https://sputnik.kg/20250304/vens-zelenskiydin-ak-uygo-suyloshuugo-keluu-shartyn-atady-1092420609.html
Вэнс Зеленскийдин Ак үйдөгү сүйлөшүүгө кайтуу шартын атады
Вэнс Зеленскийдин Ак үйдөгү сүйлөшүүгө кайтуу шартын атады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинадагы тынчтык макулдашуусун майда-чүйдөсүнө чейин талкуулоодон баш тарта берсе Ак үйгө келе албайт. Бул... 04.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-04T10:13+0600
2025-03-04T10:13+0600
2025-03-04T10:15+0600
дүйнөдө
акш
жеймс дэвид вэнс
украина
владимир зеленский
сүйлөшүүлөр
мүмкүнчүлүк
https://sputnik.kg/img/07e9/03/04/1092420720_0:0:2068:1163_1920x0_80_0_0_89bc83d2e1ac8bb02f37309a69d9d68f.jpg
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинадагы тынчтык макулдашуусун майда-чүйдөсүнө чейин талкуулоодон баш тарта берсе Ак үйгө келе албайт. Бул туурасында АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости жазды.Вэнс Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен кайым айтышып, тынчтык орнотуу иштерине катышууга каалоосу болбогондугун белгилеген. Муну менен катар эле Трамп жолугушуунун алгачкы жарым саатында Киев режиминин башчысынын ага карата айтылган чымчыган сөздөрүнө, калпына карабай сылык, сыпайы болууга аракет кылгандыгын айтып берген.Вэнстин айтымында, сейрек кездешкен кен байлыктар боюнча келишимге кол коюу ордунан чыкпай калгандан кийин украин делегациясы Трамп менен сүйлөшүүнү улантууга кеминде бир ирет аракет жасаган. Бирок бул "урматсыз" жоруктан кийин АКШ баш тартканын билдирген жооп алышкан.Вице-президент Вашингтондун Киевдин экономикасына киришкени башкалардын аскердик күчүнө салыштырмалуу коопсуздук боюнча алда канча жакшы кепилдик экенине токтолгон."Коопсуздук боюнча эң жакшы кепилдик — Украинанын келечектеги экономикасына америкалыктардын катышуусуна мүмкүнчүлүк берүү. Бул согушка 30 же 40 жылдап катышпаган кандайдыр бир башка мамлекеттин 20 миң аскерине караганда, коопсуздук боюнча бир топ өйдө турган кепилдик. Коопсуздук кепилдиги Украина үчүн экономикалык да кепилдик болуп эсептелет. Бул — өлкөнүн бутуна туруп калыбына келиши, Американын узак мөөнөттү кызыкчылыктарынын камсыздалышы", — деген Вэнс Fox News телеканалына берген интервьюсунда.
https://sputnik.kg/20250303/aksh-ministrinin-zelenskiydin-sunushuna-zhoobu-1092400784.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/04/1092420720_0:0:1840:1379_1920x0_80_0_0_2ef4b455d94734f898cadee6e60aecf5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, жеймс дэвид вэнс, украина, владимир зеленский, сүйлөшүүлөр, мүмкүнчүлүк
дүйнөдө, акш, жеймс дэвид вэнс, украина, владимир зеленский, сүйлөшүүлөр, мүмкүнчүлүк
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинадагы тынчтык макулдашуусун майда-чүйдөсүнө чейин талкуулоодон баш тарта берсе Ак үйгө келе албайт. Бул туурасында АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс айтканын
РИА Новости жазды.
"Тынчтык келишимин талкуулоодон баш тартсаңыз, анда Ак үйгө же башка жерге келе албайсыз", — деген ал.
Вэнс Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен кайым айтышып, тынчтык орнотуу иштерине
катышууга каалоосу болбогондугун белгилеген. Муну менен катар эле Трамп жолугушуунун алгачкы жарым саатында Киев режиминин башчысынын ага карата айтылган чымчыган сөздөрүнө, калпына карабай сылык, сыпайы болууга аракет кылгандыгын айтып берген.
Вэнстин айтымында, сейрек кездешкен кен байлыктар боюнча келишимге кол коюу ордунан чыкпай калгандан кийин украин делегациясы Трамп менен сүйлөшүүнү улантууга кеминде бир ирет аракет жасаган. Бирок бул "урматсыз" жоруктан кийин АКШ баш тартканын билдирген жооп алышкан.
Вице-президент Вашингтондун Киевдин экономикасына киришкени башкалардын аскердик күчүнө салыштырмалуу коопсуздук боюнча алда канча
жакшы кепилдик экенине токтолгон.
"Коопсуздук боюнча эң жакшы кепилдик — Украинанын келечектеги экономикасына америкалыктардын катышуусуна мүмкүнчүлүк берүү. Бул согушка 30 же 40 жылдап катышпаган кандайдыр бир башка мамлекеттин 20 миң аскерине караганда, коопсуздук боюнча бир топ өйдө турган кепилдик. Коопсуздук кепилдиги Украина үчүн экономикалык да кепилдик болуп эсептелет. Бул — өлкөнүн бутуна туруп калыбына келиши, Американын узак мөөнөттү кызыкчылыктарынын камсыздалышы", — деген Вэнс Fox News телеканалына берген интервьюсунда.