https://sputnik.kg/20250304/aksh-kievge-askerdik-zhardamyn-toktottu-1092418658.html
АКШ Киевге аскердик жардамын токтотту
АКШ Киевге аскердик жардамын токтотту
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. АКШ Украинага аскердик жардамын токтотуп, өнөктөштөрүн тынчтык орнотуу ниетин колдоого чакырды. Маалыматты Ак үйдүн өкүлү... 04.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-04T09:44+0600
2025-03-04T09:44+0600
2025-03-04T09:47+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
украина
аскердик жардам
чечим
аскердик операция
тынчтык
https://sputnik.kg/img/07e9/03/04/1092418932_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_3832b319bc7547e5490d8aceee875ed0.jpg
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. АКШ Украинага аскердик жардамын токтотуп, өнөктөштөрүн тынчтык орнотуу ниетин колдоого чакырды. Маалыматты Ак үйдүн өкүлү тастыктаганын РИА Новости кабарлады.Буга чейин Fox News телеканалы Ак үйдүн кызматкерине таянуу менен АКШ Украинага аскердик жардамдын бардык түрүн токтоторун билдирген. Маалыматта колдоо Трамп Киевдин тынчтык сүйлөшүүлөргө багыт алганына ынанганга чейин көрсөтүлбөй турганы айтылат. Телеканал кеп жардамдын биротоло эмес, убактылуу токтотулганын тактады.Bloomberg басылмасынын жазганы боюнча, АКШ администрациясы кабыл алган чечимдин алкагында ушу тапта Киевге карай жолдо бараткан, ошондой эле Польшанын аймагындагы транзиттик зонада турган курал-жарак, техника жана ок-дары жүктөлгөн транспорттун баары токтотулду.
https://sputnik.kg/20250303/kongresstegiler-zelenskiydi-suyloshuugo-chakyryshty-1092413909.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/04/1092418932_340:0:3071:2048_1920x0_80_0_0_29fb08474b17ae888679e6441cb2ecd7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, аскердик жардам, чечим, аскердик операция, тынчтык
дүйнөдө, акш, украина, аскердик жардам, чечим, аскердик операция, тынчтык
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. АКШ Украинага аскердик жардамын токтотуп, өнөктөштөрүн тынчтык орнотуу ниетин колдоого чакырды. Маалыматты Ак үйдүн өкүлү тастыктаганын
РИА Новости кабарлады.
"Президент тынчтыкка умтулуп жатканын так көрсөттү. Өнөктөштөрүбүздүн да ушуга ыкташын каалайт элек. Көрсөтүлүп жаткан колдоо абалды жөнгө салууга канчалык деңгээлде жардам берип жатканын аныктоо үчүн токтотулду", — деген өкүл.
Буга чейин Fox News телеканалы Ак үйдүн кызматкерине таянуу менен АКШ Украинага аскердик жардамдын бардык түрүн токтоторун билдирген. Маалыматта колдоо Трамп Киевдин тынчтык сүйлөшүүлөргө багыт алганына ынанганга чейин көрсөтүлбөй турганы айтылат. Телеканал кеп жардамдын биротоло эмес, убактылуу токтотулганын тактады.
Bloomberg басылмасынын жазганы боюнча, АКШ администрациясы кабыл алган чечимдин алкагында ушу тапта Киевге карай жолдо бараткан, ошондой эле Польшанын аймагындагы транзиттик зонада турган курал-жарак, техника жана ок-дары жүктөлгөн транспорттун баары токтотулду.