00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Можно ли запретить себе брать кредит? В Нацбанке обсуждают новый механизм по опыту других стран ЕАЭС
12:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргыз театрынын келкели келдиби — жаңы спектаклдер, жанрлар, жаш актерлор
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Деньги в долг: когда можно не возвращать? Советы юрист
14:05
31 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россия 2024-2030-жылдарга Кыргызстандагы уулу калдыктарды тазалоого каражат бөлдү
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Исчезающие виды: чем мы вредим природе Кыргызстана, даже не зная этого?
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исатбек кызы: Маселе көтөрсөң министрлер “жаш депутат” деп тоготпой койгон учурлар болду
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Протекционизм учурдагы дүйнөлүк экономикага керекпи?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Деньги в долг: когда можно не возвращать? Советы юрист
20:06
31 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россия 2024-2030-жылдарга Кыргызстандагы уулу калдыктарды тазалоого каражат бөлдү
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өлкөдө жыл сайын турмуштук оор кырдаалга кабылган 6 миңдей бала аныкталат

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев. Архив
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2025
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев балдардын муктаждыгына жараша кам көрүлөрүн айтты.
Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптуу колдоого алуу үчүн соцкызматкерлердин 550 штаты ачылды. Министрликте алардын аткара турган иши, максаттары, квалификациялык талаптары жана окутуулары жөнүндө жобо иштелип чыкканын Бакыт Тодогелдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Өлкөдө жыл сайын турмуштук оор кырдаалга кабылган 6 миңдей бала аныкталат
Анын айтымында, буга чейин балдарды колдоо үчүн соцкызматкерлер болгон эмес.
"Республика боюнча жер-жерлерде аймактык социалдык өнүктүрүү башкармалыктары бар. Анын ичинде балдарды коргоо боюнча атайын бир бөлүм иш алып барат. Жалпы 198 гана мамлекеттик кызматкер балдардын маселеси менен иштешчү, атайын соцкызматкерлер болгон эмес. Балдарга тиешелүү бардык функцияны мамлекеттик кызматкерлер аткарып келген. Үй-бүлөдө көйгөйлөр ар кандай болгондуктан ар бир бала менен жекече иштеп, анын муктаждыгына жараша кам көрүлөт. Окшош кызмат берүү менен чектелбейбиз. Кээ бир учурда резонанс жараткан окуялар кызматкерлердин тартыштыгынан улам үстүртөн каралып калат. Ошондуктан коомчулукта сын пикирлер көп айтылат. Биз туура кабыл алабыз. Анткени балдарды ар тараптуу колдоп, муктаждыгын чечүү үчүн кадрдын жетишсиздиги көйгөй эле. Мына ушулар эске алынып, бүгүнкү күндө балдар үчүн соцкызматкерлердин штаты ачылды. Эми учурда кылып жаткан иштерибиз азыркыдан эки эсе жакшырат деген үмүттөбүз. Бул үчүн министрлик атайын жобо иштеп чыкты. Ага ылайык, социалдык менен мамлекеттик кызматкерлердин айырмасы болот. Соцкызматкерлер турмуштук оор кырдаалга кабылган баланы таап, муктаждыктарын аныктайт жана тишелүү документтерин топтойт. Ал эми мамкызматкерлер топтолгон маалыматтын негизинде корутунду даярдап, бала менен иштөө планын түзүп, кайрадан социалдык кызматкерге өткөрүп берет. Жобо ушул жуманын ичинде коомдук талкууга чыгарылат. Кызыккандардын баары сунуш берип, пикирин калтырса болот" , — деди Тодогелдиев.
Ал ошондой эле жыл сайын республика боюнча турмуштук оор кырдаалга кабылган 6 миңге жакын бала аныкталарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0