00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Хирургиянын малоинвазивдик методдор
15:05
43 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева ординаторлор менен жаш дарыгерлер убадаланган акчаны ала албай жатышканын билдирди. Ага Ош мамлекеттик университетинин интерндери сентябрдан баштап 20 миң сомдон берилчү төлөмдөр токтоп калганын айтып, көйгөйдү министрлер кабинетинин төрагасына жеткирүүнү суранышкан. Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ординаторлоруна да бул төлөмдөр токтоп калган. "Министр саламаттыкты сактоо тармагындагы төлөмдөр тууралуу телекөрсөтүүдө мактанган, эми болсо төлөбөй жатат. Жаштарды алдабаш керек", – деди Сурабалдиева. Ал ошондой эле жаш дарыгерлерге министр убада кылган кошумча төлөмдөр да берилбей жатканын кошумчалады.
2024-жылдын 9 айында Кыргызстанга 3 млн 280 миң турист келген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Бул убакытта Кыргызстанга келген туристтер 807 млн доллар коротушкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,1 пайызга көп. Ал эми кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эс алууга тогуз айда 427 млн доллар сарпташкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга, башкача айтканда, 20 млн долларга өскөн. Статкомдон белгилешкендей, 2023-жылы Кыргызстанга 2 млн 864,2 миң турист келген.
Канттагы жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 28 миң 143 чарчы метр аянтка жайгашкан Кант шаардык автостанциясы мамлекетке кайтарылды. 1996-жылы айрым үлүштүк катышуучулары бар "Каниет" ачык акционердик коомунун жетекчилиги Кант шаарындагы автостанцияны мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган, анда мамлекеттин үлүшү 39,25 пайызды түзгөн. Бирок, менчиктештирилген учурдан тартып кандайдыр бир дивиденддер мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында «Каниет» ачык акционердик коому өз ыктыяры менен Кант шаардык мэриясынын балансына сметалык баасы 800 млн 908 миң сомду түзгөн жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананы өткөрүп берген. Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.
Бишкек Шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу Кайгуул кызматынын төрт инспектору пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, алар автоунааларды айып короодон алып чыгууда жасалма тоскоолдуктарды түзүп, ишти эртелетүү үчүн акча берүүгө мажбур кылышкан.14-январда шектүүлөрдүн кызматтык бөлмөлөрү тинтүүгө алынып, факт боюнча кылмыш иши козголгон. Иш-чаранын жыйынтыгында 4 инспектор кармалган. Алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 89 сом 73 тыйынга рубль 86 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 61 сом 90 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 90 тыйындан 72 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 69 сом 90 тыйындан, 71 сом 40 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 16-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бейшембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көлдө 0...+5 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -3...-8 градусту көрсөтөт. Ал эми Бишкек жана Ош шаарында +4…+6, градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0