https://sputnik.kg/20250227/1092331587.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Парламенттин биргелешкен комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууларды колдоп берди. Жогорку Кеңештин депутаттарына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев... 27.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-27T15:00+0600
2025-02-27T15:00+0600
2025-02-27T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1b/1092331455_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_86fff23abcf7ccc27a78ab43c15570dd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Парламенттин биргелешкен комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууларды колдоп берди. Жогорку Кеңештин депутаттарына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады. Төмөнкү үч макулдашуу колдоо тапты: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуу; Автомобиль жолдорун куруу, жабдуу жана кесилиштерди пайдалануу (Төрт-Көчө) боюнча макулдашуу; Эки өлкөнүн министрлер кабинеттери ортосунда суу чарба жана энергетика объектилерин жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишкердик активдүүлүктүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын экономикасындагы ишкердик активдүүлүк өсүү динамикасында болсо, ал эми Армения менен Беларустуку жайлап жатат. Комиссиянын мартка карата божомолуна ылайык, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда учурдагы тенденция сакталат. Ал эми Россияныкы басаңдоого өтсө, Арменияда жайлоо уланат. "ЕАЭБдеги ишкердик активдүүлүктүн динамикасы кыска мөөнөттүү келечекке божомолдонот. Анда экономиканын негизги тренддери жөнүндө маанилүү маалыматтар камтылат", — деп белгилейт ЕЭК.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул жылы орозо 1-марттан башталарын маалымдаган. Тамак, ушак, жаман сөз, жаман жүрүм-турумдан тыйылуунун бир айлыгынын астында муфтият орозо кармоо эрежелери тууралуу башкармалыктын адал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулу жооп берди. "Орозо — бул мектеп. Анда бир гана тамак-аш, суусундуктан гана эмес, руханий жактан дагы тазаланыш керек. Орозодо адам өзүн-өзү тарбиялайт. Жаман сөздөрдү айтуудан, ушактан, тилдөөдөн карманат. Ошондон алган күчү бир жылга жетсе сонун болот. Бул эми бардык учурда бизден талап кылынган адеп-ахлактар. Бирок орозо кармаган адам бирөөнү тилдесе, сөксө орозосунун сообу кемиши мүмкүн, орозо өзү бузулбайт", — деп түшүндүрдү ал. Мындан тышкары, ооз ачырган адамга кайра жооп иретинде ооз ачыруу динде талап кылынбай турганын айтты. Ошондой эле саарлык ичпегендердин орозосу кабыл болорун, бирок саарлыкта сооп бар экенин кошумчалап, аны ичүү сунушталарын белгиледи.
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Европадан келген товарларга, анын ичинен автокөлүктөргө 25 пайыздык алым киргизген чечим чыгарарын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Бул боюнча чечим кабыл алдык. Жакында жарыялайбыз. Жалпысынан алганда бул 25 пайызды түзүп, автокөлүк жана башкаларына да тиешелүү болот", — деген ал министрлер кабинетинин биринчи отурумунда. Трамп Европа биримдиги америкалык автоунааларды кабыл албай жана АКШга басым жасап жаткандыгын кошумчалаган. "Канадага караганда Европа биримдиги таптакыр башка нерсе, себеби алар чындыгында эле бизди башкача колдонуп келген. Автокөлүктөрүбүздү да кабыл ала беришпейт", — деген Трамп. Президент муну менен катар эле аталган биримдикти Америкага карата ичи жылыбайт деп күнөөлөдү. "Келгиле, ачык але айталы. Европа биримдиги Кошмо Штаттарды алдаш үчүн түптөлгөн. Алар койгон максатына жетти. Бирок эми мен президентмин", — деген Трамп.
Парламенттин биргелешкен комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууларды колдоп берди. Жогорку Кеңештин депутаттарына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады. Төмөнкү үч макулдашуу колдоо тапты: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуу; Автомобиль жолдорун куруу, жабдуу жана кесилиштерди пайдалануу (Төрт-Көчө) боюнча макулдашуу; Эки өлкөнүн министрлер кабинеттери ортосунда суу чарба жана энергетика объектилерин жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишкердик активдүүлүктүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын экономикасындагы ишкердик активдүүлүк өсүү динамикасында болсо, ал эми Армения менен Беларустуку жайлап жатат. Комиссиянын мартка карата божомолуна ылайык, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда учурдагы тенденция сакталат. Ал эми Россияныкы басаңдоого өтсө, Арменияда жайлоо уланат. "ЕАЭБдеги ишкердик активдүүлүктүн динамикасы кыска мөөнөттүү келечекке божомолдонот. Анда экономиканын негизги тренддери жөнүндө маанилүү маалыматтар камтылат", — деп белгилейт ЕЭК. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул жылы орозо 1-марттан башталарын маалымдаган. Тамак, ушак, жаман сөз, жаман жүрүм-турумдан тыйылуунун бир айлыгынын астында муфтият орозо кармоо эрежелери тууралуу башкармалыктын адал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулу жооп берди. "Орозо — бул мектеп. Анда бир гана тамак-аш, суусундуктан гана эмес, руханий жактан дагы тазаланыш керек. Орозодо адам өзүн-өзү тарбиялайт. Жаман сөздөрдү айтуудан, ушактан, тилдөөдөн карманат. Ошондон алган күчү бир жылга жетсе сонун болот. Бул эми бардык учурда бизден талап кылынган адеп-ахлактар. Бирок орозо кармаган адам бирөөнү тилдесе, сөксө орозосунун сообу кемиши мүмкүн, орозо өзү бузулбайт", — деп түшүндүрдү ал. Мындан тышкары, ооз ачырган адамга кайра жооп иретинде ооз ачыруу динде талап кылынбай турганын айтты. Ошондой эле саарлык ичпегендердин орозосу кабыл болорун, бирок саарлыкта сооп бар экенин кошумчалап, аны ичүү сунушталарын белгиледи.АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Европадан келген товарларга, анын ичинен автокөлүктөргө 25 пайыздык алым киргизген чечим чыгарарын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Бул боюнча чечим кабыл алдык. Жакында жарыялайбыз. Жалпысынан алганда бул 25 пайызды түзүп, автокөлүк жана башкаларына да тиешелүү болот", — деген ал министрлер кабинетинин биринчи отурумунда. Трамп Европа биримдиги америкалык автоунааларды кабыл албай жана АКШга басым жасап жаткандыгын кошумчалаган. "Канадага караганда Европа биримдиги таптакыр башка нерсе, себеби алар чындыгында эле бизди башкача колдонуп келген. Автокөлүктөрүбүздү да кабыл ала беришпейт", — деген Трамп. Президент муну менен катар эле аталган биримдикти Америкага карата ичи жылыбайт деп күнөөлөдү. "Келгиле, ачык але айталы. Европа биримдиги Кошмо Штаттарды алдаш үчүн түптөлгөн. Алар койгон максатына жетти. Бирок эми мен президентмин", — деген Трамп.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1b/1092331455_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1a3b3d3ae35286fbc141abae7cfecf1f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио