Кыргызстан экинчи сорт эмес! Президент Европарламент делегациясын кабыл алды
10:27 27.02.2025 (Жаңыртылды: 10:29 27.02.2025)
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Садыр Жапаров

Жазылуу
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстан экинчи сорттогу мамлекет эмес. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Европарламенттен келген делегация менен жолугушууда билдирди.
Президент адам укуктары одоно бузулган фактылар бар экенин айтып, аны Европарламент көз жаздымда калтырып, Кыргызстандагы кичинекей нерсени дүйнөгө дүңгүрөтүп айтып чыгарына нааразы болгон.
"Чет элдик агенттер тууралуу мыйзамды кабыл алганыбызда "НПО, НКОнун укуктарын бузуп жатасыңар" деп Европарламентте, АКШда сөз болду. Аны "Россиядан көчүрүп алгансыңар" деп күнөөлөп чыктыңар. Чынында ал Россиянын эмес, АКШнын мыйзамы. Биз деле ошол сыяктуу мыйзамды кабыл алдык. Чет элдик агенттер келсин, иштесин, бирок каттоодон өтүп, салыктарды төлөсүн да. Өлкөдө 30 жылда 10 миңден ашык НПО, НКОлор пайда болгон. Бирөө да каттоодон өтүп салык, соцфонд төлөгөн эмес. Келген акчасына отчет берген эмес. Европанын ар бир өлкөсүндө НПО, НКО бар. Алар каттоодо турат, отчет берет, салык төлөйт. Бизге келгенде эле эмнеге төлөбөшү керек? Биз эмне силерден башкачабызбы, экинчи сорттогу мамлекет эмеспиз да. Сиздер менен эле бирдей мамлекетпиз, биз да анын баарын тартипке салгыбыз келет", — деген Жапаров.
Эске салсак, мамлекет башчы былтыр апрелде "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилип, сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдар "чет элдик агент" деп аталат. Өкмөттүк эмес уюмдар Юстиция министрлигине катталып, банктан эсеп ачып, Салык кызматына каттоого туруп иштеши керек.