https://sputnik.kg/20241211/kyrgyzstan-zhalal-abad-akiykatchy-zombuluk-1090746660.html
Кичинекей кызын чыбык менен сабаган киши тил каттын негизинде бошотулган
Кичинекей кызын чыбык менен сабаган киши тил каттын негизинде бошотулган
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда кызын чыбык менен сабаган киши эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан... 11.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-11T16:35+0600
2024-12-11T16:35+0600
2024-12-11T17:53+0600
кыргызстан
жалал-абад
акыйкатчы
зомбулук
бала
https://sputnik.kg/img/104644/14/1046441433_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_932b544537a4ba4858c768a4ec215470.jpg
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда кызын чыбык менен сабаган киши эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.Белгилей кетсек, соцтармакта өз атасы беш жашар кызын сабап жаткан видео тараган. Анда кыздын апасы милицияга кайрылып, окуя 14-ноябрда болгонун, соцтармактарга 3-декабрда таркап кеткенин айткан.Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кыздан, анын апасы жана бир туугандарынан кабар алды. Кыздын апасынын айтымында, жолдошу ичип келип, секелек кызды чыбык менен чаап, видеого тартып, сыртка качып кеткен апасына жөнөткөн.Акыйкатчы балдарга карата жасалган кылмыш оорлоштурулган болуп саналарын эске салып, мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоого чакырган.
https://sputnik.kg/20241203/suzak-prokuratura-kylmysh-bala-bakcha-1090583407.html
жалал-абад
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104644/14/1046441433_181:0:2910:2047_1920x0_80_0_0_c0ac7b2f4d9e062e6f8e74bb587f348a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жалал-абад, акыйкатчы, зомбулук, бала
кыргызстан, жалал-абад, акыйкатчы, зомбулук, бала
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда кызын чыбык менен сабаган киши эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Белгилей кетсек, соцтармакта өз атасы беш жашар кызын сабап жаткан
видео тараган. Анда кыздын апасы милицияга кайрылып, окуя 14-ноябрда болгонун, соцтармактарга 3-декабрда таркап кеткенин айткан.
Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кыздан, анын апасы жана бир туугандарынан кабар алды. Кыздын апасынын айтымында, жолдошу ичип келип, секелек кызды чыбык менен чаап, видеого тартып, сыртка качып кеткен апасына жөнөткөн.
“Кызын сабап, видеого тартып алган 41 жаштагы жаран “Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо” беренеси менен кармалып, тергөө иштери жүрүүдө. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн токтомунун негизинде 5-декабрь күнү 41 жаштагы К.Т. эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган”, — деп жазылган маалыматта.
Акыйкатчы балдарга карата жасалган кылмыш оорлоштурулган болуп саналарын эске салып, мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоого чакырган.