https://sputnik.kg/20250227/1092324958.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети 1,7 миллиард доллар еврооблигация чыгарууну көздөп жатат. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Жогорку Кеңеште... 27.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-27T11:00+0600
2025-02-27T11:00+0600
2025-02-27T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1b/1092324826_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dddf8225ca255ffc1857e96b89ed670a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети 1,7 миллиард доллар еврооблигация чыгарууну көздөп жатат. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Жогорку Кеңеште билдирди. Ал парламентте өкмөттүн тиешелүү тескемеси боюнча баяндама жасады. "Финансы министрлиги 1 миллиард 700 миллион доллар еврооблигация чыгарууну пландаштырууда. Жүгүртүү мөөнөтү 10 жылга чейин жана ар кандай валютада болот", — деди Аманбаев. Каражат энергетика тармагына жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго жумшалары белгиленди.
Легалдаштырылган унааны кожоюнунан башкага берүүгө тыюу салынат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, эрежени бузгандарга миң сом айып салуу каралууда. Мыйзам долбоорун сунуштап жаткан ИИМ аталган норма "дагы мунапыс берилет" деген үмүт менен каттоого алынбаган унааларды ташып келүүнү алдын аларын белгилеген. Эске салсак, оң рулдуу унаалар 1-марттан тарта этап-этабы менен мыйзамдаштырылат. Легалдаштыруу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келген унааларга тиешелүү. Баасы 100 миң сом болушу мүмкүн экени айтылган.
Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн жол кире төлөөсүн текшерүү боюнча рейд жүрүүдө. Мэриядан билдиришкендей, иш-чара Транспорт жана жол-транспорттук инфрастүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү, милиция кызматкерлери жана «Тулпар» бирдиктүү картасынын адистери менен биргеликте өтүүдө. Рейд учурунда жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөн-төлөбөгөнү текшерилип, эгерде жол кире төлөбөй койгон фактылар аныкталса, жүргүнчүлөр айыпка жыгылат. Эскерте кетсек, "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүмүнө ылайык, муниципалдык коомдук транспортто жол кире жана жүктүн акысын төлөбөө, ошондой эле коомдук транспортту колдонуу эрежелерин бузгандарга 1000 сом өлчөмүндө айып салынат. "Урматтуу шаар тургундары жана жүргүнчүлөрү! Жол кирени накталай төлөм менен эмес, карта же QR-код аркылуу төлөөңүздөрдү өтүнөбүз. Эгерде накталай төлөсөңүздөр, сөзсүз түрдө талон алыңыздар",-деп айтылат маалыматта.
Россия өткөн жылы жакынкы өлкөлөр менен соода алакасынын көлөмүн рекорддук көрсөткүчкө, тагыраагы, 66,3 миллиард долларга көтөргөн. Бул пайыз менен алганда 15,5% болгонун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды. Бул жаатта негизги өнөктөш Казакстан, Армения жана Өзбекстан болгону статистикалык маалыматтарда айтылды. Эгер сандар менен ала турган болсок, көрсөткүч мындай: Казакстан менен 27,8 миллиард доллар, бул 2,8 пайызды түзгөн; Армения менен 12,6 миллиард доллар, товар алмашуу 1,7 эсеге көтөрүлгөн; Өзбекстан менен 11,6 миллиард доллар, тагыраагы 17,2 пайызга өскөн. Муну менен катар эле Россия менен Азербайжандын ортосундагы товар алмашуу 4,8 миллиард болгон. Ал эми коңшулардын ичинен Кыргызстан бешинчи орунга чыкты, тагыраагы, бул жааттагы көрсөткүч 3,2 миллиарддын тегерегинде экени айтылды. Эң соңку орунду Грузия камсыздап, көрсөткүч 2,5 миллиард долларга чамалап, 4 пайыз болгон.
Министрлер кабинети 1,7 миллиард доллар еврооблигация чыгарууну көздөп жатат. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Жогорку Кеңеште билдирди. Ал парламентте өкмөттүн тиешелүү тескемеси боюнча баяндама жасады. "Финансы министрлиги 1 миллиард 700 миллион доллар еврооблигация чыгарууну пландаштырууда. Жүгүртүү мөөнөтү 10 жылга чейин жана ар кандай валютада болот", — деди Аманбаев. Каражат энергетика тармагына жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго жумшалары белгиленди. Легалдаштырылган унааны кожоюнунан башкага берүүгө тыюу салынат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, эрежени бузгандарга миң сом айып салуу каралууда. Мыйзам долбоорун сунуштап жаткан ИИМ аталган норма "дагы мунапыс берилет" деген үмүт менен каттоого алынбаган унааларды ташып келүүнү алдын аларын белгилеген. Эске салсак, оң рулдуу унаалар 1-марттан тарта этап-этабы менен мыйзамдаштырылат. Легалдаштыруу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келген унааларга тиешелүү. Баасы 100 миң сом болушу мүмкүн экени айтылган.Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн жол кире төлөөсүн текшерүү боюнча рейд жүрүүдө. Мэриядан билдиришкендей, иш-чара Транспорт жана жол-транспорттук инфрастүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү, милиция кызматкерлери жана «Тулпар» бирдиктүү картасынын адистери менен биргеликте өтүүдө. Рейд учурунда жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөн-төлөбөгөнү текшерилип, эгерде жол кире төлөбөй койгон фактылар аныкталса, жүргүнчүлөр айыпка жыгылат. Эскерте кетсек, "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүмүнө ылайык, муниципалдык коомдук транспортто жол кире жана жүктүн акысын төлөбөө, ошондой эле коомдук транспортту колдонуу эрежелерин бузгандарга 1000 сом өлчөмүндө айып салынат. "Урматтуу шаар тургундары жана жүргүнчүлөрү! Жол кирени накталай төлөм менен эмес, карта же QR-код аркылуу төлөөңүздөрдү өтүнөбүз. Эгерде накталай төлөсөңүздөр, сөзсүз түрдө талон алыңыздар",-деп айтылат маалыматта.Россия өткөн жылы жакынкы өлкөлөр менен соода алакасынын көлөмүн рекорддук көрсөткүчкө, тагыраагы, 66,3 миллиард долларга көтөргөн. Бул пайыз менен алганда 15,5% болгонун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды. Бул жаатта негизги өнөктөш Казакстан, Армения жана Өзбекстан болгону статистикалык маалыматтарда айтылды. Эгер сандар менен ала турган болсок, көрсөткүч мындай: Казакстан менен 27,8 миллиард доллар, бул 2,8 пайызды түзгөн; Армения менен 12,6 миллиард доллар, товар алмашуу 1,7 эсеге көтөрүлгөн; Өзбекстан менен 11,6 миллиард доллар, тагыраагы 17,2 пайызга өскөн. Муну менен катар эле Россия менен Азербайжандын ортосундагы товар алмашуу 4,8 миллиард болгон. Ал эми коңшулардын ичинен Кыргызстан бешинчи орунга чыкты, тагыраагы, бул жааттагы көрсөткүч 3,2 миллиарддын тегерегинде экени айтылды. Эң соңку орунду Грузия камсыздап, көрсөткүч 2,5 миллиард долларга чамалап, 4 пайыз болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1b/1092324826_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e396fc5cf35d1c73b143347f47b8afc9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио