https://sputnik.kg/20250312/1092586097.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мыйзамды коомдук талкуулоонун мөөнөтү 15 күнгө чейин кыскарды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 6-февралда... 12.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-12T11:00+0600
2025-03-12T11:00+0600
2025-03-12T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0c/1092585965_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_37f33bae4b0400ca9d58d3051a658eaf.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мыйзамды коомдук талкуулоонун мөөнөтү 15 күнгө чейин кыскарды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 6-февралда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзамды коомдук талкуулоонун мөөнөтү 15 календардык күнгө, муктаждык болгон учурда 10 календардык күнгө чейин кыскарышы мүмкүн.
Ички иштер министрлиги "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдар жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдады. Тиешелүү документ коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзам долбоору 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында даярдалган. Эгер күчүнө кирсе, анда 2019-жылдагысы күчүн жоготору белгиленип, буга документте маалымат берүүчүлөрдү коргоо механизмдери жок экени жүйө келтирилген. Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, коррупция жөнүндө маалымат берип, анысы тастыкталгандар коргоого алынат. Ал үчүн интернет аркылуу же түз компетенттүү органдарга кайрылып, коомго жарыяласа болот. Жалган маалымат, мамлекеттик жана башка корголуучу купуя сыр камтылган жана жеке кызыкчылыктар үчүн жазылган арыздар кабыл алынбайт. Маалымат берген адамдын коопсуздугу, купуялуулугу сакталып, юридикалык көмөк көрсөтүлөрү айтылган.
Кыргызстандын ак майынын экспорту бир жарым эсе өскөнүн Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Бул — 2023-жылга салыштырылган былтыркы жылдын көрсөткүчү. Статком билдиргендей, 2024-жылы дээрлик эки миң тонна ак май экспорттолгон. Негизги сатып алуучулар Россия менен Казакстан мамлекеттери болду. Россия — 1 миң 200 тонна сатып алып,өсүш 30 пайызды тузгөн. Ал эми Казакстанга — 704 тонна ак май экспорттолгон жана 2,6 эсеге өсүү болгон.
Тимур Мадяров Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. 47 жаштагы Мадяров 2022-жылдан бери президенттин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп келген. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктап, кийин Россиянын президенттик академиясында "мамлекеттик башкаруу" адистиги боюнча билим алган. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.
АКШ президенти Дональд Трамп Киев согуш отун толук токтотууга даяр экендигин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Мен Украинага караганда Россия менен иш алып баруу оңой деп айткам, негизи тескерисинче болушу керек эле. Бирок ошондой болсо да Россияны тартууга үмүт артып турабыз. Украина тарап менен согушту толук токтотуу боюнча сүйлөшкөнүбүз жакшы нерсе", — деди Трамп ишкерлерге арналган жыйында сүйлөп жатып. АКШ лидери, мындан сырткары, Владимир Зеленскийди Ак үйдө күтөрүн айткан. Ошондой эле Россия лидери менен да сүйлөшүү ниетин билдирген. Журналисттин "сүйлөшүү бул аптада болобу" деген суроосуна да "ооба" деген тейде жооп берген.
Мыйзамды коомдук талкуулоонун мөөнөтү 15 күнгө чейин кыскарды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 6-февралда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзамды коомдук талкуулоонун мөөнөтү 15 календардык күнгө, муктаждык болгон учурда 10 календардык күнгө чейин кыскарышы мүмкүн.Ички иштер министрлиги "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдар жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдады. Тиешелүү документ коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзам долбоору 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында даярдалган. Эгер күчүнө кирсе, анда 2019-жылдагысы күчүн жоготору белгиленип, буга документте маалымат берүүчүлөрдү коргоо механизмдери жок экени жүйө келтирилген. Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, коррупция жөнүндө маалымат берип, анысы тастыкталгандар коргоого алынат. Ал үчүн интернет аркылуу же түз компетенттүү органдарга кайрылып, коомго жарыяласа болот. Жалган маалымат, мамлекеттик жана башка корголуучу купуя сыр камтылган жана жеке кызыкчылыктар үчүн жазылган арыздар кабыл алынбайт. Маалымат берген адамдын коопсуздугу, купуялуулугу сакталып, юридикалык көмөк көрсөтүлөрү айтылган.Кыргызстандын ак майынын экспорту бир жарым эсе өскөнүн Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Бул — 2023-жылга салыштырылган былтыркы жылдын көрсөткүчү. Статком билдиргендей, 2024-жылы дээрлик эки миң тонна ак май экспорттолгон. Негизги сатып алуучулар Россия менен Казакстан мамлекеттери болду. Россия — 1 миң 200 тонна сатып алып,өсүш 30 пайызды тузгөн. Ал эми Казакстанга — 704 тонна ак май экспорттолгон жана 2,6 эсеге өсүү болгон.Тимур Мадяров Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. 47 жаштагы Мадяров 2022-жылдан бери президенттин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп келген. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктап, кийин Россиянын президенттик академиясында "мамлекеттик башкаруу" адистиги боюнча билим алган. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси. АКШ президенти Дональд Трамп Киев согуш отун толук токтотууга даяр экендигин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Мен Украинага караганда Россия менен иш алып баруу оңой деп айткам, негизи тескерисинче болушу керек эле. Бирок ошондой болсо да Россияны тартууга үмүт артып турабыз. Украина тарап менен согушту толук токтотуу боюнча сүйлөшкөнүбүз жакшы нерсе", — деди Трамп ишкерлерге арналган жыйында сүйлөп жатып. АКШ лидери, мындан сырткары, Владимир Зеленскийди Ак үйдө күтөрүн айткан. Ошондой эле Россия лидери менен да сүйлөшүү ниетин билдирген. Журналисттин "сүйлөшүү бул аптада болобу" деген суроосуна да "ооба" деген тейде жооп берген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0c/1092585965_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b107c49e99b46b0cf72553966ca98754.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио