https://sputnik.kg/20250306/1092477479.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактардагы элге кайрылды. Ал электр энергиясындагы каатчылыкты... 06.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-06T13:00+0600
2025-03-06T13:00+0600
2025-03-06T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/06/1092477347_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2d22756479c5bb5bc22e73af6cfa534b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактардагы элге кайрылды. Ал электр энергиясындагы каатчылыкты жоюу үчүн ГЭСтерди курууда жергиликтүүлөр тараптан бут тосуулар болуп жатканын белгилеген. Президенттин билдирүүсү боюнча, өлкөнүн 142 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү болсо, учурда 4 миллиард кВт саат гана электр кубаты иштелип чыгууда. "Мүмкүнчүлүгүбүздүн 10 пайызын гана колдонуп келебиз. Сууларыбыз жөн эле агып кетип жатат. Өлкө боюнча массалык түрдө чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактарда жергиликтүү калк "суубузду кирдетип жатасыңар" деп жол тосуп, курулушчуларга тоскоолдуктарды жараткан учурлар катталды", – деген Жапаров. Жапаров электр энергиясын сатып алууга жылына 8,5 миллиард сом кетерин белгилеген. Президент ар бир жергиликтүү бийлик өкүлү өздөрү тейлеген аймактардагы курулуп жаткан чакан ГЭСтерге максималдуу түрдө жардам берүү тапшырмасын койду. Ал эми жергиликтүү тургундарды курулуш иштерине тоскоол болбоого чакырып, эртең менен эрте суу булгана электе таза суу алып алууну сунуштаган. Президент элди ыңгайсыздыкка үч ай чыдап коюуга үндөгөн.
12 жылдык билим берүүдө 1-класстын балдарын окутууда басым билимге эмес, социалдашууга жасалат. Бул тууралуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди. Анын айтымында, 12 жылдык билим берүүдө, эң башкысы, окуу методикасы өзгөрөт. "Биз азыр окутуп жаткан сабактар турмуштан алыстап калган. 12 жылдык окууда баланын эмоциясына көңүл бөлүнүп, инсан катары калыптанышына, анын мүнөзүн калыптандырууга, социалдашууга басым жасалат", — деди Токтомаметов.
Токмокто үч салыкчы жана бир ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталууда. "Токмок шаарындагы салыкчылар жеке ишкер менен сүйлөшүп, отчетторду бурмалашкан. Натыйжада бюджетке 8 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.3-мартта Салык кызматынын Токмок боюнча мурдагы башчысы, киреше боюнча бөлүм башчысы, салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы жана жеке ишкер камалганы кошумчаланды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы кармаш өзөктүк эки дерважа — Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы кыйыр согуш экенин мойнуна алды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Президент Дональд Трамп муну туюкка кептелип, мөөнөтү созулуп кеткен чатак катары карап жатат. Чынын айтканда, бул өзөктүк эки дерважа — Украинага жардам кылган Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы прокси-согуш", — деген Fox News телеканалына интервью берип жатып. Ал туңгуюкка кептелген согуш аягына чыгышы керектигин белгилеген. Шейшемби күнү Fox News Ак үйдүн жогорку кызматтагы аткаминерине шилтеме кылып, Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү чечмейинче АКШнын президенти аскердик жардамдын бардыгын токтотуп жатканын кабарлаган.
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактардагы элге кайрылды. Ал электр энергиясындагы каатчылыкты жоюу үчүн ГЭСтерди курууда жергиликтүүлөр тараптан бут тосуулар болуп жатканын белгилеген. Президенттин билдирүүсү боюнча, өлкөнүн 142 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү болсо, учурда 4 миллиард кВт саат гана электр кубаты иштелип чыгууда. "Мүмкүнчүлүгүбүздүн 10 пайызын гана колдонуп келебиз. Сууларыбыз жөн эле агып кетип жатат. Өлкө боюнча массалык түрдө чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактарда жергиликтүү калк "суубузду кирдетип жатасыңар" деп жол тосуп, курулушчуларга тоскоолдуктарды жараткан учурлар катталды", – деген Жапаров. Жапаров электр энергиясын сатып алууга жылына 8,5 миллиард сом кетерин белгилеген. Президент ар бир жергиликтүү бийлик өкүлү өздөрү тейлеген аймактардагы курулуп жаткан чакан ГЭСтерге максималдуу түрдө жардам берүү тапшырмасын койду. Ал эми жергиликтүү тургундарды курулуш иштерине тоскоол болбоого чакырып, эртең менен эрте суу булгана электе таза суу алып алууну сунуштаган. Президент элди ыңгайсыздыкка үч ай чыдап коюуга үндөгөн. 12 жылдык билим берүүдө 1-класстын балдарын окутууда басым билимге эмес, социалдашууга жасалат. Бул тууралуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди. Анын айтымында, 12 жылдык билим берүүдө, эң башкысы, окуу методикасы өзгөрөт. "Биз азыр окутуп жаткан сабактар турмуштан алыстап калган. 12 жылдык окууда баланын эмоциясына көңүл бөлүнүп, инсан катары калыптанышына, анын мүнөзүн калыптандырууга, социалдашууга басым жасалат", — деди Токтомаметов.Токмокто үч салыкчы жана бир ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталууда. "Токмок шаарындагы салыкчылар жеке ишкер менен сүйлөшүп, отчетторду бурмалашкан. Натыйжада бюджетке 8 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.3-мартта Салык кызматынын Токмок боюнча мурдагы башчысы, киреше боюнча бөлүм башчысы, салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы жана жеке ишкер камалганы кошумчаланды.АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы кармаш өзөктүк эки дерважа — Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы кыйыр согуш экенин мойнуна алды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Президент Дональд Трамп муну туюкка кептелип, мөөнөтү созулуп кеткен чатак катары карап жатат. Чынын айтканда, бул өзөктүк эки дерважа — Украинага жардам кылган Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы прокси-согуш", — деген Fox News телеканалына интервью берип жатып. Ал туңгуюкка кептелген согуш аягына чыгышы керектигин белгилеген. Шейшемби күнү Fox News Ак үйдүн жогорку кызматтагы аткаминерине шилтеме кылып, Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү чечмейинче АКШнын президенти аскердик жардамдын бардыгын токтотуп жатканын кабарлаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/06/1092477347_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_75d014ec31075b37861f7adc7f301326.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио