00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Таберик
Керемет үндүн ээси, мукам үндүү Керим...
17:11
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
ОГО!
Мёд, мэр и Минздрав: события недели, которые не оставили равнодушными
18:10
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Садыр Жапаров дем алыш күнү жубайы менен Ала-Арча паркында эс алды Президенттин иш башкармалыгы жарыялаган видеодон өлкө башчы менен канайым парктагы ресторанда түштөнүп, эс алуучулар менен маектешкенин көрүүгө болот. Тиешелүү мекемелердин кабарлашынча акыркы жылдары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы модернизацияланып, экотуризмдин заманбап борборуна айлантуу аракети көрүлүүдө. Бул өзгөрүүлөр президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен, президенттин Иш башкармалыгынын жетекчилиги астында ишке ашып жатканы кабарланды. Белгилей кетсек, паркта 1500 метр бийиктикте ресторан, эс алуу зоналары жана асма жолдун курулушу башталды. 1-майдан тарта автоунаалар паркка киргизилбей, элди электромобилдер ташыйт.
Туристтик сезондо Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош, айланма жол жана капчыгайларда жол эрежесин бузган айдоочулар дрондун жардамы менен аныкталат. Бул тууралуу ЖКККББ маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди. Анын айтымында, башкармалык мындай экспериментти өткөн жылы да жасап көргөн. "Былтыр пилоттук долбоор кылып Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда, Ош — Бишкек жолунда, айланма трассада дрон учуруп көргөнбүз. Жарым сааттын ичинде каршы тилкеге чыгып, катуу ылдамдык менен айдап жол эрежесин одоно бузган 30дай айдоочу аныкталган. Быйыл да ошол экспериментти колдонобуз. Туристтик мезгилде инспекторлор Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош, айланма жол жана капчыгайларда эреже бузгандарды дрондун жардамы менен аныктайт", — деген Байказы Айтикул уулу.
Конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарга шектелген Тилекмат Күрөңов Бириккен Араб Эмирликтеринен кармалып Кыргызстанга алып келингенин УКМК кабарлады.Шектүү эл аралык издөөгө алынган болчу. Атайын кызматтын маалыматында чет өлкөдө жүргөн Күрөңов социалдык тармактардагы аккаунттары аркылуу массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алууга чакырык жасап келгени айтылат. Учурда шектүүнүн Кыргызстандын аймагындагы жана чет мамлекеттердеги шериктерин аныктоо боюнча аракеттер көрүлүп жатканы белгиленди.
Президент Владимир Путин Пасха майрамынын урматына Россия согуштук аракеттерди токтоторун жарыялады. Бул тууралуу Россия лидери Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчиси Валерий Герасимовду кабыл алууда айтканын РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, Россия 19-апрель саат 18.00дөн тарта 21-апрель саат 00.00гө чейин бардык согуштук аракеттерди токтотот. Россия лидеринин жолугушууда Россия украин тарап да согуштук аракеттерди токтотот деген үмүттө экенин айтты. Ошондой эле өлкөнүн Куралдуу күчтөрү каршы тараптын жасалышы мүмкүн болгон бардык чабуулунун мизин кайтарууга даяр турушу керектигин белгиледи. Бул мезгил аралыгында Киев режиминин тынчтык орнотууга канчалык даяр экени көрүнөрун, Москва Вашингтондун жаңжалды соңуна чыгаруу аракетин жогору бааларын белгиледи. Кийин Россия лидери россиялык аскерлер согуш талаасында ийгиликтерге жетишип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0