлөр
владимир путин
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/0a/1080328651_0:323:3065:2047_1920x0_80_0_0_fbc5ac9de1ec3466a8be4fadc348ea99.jpg
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Украина үч жылдан бери уланып жаткан согуштук аракеттерден чарчап, Россия менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирүүнү мерчемдеп жатат. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасындагы макалага таянуу менен РИА Новости жазды.Автор өзүнүн маалымат булагына таянып Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен байланыш түзүү үчүн Вашингтонго барганын билдирди. Муну менен бирге басылма Зеленскийдин Украина НАТОго өтөт деген шарт менен айрым аймактарынан баш тартып сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтканын эске салган.Ал арада Bloomberg да өзүнүн ишенимдүү булактарына шилтеме берип НАТО мамлекеттери Брюсселдеги саммитте Киевге Москваны кандайдыр бир кадамдарга түртпөгөн коопсуздук кепилдигин берүүнүн варианттарын карашканын билдирди. Анын бири — делимитаризацияланган аймак түзүү.Бейшемби күнү РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Украина боюнча ортомчулук аракеттерди оң маанайда кабыл аларын билдирген.Ал эми өткөн жумада Россия президенти Москва буга чейин айткан шарттардын негизинде сүйлөшүүгө даяр экенин эскертти. Чырды жөнгө салуу сунушун өлкө башчы июнда ачыктаган болчу: ага ылайык Украина Куралдуу күчтөрү Россиянын жаңы региондорунан толугу менен чыгып кеткенден кийин Москва ок атууну дароо токтотуп, сүйлөшүүгө даярдыгын билдирет. Мындан тышкары, Киев НАТОго мүчө болуу ниетинен баш тартып, демилитаризация жасап, нейтралдуу, блоктон тышкаркы жана өзөктүк эмес макамын кабыл алышы кажет. Путин антироссиялык санкциялар да алынышы керектигин айткан.
https://sputnik.kg/20241204/batysh-zelenskiydi-kunoologongo-shyltoo-izdep-zhatat-1090609658.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/0a/1080328651_151:0:2880:2047_1920x0_80_0_0_ba01b3f75b45aa7f0f98d813ce351366.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, атайын операция, аймак, шарт, сүйлөшүүлөр, владимир путин
дүйнөдө, россия, украина, атайын операция, аймак, шарт, сүйлөшүүлөр, владимир путин
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Украина үч жылдан бери уланып жаткан согуштук аракеттерден чарчап, Россия менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирүүнү мерчемдеп жатат. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасындагы макалага таянуу менен
РИА Новости жазды.
"Дээрлик үч жылдан берки согуштан Украина чарчап, жүдөп бүттү. Эми Россия менен тынчтыкка келүүгө даяр экенин билдирмекчи", — деп жазылган материалда.
Автор өзүнүн маалымат булагына таянып Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен байланыш түзүү үчүн Вашингтонго барганын билдирди. Муну менен бирге басылма Зеленскийдин Украина НАТОго өтөт деген шарт менен айрым аймактарынан баш тартып сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтканын эске салган.
Ал арада Bloomberg да өзүнүн ишенимдүү булактарына шилтеме берип НАТО мамлекеттери Брюсселдеги саммитте Киевге Москваны кандайдыр бир кадамдарга түртпөгөн коопсуздук кепилдигин берүүнүн варианттарын карашканын билдирди. Анын бири — делимитаризацияланган аймак түзүү.
Бейшемби күнү РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Украина боюнча ортомчулук аракеттерди оң маанайда кабыл аларын билдирген.
Ал эми өткөн жумада Россия президенти Москва буга чейин айткан шарттардын негизинде сүйлөшүүгө даяр экенин эскертти. Чырды жөнгө салуу сунушун өлкө башчы июнда ачыктаган болчу: ага ылайык Украина Куралдуу күчтөрү Россиянын жаңы региондорунан толугу менен чыгып кеткенден кийин Москва ок атууну дароо токтотуп, сүйлөшүүгө даярдыгын билдирет. Мындан тышкары, Киев НАТОго мүчө болуу ниетинен баш тартып, демилитаризация жасап, нейтралдуу, блоктон тышкаркы жана өзөктүк эмес макамын кабыл алышы кажет. Путин антироссиялык санкциялар да алынышы керектигин айткан.