ӨКМ ашууларда жана тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөрүн билдирди
© Фото / пресс-служба МЧС КРКар көчкү тазалоо иштери. Архив

© Фото / пресс-служба МЧС КР
Жазылуу
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Ашууларда жана тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматта 7-10-март аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөрү айтылган.
Кооптуу аймактардын тизмеси:
Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу), 198-260-чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымы (Өтмөк ашуусу);
Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымы (Чапчыма ашуусу), Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-4-чакырымы;
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымы;
Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунун 160-179-чакырымы (Талдык ашуусу);
Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 98-145-чакырымдарында (Кара-Кыя, Кулчу, Батман-Көл, Алыш-Сай тилкелери);
Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымы (Чоң-Ашуу);
Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу).
"Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл", — деп эскертти министрлик.