https://sputnik.kg/20250115/bishkek-infrastruktura-tygyn-kurulush-1091431677.html
ЦУМдун көчөсүнө жер алдындагы өтмөк менен унаа токтотуучу жай курулат
ЦУМдун көчөсүнө жер алдындагы өтмөк менен унаа токтотуучу жай курулат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектин Чүй проспекти менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине жер алдынан өтүүчү өтмөк жана унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу... 15.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-15T16:05+0600
2025-01-15T16:05+0600
2025-01-15T16:05+0600
кыргызстан
бишкек
инфраструктура
тыгын
курулуш
видео
https://sputnik.kg/img/07e7/01/0b/1071929714_0:174:3072:1902_1920x0_80_0_0_dd2313a41da0d33104fd6a139028fd7f.jpg
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектин Чүй проспекти менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине жер алдынан өтүүчү өтмөк жана унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.Маалыматка ылайык, курулуш быйыл мартта башталып, жер өтмөк Байтик баатыр көчөсүнө чейин болмокчу.2 миллиард сомго бааланган долбоорду экс-мэр Нариман Түлеевдин "Ташболот Холдинг" компаниясы каржылай турган болду. Мэрия жерди аларга 49 жылга ижарага берген.Долбоор адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, тыгындарды азайтуу, борбордук көчөлөрдөгү унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздигин чечүү, жайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү максатын көздөй турганы кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20250114/marlen-mamataliyev-tygyn-bishkek-toktom-1091409040.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/0b/1071929714_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_399b5b510cfc981559b1a4691ea52409.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, инфраструктура, тыгын, курулуш, видео
кыргызстан, бишкек, инфраструктура, тыгын, курулуш, видео
ЦУМдун көчөсүнө жер алдындагы өтмөк менен унаа токтотуучу жай курулат
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектин Чүй проспекти менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине жер алдынан өтүүчү өтмөк жана унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш быйыл мартта башталып, жер өтмөк Байтик баатыр көчөсүнө чейин болмокчу.
2 миллиард сомго бааланган долбоорду экс-мэр Нариман Түлеевдин "Ташболот Холдинг" компаниясы каржылай турган болду. Мэрия жерди аларга 49 жылга ижарага берген.
"Курулуш иштери 1,5-2 жылга созулат. Ошол учурда жана объект ишке кирсе кошумча жумуш орундары түзүлөт. Унаа токтотуучу жай 220 орунга ылайыкталган", — деп айтылат маалыматта.
Долбоор адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, тыгындарды азайтуу, борбордук көчөлөрдөгү унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздигин чечүү, жайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү максатын көздөй турганы кошумчаланды.