https://sputnik.kg/20250102/ukraina-rossiya-sogush-zhooker-asker-1091221638.html
Россиянын аскерлери каршылыксыз Украина аймактарын ээлеп жатканы айтылды
Россиянын аскерлери каршылыксыз Украина аймактарын ээлеп жатканы айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Россиялык аскерлер украиндерден каршылык көрбөй эле калктуу конуштарды бошотуп жатат. Бул тууралуу украиналык "Цензор.нет"... 02.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-02T21:34+0600
2025-01-02T21:34+0600
2025-01-02T21:34+0600
дүйнөдө
россия
атайын операция
украина
согуш
коргоо министрлиги
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1c/1090486580_0:156:3090:1894_1920x0_80_0_0_fb32f3c8b166e6e4934518af164a83d3.jpg
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Россиялык аскерлер украиндерден каршылык көрбөй эле калктуу конуштарды бошотуп жатат. Бул тууралуу украиналык "Цензор.нет" басылмасынын башкы редактору Юрий Бутусов жазганын РИА Новости билдирди. РФ армиясы көчө салгылашууларына аралашпай, ийгиликтүү алдыга жылып жатканы белгиленди.Бутусов муну Украина Куралдуу күчтөрүнүн коргонуу чийиндеринин жоктугу жана россиялык күчтөрдүн жаңы тактикасы менен түшүндүрдү.“Бул шаарлар (Новогродовка жана Селидово. — Ред.) коргонууга даяр эмес болчу, алар коргонуу чийиндер менен бекемделген эмес”, — деди Бутусов.Жаңы жыл түнү россиялык аскерлер Кураховодогу өнөр жай аймагында тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Шаар 31-декабрда саат 15:30да көзөмөлгө алынган.Шейшембиде Россиянын Коргоо министрлиги Түштүк аскердик топтун бөлүктөрү бир катар калктуу конуштарда, анын ичинде Кураховодо ыңгайлуу позицияларды ээлеп, Украина Куралдуу күчтөрүнө сокку урганын маалымдаган. Каршылаш 290дан ашык аскерин жана эки БМПсын жоготкон.
https://sputnik.kg/20250101/-vladimir-zelenskij-kural-zharak-korrupciya-atajyn-operaciya-1091211574.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1c/1090486580_180:0:2911:2048_1920x0_80_0_0_2c8c3b603fe02b51b9816c76e6a306b9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, атайын операция, украина, согуш, коргоо министрлиги
дүйнөдө, россия, атайын операция, украина, согуш, коргоо министрлиги
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Россиялык аскерлер украиндерден каршылык көрбөй эле калктуу конуштарды бошотуп жатат. Бул тууралуу украиналык "Цензор.нет" басылмасынын башкы редактору Юрий Бутусов жазганын
РИА Новости билдирди.
РФ армиясы көчө салгылашууларына аралашпай, ийгиликтүү алдыга жылып жатканы белгиленди.
“(Россиянын Куралдуу күчтөрү. — ред.) 2024-жылы бир катар калктуу конуштарды дээрлик каршылыксыз ээлеп алышты”, — деп нааразы болгон журналист.
Бутусов муну Украина Куралдуу күчтөрүнүн коргонуу чийиндеринин жоктугу жана россиялык күчтөрдүн жаңы тактикасы менен түшүндүрдү.
“Бул шаарлар (Новогродовка жана Селидово. — Ред.) коргонууга даяр эмес болчу, алар коргонуу чийиндер менен бекемделген эмес”, — деди Бутусов.
Жаңы жыл түнү россиялык аскерлер Кураховодогу өнөр жай аймагында тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Шаар 31-декабрда саат 15:30да көзөмөлгө алынган.
Шейшембиде Россиянын Коргоо министрлиги Түштүк аскердик топтун бөлүктөрү бир катар калктуу конуштарда, анын ичинде Кураховодо ыңгайлуу позицияларды ээлеп, Украина Куралдуу күчтөрүнө сокку урганын маалымдаган. Каршылаш 290дан ашык аскерин жана эки БМПсын жоготкон.