Ташиев Кыргызстан Тажикстанга кайсы жерди берип, коңшу өлкөдөн эмне алганын айтты
11:34 27.02.2025 (Жаңыртылды: 12:23 27.02.2025)
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Жазылуу
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин биргелешкен комитетинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуулар каралды.
Маселе боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады. Ал тажик тарап 1924-1927-жылдардагы материалдар (карта) менен иштөөгө ыктап келгенин, ал эми Кыргызстан 1991-жылдагы документтерге таянганын белгиледи.
"Ошондуктан 2011-жылдан 2021-жылга чейин чек ара маселеси чечилбей келген. Соңунда келишим 1924-1927-жылдардагы эмес, 1991-жылы кабыл алынган документтер менен азыркы биз жашап турган чек аралар боюнча такталды. Ушуга экинчи тарап макул болду", — деди Ташиев.
УКМК төрагасынын айткандарынын негизги учурлары:
Лейлек районунан жалпы 190 гектар жер алмашылат;
"Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынын жарымы тажик тарапка берилди. Ал үчүн 750 гектар жер компенсация катары алынат. Арасында нефть бар жерлер бар;
Баткен районунан 142 гектар жер берилип, Исфарадан жалпы 143 гектар жер алынды;
Баткен районундагы Достук айылы (90 гектар жер) тажиктерге толук өтүп, ордуна 121 гектар жер алынат. Мунун ичинен Тажикстандын Лаккон участогунан 30 гектар суулуу жер Достуктагы үйлөр үчүн кенемте катары алынат.
Ворух анклавындагылар 19 миң гектар жерди пайдаланып келген. Ал 14,5 миң гектарга чейин кыскартылды. Ошондой эле тажик тараптын суранычы менен анклавдын айланасынан миң гектар жайыт берилип, ордуна Чоң-Алай тараптан миң гектар жайыт алынат;
бир нече ызы-чууга себеп болгон Төрт-Көчөгө нейтралдуу макам берилет. Жолдун жүрүүчү бөлүгү – 10 метр, эки тарабында 15 метрден коопсуздук тилке болот. Жалпы туурасы 40 метр болгон жол нейтралдуу аймакка айланат жана эки тарап тең пайдаланат;
чек аранын сыртында калып кеткен суу жана энергетика объектилерине тоскоолдуксуз кирип-чыгууга шарт түзүлөт.
Жыйынтыгында депутаттар макулдашуунун долбоорлоруна макулдугун беришти.