https://sputnik.kg/20250213/putindi-akshga-chakyruu-ukrainada-shajloo-otkoruu-tramp-1092030216.html
Путинди АКШга чакыруу, Украинада шайлоо өткөрүү. Трамптын маанилүү билдирүүсү
Путинди АКШга чакыруу, Украинада шайлоо өткөрүү. Трамптын маанилүү билдирүүсү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путиндин АКШга келишин күтөт. Бул тууралуу ал журналисттер менен сүйлөшүп жатып... 13.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-13T09:51+0600
2025-02-13T09:51+0600
2025-02-13T09:52+0600
дүйнөдө
россия
акш
дональд трамп
владимир путин
украина
жакынкы чыгыш
саясат
шайлоо
чек ара
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092029805_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_a724b4c4c7507a0120fb9893d14476eb.jpg
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путиндин АКШга келишин күтөт. Бул тууралуу ал журналисттер менен сүйлөшүп жатып айтканын РИА Новости кабарлады.Эскерте кетсек, буга чейин Трамп Путин менен сүйлөшкөнүн билдирген. Лидерлер 1,5 сааттай баарлашканы, Жакынкы Чыгыш жана Украина баштаган маанилүү маселелер талкууланганы кечээ белгилүү болду. АКШ жетекчиси мындан башка да көйгөйлөргө токтолушканын журналисттер менен маектешип жатып айткан.Өлкө башчы Украинага барам деп убада бербегенин белгиледи.Мындан тышкары, Трамп Украинадан буга чейин бөлүнгөн акчанын кайтарылышын кепилдеген документти күтүп жатканын белгилеген. Эскерте кетсек, ал буга чейин Киевдин сейрек кездешүүчү металлдарына кызыгуусун билдирген болчу.Муну менен катар Трамп Украинада шайлоо өтүшү керектигине токтолгон. Ал россиялык кесиптеши Владимир Путинден Украинадагы кырдаалды туруктуу негизде жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу сөзүн укканын, мындан улам шайлоо өтүшү керектигин айтты.Ошону менен бирге Трамп Украинанын 2014-жылдагы чек арасына кайтышы күмөн экенин белгиледи."Алар (Россия — ред.) көп аймакты ээлешти, жер үчүн кан төгүштү, канча деген жоокеринен ажырады. Менимче, ал чектерге кайтуу эми мүмкүн эмес", — деди АКШ президенти.Трамп өз сөзүндө Украинадагы жаңжал жакынкы келечекте соңуна чыгат деген ишенимин билдирди.
https://sputnik.kg/20250212/rossiya-aksh-ukraina-sogush-atajyn-operaciya-1092025962.html
акш
украина
жакынкы чыгыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092029805_380:245:2783:2048_1920x0_80_0_0_283f6c94ba64ee92b91a44ab922d6f5f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, дональд трамп, владимир путин, украина, жакынкы чыгыш, саясат, шайлоо, чек ара
дүйнөдө, россия, акш, дональд трамп, владимир путин, украина, жакынкы чыгыш, саясат, шайлоо, чек ара
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путиндин АКШга келишин күтөт. Бул тууралуу ал журналисттер менен сүйлөшүп жатып айтканын
РИА Новости кабарлады.
Эскерте кетсек, буга чейин Трамп Путин менен сүйлөшкөнүн билдирген. Лидерлер 1,5 сааттай баарлашканы, Жакынкы Чыгыш жана Украина баштаган маанилүү маселелер талкууланганы
кечээ белгилүү болду. АКШ жетекчиси мындан башка да көйгөйлөргө токтолушканын журналисттер менен маектешип жатып айткан.
"Президент Путин менен негизинен телефон аркылуу байланышып турабыз, бирок акыры көзмө-көз жолугушубуз керек. Ал бул жакка келет, мен тиги жакка барам. Менимче, биринчи жолугушуубуз Сауд Арабиясында өтөт", — деген Трамп.
Өлкө башчы Украинага барам деп убада бербегенин белгиледи.
Мындан тышкары, Трамп Украинадан буга чейин бөлүнгөн акчанын кайтарылышын кепилдеген документти
күтүп жатканын белгилеген. Эскерте кетсек, ал буга чейин Киевдин сейрек кездешүүчү металлдарына кызыгуусун билдирген болчу.
Муну менен катар Трамп Украинада шайлоо өтүшү керектигине токтолгон. Ал россиялык кесиптеши Владимир Путинден Украинадагы кырдаалды туруктуу негизде жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу сөзүн укканын, мындан улам шайлоо өтүшү
керектигин айтты.
Ошону менен бирге Трамп Украинанын 2014-жылдагы чек арасына кайтышы
күмөн экенин белгиледи.
"Алар (Россия — ред.) көп аймакты ээлешти, жер үчүн кан төгүштү, канча деген жоокеринен ажырады. Менимче, ал чектерге кайтуу эми мүмкүн эмес", — деди АКШ президенти.
Трамп өз сөзүндө Украинадагы жаңжал жакынкы келечекте соңуна чыгат деген ишенимин билдирди.