https://sputnik.kg/20250306/almazbek-toktomametov-mektep-okuuchu-1092474609.html
12 жылдык окуу: 1-классты окутууда басым билимге эмес, социалдашууга жасалат
12 жылдык окуу: 1-классты окутууда басым билимге эмес, социалдашууга жасалат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. 12 жылдык билим берүүдө 1-класстын балдарын окутууда басым билимге эмес, социалдашууга жасалат. Бул тууралуу Республикалык... 06.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-06T11:30+0600
2025-03-06T11:30+0600
2025-03-06T11:31+0600
кыргызстан
алмазбек токтомаметов
мектеп
окуучу
12 жылдык окуу
билим берүү
https://sputnik.kg/img/07e5/09/0f/1053911263_0:262:3072:1990_1920x0_80_0_0_ab506252f6c0f30c024e6d132b1e837b.jpg
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. 12 жылдык билим берүүдө 1-класстын балдарын окутууда басым билимге эмес, социалдашууга жасалат. Бул тууралуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди.Анын айтымында, 12 жылдык билим берүүдө, эң башкысы, окуу методикасы өзгөрөт.Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова быйыл баланы мектепке электрондук каттоо да жылдагыдан башкача болорун айткан."Азыр мектепке бара элек балдардын маалыматын камтыган "Балалык" деген программа түзүлүп жатат. Ал жакта менчигинин түрүнө карабай бакчага барган, "Наристе" программасы боюнча окуп жаткан балдардын маалыматы бар. Бул программаны "Түндүккө" байлап жатышат. Ата-эне "Түндүк" тиркемесине кирип эле баласынын ИЖН (ПИН) номерин тергенде система өзү бала канчанчы класска барышы керек экендигин, жакын жердеги мектепти сунуштайт", — деген ал.Ал электрондук каттоо эрте башталарын айтып, бирок датасын ачыктаган эмес.
https://sputnik.kg/20250305/bilim-beruu-12-zhyldyk-okuu-mektep-1092460514.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/0f/1053911263_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_31698bf69c74a6ed764cd8a3959eab68.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, алмазбек токтомаметов, мектеп, окуучу, 12 жылдык окуу, билим берүү
кыргызстан, алмазбек токтомаметов, мектеп, окуучу, 12 жылдык окуу, билим берүү
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. 12 жылдык билим берүүдө 1-класстын балдарын окутууда басым билимге эмес, социалдашууга жасалат. Бул тууралуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди.
Анын айтымында, 12 жылдык билим берүүдө, эң башкысы, окуу методикасы өзгөрөт.
"Биз азыр окутуп жаткан сабактар турмуштан алыстап калган. 12 жылдык окууда баланын эмоциясына көңүл бөлүнүп, инсан катары калыптанышына, анын мүнөзүн калыптандырууга, социалдашууга басым жасалат. Мисалы, 1-класстын балдары мурдагыдай партада сабак жазып отурбайт. Сабактар оюн түрүндө өткөрүлөт. Аларга командада иштөө, өзүнүн пикирин айтуу, мугалим менен сүйлөшүү сыяктуу нерселер үйрөтүлөт. Окуу убактысы да 45 мүнөт эмес, андан кыска болот", — деген ал.
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова быйыл баланы мектепке электрондук каттоо да жылдагыдан башкача болорун айткан.
"Азыр мектепке бара элек балдардын маалыматын камтыган "Балалык" деген программа түзүлүп жатат. Ал жакта менчигинин түрүнө карабай бакчага барган, "Наристе" программасы боюнча окуп жаткан балдардын маалыматы бар. Бул программаны "Түндүккө" байлап жатышат. Ата-эне "Түндүк" тиркемесине кирип эле баласынын ИЖН (ПИН) номерин тергенде система өзү бала канчанчы класска барышы керек экендигин, жакын жердеги мектепти сунуштайт", — деген ал.
Ал электрондук каттоо эрте башталарын айтып, бирок датасын ачыктаган эмес.