https://sputnik.kg/20241226/1091082676.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы учак кырсыгынан 38 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ коңшу өлкөнүн соңку маалыматтарына таянып билдирди.Ага ылайык, учактагы 67 кишинин 29у аман... 26.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-26T11:00+0600
2024-12-26T11:00+0600
2024-12-26T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1a/1091082544_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_231127f73d5f796e6215028b36f9d5ff.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы учак кырсыгынан 38 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ коңшу өлкөнүн соңку маалыматтарына таянып билдирди.Ага ылайык, учактагы 67 кишинин 29у аман калып, түрдүү жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Учурда каза болгон адамдардын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.Казакстандын вице-премьери Канат Бозумбаев кырсыкты изилдөө үчүн мекеме аралык топ түзүлгөнүн, ага кирген тиешелүү эксперт-криминалисттер кырсыктын чоо-жайын аныктай турганын айтты. Ал белгилегендей, учурда кандайдыр бир бүтүм чыгаруу мүмкүн эмес.Эскерте кетсек, Кыргызстандын үч жараны учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан учакта жалпы 67 адам болгон. Алардын 37си Азербайжандын, 16сы Россиянын, алтоо Казакстандын, үчөө Кыргызстандын жараны, дагы беш экипаж мүчөсү болгон.
Россиянын Ленинград облусунда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейрасмий жолугушуусу өткөнүн президенттин маалымат кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, саммитке Россия лидери Владимир Путин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Беларусь башчысы Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын жетекчиси Шавкат Мирзиёев катышты. Анда Путин бул жылы КМШга төрагалык кылуучу өлкө катары Россиянын негизги аракеттери Евразия мейкиндигинде интеграцияны өнүктүрүүгө, шериктештиктин эл аралык аброюн бекемдөөгө, анын аткаруу органдарынын натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыздоого багытталганын белгилеген. Ошондой эле экономикалык алаканы тереңдетүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдү толук камсыз кылууга, соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө көңүл бурулганын айткан.Путин КМШ өлкөлөрү мындан ары да социалдык-экономикалык өнүктүрүү, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо маселелерин чечүүнүн үстүндө биргелешип иш алып барышарына ишенимин билдирген.
Кыргызстан Перс булуңунун алты өлкөсү үчүн 2025-жылдын 4-январынан тарта визасыз режим киргизет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, алар: Сауд Арабиясы; Бириккен Араб Эмирликтери; Катар; Кувейт; Оман; Бахрейн Аталган өлкөлөрдөн келген туристтер Кыргызстандын аймагында 180 күн уруксат берүүчү документтерди албастан жүрө алат. Башка максат менен кирген учурда виза талап кылынат. Бул чаралар туристтик агымды жана инвестициялык, ишкердик шарттарды жакшыртууга багытталганы айтылды.
Германиянын аймагында Украинанын коопсуздугун камсыздоого колдоо көрсөтүү үчүн НАТО борборунун ачылышы альянстын Украина армиясын эле эмес, террордук режимди колдоого түздөн-түз катышуусун билдирет. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды. ЖМКлар үчүн брифингде Захарова НАТО бул борбордун ишке киргенин буга чейин жарыялаганын белгиледи.Анын айтымында, борбор Киевге Батыш берген бардык аскердик жардамды координациялайт. Анын ичине курал-жарактардын жеткирилиши жана украин аскер кызматкерлерин окутуу да кирет. Ошентсе да альянс жаңжалга кийлигишип жатканын танууда. Захарова НАТОнун Украинадагы чыр-чатакка салымы барган сайын тереңдеп жатканын кошумчалады.
Казакстандагы учак кырсыгынан 38 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ коңшу өлкөнүн соңку маалыматтарына таянып билдирди.Ага ылайык, учактагы 67 кишинин 29у аман калып, түрдүү жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Учурда каза болгон адамдардын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.Казакстандын вице-премьери Канат Бозумбаев кырсыкты изилдөө үчүн мекеме аралык топ түзүлгөнүн, ага кирген тиешелүү эксперт-криминалисттер кырсыктын чоо-жайын аныктай турганын айтты. Ал белгилегендей, учурда кандайдыр бир бүтүм чыгаруу мүмкүн эмес.Эскерте кетсек, Кыргызстандын үч жараны учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан учакта жалпы 67 адам болгон. Алардын 37си Азербайжандын, 16сы Россиянын, алтоо Казакстандын, үчөө Кыргызстандын жараны, дагы беш экипаж мүчөсү болгон.Россиянын Ленинград облусунда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейрасмий жолугушуусу өткөнүн президенттин маалымат кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, саммитке Россия лидери Владимир Путин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Беларусь башчысы Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын жетекчиси Шавкат Мирзиёев катышты. Анда Путин бул жылы КМШга төрагалык кылуучу өлкө катары Россиянын негизги аракеттери Евразия мейкиндигинде интеграцияны өнүктүрүүгө, шериктештиктин эл аралык аброюн бекемдөөгө, анын аткаруу органдарынын натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыздоого багытталганын белгилеген. Ошондой эле экономикалык алаканы тереңдетүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдү толук камсыз кылууга, соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө көңүл бурулганын айткан.Путин КМШ өлкөлөрү мындан ары да социалдык-экономикалык өнүктүрүү, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо маселелерин чечүүнүн үстүндө биргелешип иш алып барышарына ишенимин билдирген. Кыргызстан Перс булуңунун алты өлкөсү үчүн 2025-жылдын 4-январынан тарта визасыз режим киргизет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, алар: Сауд Арабиясы; Бириккен Араб Эмирликтери; Катар; Кувейт; Оман; Бахрейн Аталган өлкөлөрдөн келген туристтер Кыргызстандын аймагында 180 күн уруксат берүүчү документтерди албастан жүрө алат. Башка максат менен кирген учурда виза талап кылынат. Бул чаралар туристтик агымды жана инвестициялык, ишкердик шарттарды жакшыртууга багытталганы айтылды.Германиянын аймагында Украинанын коопсуздугун камсыздоого колдоо көрсөтүү үчүн НАТО борборунун ачылышы альянстын Украина армиясын эле эмес, террордук режимди колдоого түздөн-түз катышуусун билдирет. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды. ЖМКлар үчүн брифингде Захарова НАТО бул борбордун ишке киргенин буга чейин жарыялаганын белгиледи.Анын айтымында, борбор Киевге Батыш берген бардык аскердик жардамды координациялайт. Анын ичине курал-жарактардын жеткирилиши жана украин аскер кызматкерлерин окутуу да кирет. Ошентсе да альянс жаңжалга кийлигишип жатканын танууда. Захарова НАТОнун Украинадагы чыр-чатакка салымы барган сайын тереңдеп жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1a/1091082544_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a3ae60ef3cb5dd8132627f079a76eeac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио