00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Спички и Транспортир
14:04
42 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Таберик
17:05
25 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды турак жайларын камсыздандырууга чакырды. Анын айтымында, айыл жериндеги турак жайларды камсыздандыруунун баасы бир жылга 618 сом. Ошондой эле эгерде жаратылыш кырсыктарынан турак жай жабыркап, чыгымга учураса, анда камсыздандырылган турак жайга – мамлекеттик камсыздандыруу уюму 500 миң сомго чейин чыгымдын ордун толтуруп берерин билдирди. “Шаардагы турак-жайды камсыздандыруу бир жылга 1236 сом болот, эгерде турак жай жабыркап, үй ээси чыгымга учураса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 1 млн сомго чейин чыгымын жаап берет”, - деди Орунбеков.
Кыргызстанда уйлар көп сүт бере баштаганын Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеме 2019-жылдан 2023-жылга чейин бир уй жылына орто эсеп менен канча сүт бергенин аныктаган. Ушул убакыт аралыгында сүт алуунун көлөмү 20 килограммга жогорулап, 2 миң 22 килограммды түзгөн. Буга чейин Курултайда президент өнүккөн өлкөлөрдө 5-10 литр сүт берген уйду эч ким бакпай турганын, кеминде 20 литр сүт берген асыл тукум уйларды көбөйтүү керек экенин айткан.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу түрдө жүрүп жаткан иштерди текшерди. Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен бирге алгач Аламүдүн дарыясына барды. Маалыматта айтылгандай, танкы саат алтыдан баштап жер-жерлерге шаардык кызматтардын 30 даана экскаваторлору жана 55 HOWO самосвалдары тартылып иштеп жатат. Жалпысынан 85 бирдик техника иш алып барууда. Дарыялардын нугун тазалоо иштерине биринчи жолу бардык муниципалдык ишканалардын, катышуусунда өтүүдө. Аламүдүн дарыясынын узундугу 15 чакырым. Бишкекте келечекте шаар тургундарынын эс алуусу үчүн дарыялардын жанындагы аймактарды жакшыртуу пландалууда. Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нугун механикалык тазалоо иштери мэрдин тапшырмасы менен 2024-жылдын жай айларында калктын коопсуздугун камсыздоо жана кыш мезгилинде ылай тыгындарын алдын алуу максатында башталган.
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Украина “Батыштын авантюрасы" үчүн жеринен айрыла турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, мындан тышкары өлкөгө чет элдик аскерлер кирет. Фицо Киев өлкөнү кыйнап, ал аз келгенсип Украинанын сүйлөшүү мүмкүнчүлүктөрү күн сайын начарлап жатканын айтты. "Украина "Батыш авантюрасы" үчүн аймактарынан айрылып, өлкөсүнө чет элдик аскерлердин киришине макул болууга мажбур болот" — деп билдирди ал. Буга чейин Фицо Украина жаңжалдын натыйжасында аймагынын үчтөн бир бөлүгүн жоготушу мүмкүн экенин айткан. Анын пикиринде, Украина НАТОго чакыруу да албайт. Роберт Фицо Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө каршы экенин бир нече жолу билдирген. Ал бул өлкөнүн НАТОго мүчө болушун колдобой турганын жана бул маселеде вето укугун колдоно турганын белгилеген. Мындан тышкары, Фицо Братислава менен Москва ортосунда жакшы мамиле куруу маанилүү экенин айтып, бул багытта аракеттерди көрүүгө убада берген. Ал эки өлкө ортосундагы диалог зарыл экенин жана Украинадагы жаңжалдан улам Россияны "жокко чыгаруу" туура эместигин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0