https://sputnik.kg/20250214/rossiyany-g8-kuramynan-chygaryp-obama-chon-kata-ketirgen-1092056868.html
Трамп: Россияны G8 курамынан чыгарып Обама чоң ката кетирген
Трамп: Россияны G8 курамынан чыгарып Обама чоң ката кетирген
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. "Чоң сегиздиктин" курамынан Россияны чыгаруу АКШнын экс-президенти Барак Обаманын чоң катасы болгон. Бул тууралуу Американын... 14.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-14T09:37+0600
2025-02-14T09:37+0600
2025-02-14T09:42+0600
дүйнөдө
акш
россия
дональд трамп
чоң жетилик
крым
барак обама
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0e/1092057493_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_c3434e7b8ba51651a6dc93b3d4f7d2fa.jpg
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. "Чоң сегиздиктин" курамынан Россияны чыгаруу АКШнын экс-президенти Барак Обаманын чоң катасы болгон. Бул тууралуу Американын учурдагы өлкө башчысы Дональд Трамп Ак үйдөн айтканын РИА Новости жазды.Трамптын айтымында, Россиянын орду болушу керек, анткени "Чоң жетиликте" көбүнесе Россия тууралуу гана сөз болот."Менимче, Путин кайтууну кааламак", — деди өлкө башчы."Чоң сегиздик" 1997-2014-жылдары иштеген алдыңкы мамлекеттердин эл аралык форуму болчу. Анын курамын Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Россия, АКШ, Франция жана Япония түзүп келген. Топ Россия 1997-жылы "Чоң жетиликтин" жыйынына катышуу үчүн чакырылгандан кийин куралган, бирок 2014-жылы Крым РФ курамына өткөндөн кийин Москваны форумга катышуудан четтетип коюшкан.
https://sputnik.kg/20250213/putindi-akshga-chakyruu-ukrainada-shajloo-otkoruu-tramp-1092030216.html
акш
крым
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0e/1092057493_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_d2c0521fd4a21a52cd4414016bb12aed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, дональд трамп, чоң жетилик, крым, барак обама
дүйнөдө, акш, россия, дональд трамп, чоң жетилик, крым, барак обама
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. "Чоң сегиздиктин" курамынан Россияны чыгаруу АКШнын экс-президенти Барак Обаманын чоң катасы болгон. Бул тууралуу Американын учурдагы өлкө башчысы Дональд Трамп Ак үйдөн айтканын
РИА Новости жазды.
"Обама жана дагы бир эки-үч киши Россияны чыгарып жаңылышкан", — деген президент.
Трамптын айтымында, Россиянын орду болушу керек, анткени "Чоң жетиликте" көбүнесе Россия тууралуу гана сөз болот.
"Менимче, Путин кайтууну кааламак", — деди өлкө башчы.
"Чоң сегиздик" 1997-2014-жылдары иштеген алдыңкы мамлекеттердин эл аралык форуму болчу. Анын курамын Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Россия, АКШ, Франция жана Япония түзүп келген. Топ Россия 1997-жылы "Чоң жетиликтин" жыйынына катышуу үчүн чакырылгандан кийин куралган, бирок 2014-жылы Крым РФ курамына өткөндөн кийин Москваны форумга катышуудан четтетип коюшкан.