https://sputnik.kg/20250227/1092329424.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин биргелешкен комитетинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуулар каралды. Маселе боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады. Ал... 27.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-27T13:00+0600
2025-02-27T13:00+0600
2025-02-27T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1b/1092329292_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_854880247d7fd86b31d355a52165e06c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин биргелешкен комитетинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуулар каралды. Маселе боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады. Ал тажик тарап 1924-1927-жылдардагы материалдар менен иштөөгө ыктап келгенин, ал эми Кыргызстан 1991-жылдагы документтерге таянганын белгиледи. "Соңунда келишим 1924-1927-жылдардагы эмес, 1991-жылы кабыл алынган документтер менен азыркы биз жашап турган чек аралар боюнча такталды. Ушуга экинчи тарап макул болду", — деди Ташиев. Ага ылайык, Лейлек районунан жалпы 190 гектар жер алмашылат; "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынын жарымы тажик тарапка берилди. Ал үчүн 750 гектар жер компенсация катары алынат. Баткен районунан 142 гектар жер берилип, Исфарадан жалпы 143 гектар жер алынды; Достук айылы тажиктерге толук өтүп, ордуна 121 гектар жер алынат. Ворух анклавындагылар 19 миң гектар жерди пайдаланып келген. Ал 14,5 миң гектарга чейин кыскартылды. Ошондой эле тажик тараптын суранычы менен анклавдын айланасынан миң гектар жайыт берилип, ордуна Чоң-Алай тараптан миң гектар жайыт алынат; Бир нече ызы-чууга себеп болгон Төрт-Көчөгө нейтралдуу макам берилет. Жолдун жүрүүчү бөлүгү – 10 метр, эки тарабында 15 метрден коопсуздук тилке болот. Жалпы туурасы 40 метр болгон жол нейтралдуу аймакка айланат жана эки тарап тең пайдаланат; чек аранын сыртында калып кеткен суу жана энергетика объектилерине тоскоолдуксуз кирип-чыгууга шарт түзүлөт. Жыйынтыгында депутаттар макулдашууну колдошту.
Кыргызстан экинчи сорттогу мамлекет эмес. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Европарламенттен келген делегация менен жолугушууда билдирди. Президент адам укуктары одоно бузулган фактылар бар экенин айтып, аны Европарламент көз жаздымда калтырып, Кыргызстандагы кичинекей нерсени дүйнөгө дүңгүрөтүп айтып чыгарына нааразы болгон. "Чет элдик агенттер тууралуу мыйзамды кабыл алганыбызда "НПО, НКОнун укуктарын бузуп жатасыңар" деп Европарламентте, АКШда сөз болду. Аны "Россиядан көчүрүп алгансыңар" деп күнөөлөп чыктыңар. Чынында ал Россиянын эмес, АКШнын мыйзамы. Европанын ар бир өлкөсүндө НПО, НКО бар. Алар каттоодо турат, отчет берет, салык төлөйт. Бизге келгенде эле эмнеге төлөбөшү керек? Биз экинчи сорттогу мамлекет эмеспиз да", — деген Жапаров. Мамлекет башчы былтыр апрелде "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилип, сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдар "чет элдик агент" деп аталат.
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Европадан келген товарларга, анын ичинен автокөлүктөргө 25 пайыздык алым киргизген чечим чыгарарын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Бул боюнча чечим кабыл алдык. Жакында жарыялайбыз. Жалпысынан алганда бул 25 пайызды түзүп, автокөлүк жана башкаларына да тиешелүү болот", — деген ал министрлер кабинетинин биринчи отурумунда. Трамп Европа биримдиги америкалык автоунааларды кабыл албай жана АКШга басым жасап жаткандыгын кошумчалаган.
Жогорку Кеңештин биргелешкен комитетинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуулар каралды. Маселе боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады. Ал тажик тарап 1924-1927-жылдардагы материалдар менен иштөөгө ыктап келгенин, ал эми Кыргызстан 1991-жылдагы документтерге таянганын белгиледи. "Соңунда келишим 1924-1927-жылдардагы эмес, 1991-жылы кабыл алынган документтер менен азыркы биз жашап турган чек аралар боюнча такталды. Ушуга экинчи тарап макул болду", — деди Ташиев. Ага ылайык, Лейлек районунан жалпы 190 гектар жер алмашылат; "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынын жарымы тажик тарапка берилди. Ал үчүн 750 гектар жер компенсация катары алынат. Баткен районунан 142 гектар жер берилип, Исфарадан жалпы 143 гектар жер алынды; Достук айылы тажиктерге толук өтүп, ордуна 121 гектар жер алынат. Ворух анклавындагылар 19 миң гектар жерди пайдаланып келген. Ал 14,5 миң гектарга чейин кыскартылды. Ошондой эле тажик тараптын суранычы менен анклавдын айланасынан миң гектар жайыт берилип, ордуна Чоң-Алай тараптан миң гектар жайыт алынат; Бир нече ызы-чууга себеп болгон Төрт-Көчөгө нейтралдуу макам берилет. Жолдун жүрүүчү бөлүгү – 10 метр, эки тарабында 15 метрден коопсуздук тилке болот. Жалпы туурасы 40 метр болгон жол нейтралдуу аймакка айланат жана эки тарап тең пайдаланат; чек аранын сыртында калып кеткен суу жана энергетика объектилерине тоскоолдуксуз кирип-чыгууга шарт түзүлөт. Жыйынтыгында депутаттар макулдашууну колдошту. Кыргызстан экинчи сорттогу мамлекет эмес. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Европарламенттен келген делегация менен жолугушууда билдирди. Президент адам укуктары одоно бузулган фактылар бар экенин айтып, аны Европарламент көз жаздымда калтырып, Кыргызстандагы кичинекей нерсени дүйнөгө дүңгүрөтүп айтып чыгарына нааразы болгон. "Чет элдик агенттер тууралуу мыйзамды кабыл алганыбызда "НПО, НКОнун укуктарын бузуп жатасыңар" деп Европарламентте, АКШда сөз болду. Аны "Россиядан көчүрүп алгансыңар" деп күнөөлөп чыктыңар. Чынында ал Россиянын эмес, АКШнын мыйзамы. Европанын ар бир өлкөсүндө НПО, НКО бар. Алар каттоодо турат, отчет берет, салык төлөйт. Бизге келгенде эле эмнеге төлөбөшү керек? Биз экинчи сорттогу мамлекет эмеспиз да", — деген Жапаров. Мамлекет башчы былтыр апрелде "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилип, сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдар "чет элдик агент" деп аталат.АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Европадан келген товарларга, анын ичинен автокөлүктөргө 25 пайыздык алым киргизген чечим чыгарарын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Бул боюнча чечим кабыл алдык. Жакында жарыялайбыз. Жалпысынан алганда бул 25 пайызды түзүп, автокөлүк жана башкаларына да тиешелүү болот", — деген ал министрлер кабинетинин биринчи отурумунда. Трамп Европа биримдиги америкалык автоунааларды кабыл албай жана АКШга басым жасап жаткандыгын кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1b/1092329292_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1e67af73e2fd06467915cbdcc1566e15.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио