https://sputnik.kg/20241213/kurmanbek-bakiyev-konstitutsiyalyk-sot-ukuk-1090792648.html
Конституциялык сот Курманбек Бакиевди коргогон адвокаттын өтүнүчүн карайт
Конституциялык сот Курманбек Бакиевди коргогон адвокаттын өтүнүчүн карайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгы боюнча өтүнүчтү карай турганын кабарлады. 13.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-13T10:32+0600
2024-12-13T10:32+0600
2024-12-13T10:41+0600
кыргызстан
курманбек бакиев
конституциялык сот
укук
https://sputnik.kg/img/07e7/01/12/1072144189_0:73:2281:1356_1920x0_80_0_0_a5fb0edcfc2f458596f549ccc613a292.jpg
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгы боюнча өтүнүчтү карай турганын кабарлады.Маалыматка ылайык, өтүнүчтү Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов келтирген. Анда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелеринин Конституцияга шайкештиги текшерилет.Конституциялык сот бул кайрылууну өндүрүшкө кабыл алып, алты ай ичинде чечим чыгарары кошумчаланган.Курманбек Бакиев 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Кийин сот аны, Мамлекеттик коргоо кызматынын башчыс Жаныш Бакиев жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду Акүйдүн алдында массалык ок атууга күнөөлүү деп таап өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок кийин Жогорку Сот 60тан ашкандарды өмүр бою абакка отургузуу жазасы колдонулбагандыктан Курманбек Бакиевдин жазасын өзгөртүп, 30 жылга кыскарткан.
https://sputnik.kg/20241122/kyrgyzstan-miyzam-sot-mamlekettik-kyzmat-1090341390.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/12/1072144189_13:0:2281:1701_1920x0_80_0_0_01bd7116d9d80e7a914fe3ea1c7f3677.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, курманбек бакиев, конституциялык сот, укук
кыргызстан, курманбек бакиев, конституциялык сот, укук
Конституциялык сот Курманбек Бакиевди коргогон адвокаттын өтүнүчүн карайт
10:32 13.12.2024 (Жаңыртылды: 10:41 13.12.2024) БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгы боюнча өтүнүчтү карай турганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, өтүнүчтү Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов келтирген. Анда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелеринин Конституцияга шайкештиги текшерилет.
"Айткулов тергөө органдарынын сырттан айып коюу жана айыптоо актысы менен ишти сотко жөнөтүү жол-жоболорунун жоктугу айыпталуучулардын укуктарын бузат деп эсептейт. Анын айтымында, бул жагдай тараптардын тең укуктуулугу принцибин жана сот адилеттигин камсыздоого тоскоолдук кылат. Кайрылууда субъектиси айыпталуучунун бардык соттук баскычтарга катышуу укугуна кепилдик берилиши керектигин белгиленип, талаш жараткан жаткан ченемдерди Конституцияга каршы келет деп таанууну өтүнөт", — деп жазылган маалыматта.
Конституциялык сот бул кайрылууну өндүрүшкө кабыл алып, алты ай ичинде чечим чыгарары кошумчаланган.
Курманбек Бакиев 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Кийин сот аны, Мамлекеттик коргоо кызматынын башчыс Жаныш Бакиев жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду Акүйдүн алдында массалык ок атууга күнөөлүү деп таап өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок кийин Жогорку Сот 60тан ашкандарды өмүр бою абакка отургузуу жазасы колдонулбагандыктан Курманбек Бакиевдин жазасын өзгөртүп,
30 жылга кыскарткан.
22 Жетинин айы 2024, 11:43