https://sputnik.kg/20250227/1092337751.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Медицина жана фармацевтика адистигин бүткөндөрдү аттестациялоо сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Саламаттык сактоо министрлиги коомдук талкууга чыгарды... 27.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-27T19:00+0600
2025-02-27T19:00+0600
2025-02-27T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1b/1092337619_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fd10093bcb32b23e59befbfeb20beaf1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Медицина жана фармацевтика адистигин бүткөндөрдү аттестациялоо сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Саламаттык сактоо министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Жаңы тартипке ылайык, медициналык жана фармацевтикалык билим алган бүтүрүүчүлөр ишке киргенге чейин бирдиктүү аттестациядан өтүшү керек. Мындан тышкары, аттестация ар беш жыл сайын кайталанып турат. Жаңы система медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, аттестация процессин ачык-айкын кылууга жана адистердин кесиптик даярдыгын стандартташтырууга шарт түзөт.
Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы айланма жолдун бир бөлүгүн кеңейтип, акы төлөтүү пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, мындай ыкма жолду курууга жана тейлөөгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн керек. "Министрлик мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде жол курууга инвесторлорду издөөдө. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 59,4 чакырымы алты тилкелүү болуп реконструцияланып, акы төлөнүүчү болот", — деп айтылган маалыматта. Министрлик Бишкек — Нарын —Торугарт трассасындагы ички жол альтернативдүү болорун кошумчалады.
Салык кызматы акциздик маркалардын аныктыгын текшерүүгө жана маалыматтарды алууга мүмкүндүк берүүчү электрондук кызматтарды иштеп чыгып, ишке киргизди. Мекемеден кабарлашкандай Salyk.kg мобилдик тиркемесинде акциздик марканын маалыматтарын издөө кызматы пайда болду, анда сканерлөө жана кол менен киргизүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле кызмат cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетинде дагы жеткиликтүү. Анда "Жардамчылар" бөлүмүнө акциздик маркалар жөнүндө маалыматты кол менен киргизип издөө кызматы кошулду. Белгилей кетсек, "Акциз Кыргызстан" мобилдик тиркемеси мындан ары колдонуучуларга жеткиликтүү эмес, анткени ал эскирип, башка иштеп чыгуучулар тарабынан иштелип чыккандыктан жаңыртууларды киргизүү мүмкүн эмес.
USAID уюмунун иштен алынган кызматкерлери АКШ конгрессинин алдына “жерге жаткан” нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу АКШнын басылмаларына таянуу менен РИА Новости кабарлады. 30дай адам “СПИД менен көрүшүүнү каржылоону кыскартуу өлтүрөт” деген жазуусу бар ак футболка кийип алып “Конгресстин колу канга малынды, жардамды кайра жандандыргыла” деп кыйкырышкан. Полиция 20дай адамды кармаган. Буга чейин Илон Маск USAID уюмун "кылмыштуу уюм" деп атап, анын күнү бүткөнүн айткан. Трамп USAID агенттигине байланыштуу чечимдер өзгөртүлбөй турганын, уюмдагы коррупция болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин айткан
/// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 91 сом 56 тыйынга рубль 1 сомго Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ Подводка: 28-февралга караган түнү айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 28-февраль, жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Талас аймагында -1...+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1...+6, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын өрөөнүндө -1...+4 градус болот.Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +5...+7 градусту көрсөтөт.
Медицина жана фармацевтика адистигин бүткөндөрдү аттестациялоо сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Саламаттык сактоо министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Жаңы тартипке ылайык, медициналык жана фармацевтикалык билим алган бүтүрүүчүлөр ишке киргенге чейин бирдиктүү аттестациядан өтүшү керек. Мындан тышкары, аттестация ар беш жыл сайын кайталанып турат. Жаңы система медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, аттестация процессин ачык-айкын кылууга жана адистердин кесиптик даярдыгын стандартташтырууга шарт түзөт.Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы айланма жолдун бир бөлүгүн кеңейтип, акы төлөтүү пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, мындай ыкма жолду курууга жана тейлөөгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн керек. "Министрлик мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде жол курууга инвесторлорду издөөдө. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 59,4 чакырымы алты тилкелүү болуп реконструцияланып, акы төлөнүүчү болот", — деп айтылган маалыматта. Министрлик Бишкек — Нарын —Торугарт трассасындагы ички жол альтернативдүү болорун кошумчалады.Салык кызматы акциздик маркалардын аныктыгын текшерүүгө жана маалыматтарды алууга мүмкүндүк берүүчү электрондук кызматтарды иштеп чыгып, ишке киргизди. Мекемеден кабарлашкандай Salyk.kg мобилдик тиркемесинде акциздик марканын маалыматтарын издөө кызматы пайда болду, анда сканерлөө жана кол менен киргизүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле кызмат cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетинде дагы жеткиликтүү. Анда "Жардамчылар" бөлүмүнө акциздик маркалар жөнүндө маалыматты кол менен киргизип издөө кызматы кошулду. Белгилей кетсек, "Акциз Кыргызстан" мобилдик тиркемеси мындан ары колдонуучуларга жеткиликтүү эмес, анткени ал эскирип, башка иштеп чыгуучулар тарабынан иштелип чыккандыктан жаңыртууларды киргизүү мүмкүн эмес. USAID уюмунун иштен алынган кызматкерлери АКШ конгрессинин алдына “жерге жаткан” нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу АКШнын басылмаларына таянуу менен РИА Новости кабарлады. 30дай адам “СПИД менен көрүшүүнү каржылоону кыскартуу өлтүрөт” деген жазуусу бар ак футболка кийип алып “Конгресстин колу канга малынды, жардамды кайра жандандыргыла” деп кыйкырышкан. Полиция 20дай адамды кармаган. Буга чейин Илон Маск USAID уюмун "кылмыштуу уюм" деп атап, анын күнү бүткөнүн айткан. Трамп USAID агенттигине байланыштуу чечимдер өзгөртүлбөй турганын, уюмдагы коррупция болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин айткан/// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 91 сом 56 тыйынга рубль 1 сомго Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ Подводка: 28-февралга караган түнү айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 28-февраль, жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Талас аймагында -1...+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1...+6, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын өрөөнүндө -1...+4 градус болот.Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +5...+7 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1b/1092337619_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_da6b92a0811f2e39ce941ce1a2e270b8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио