https://sputnik.kg/20250306/kyrgyzstan-batken-chek-ara-zher-1092477554.html
Тажикстанга өтө турган Достук айылындагылар кайда көчүрүлөрү аныкталды
Тажикстанга өтө турган Достук айылындагылар кайда көчүрүлөрү аныкталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Баткен районунун Достук айылындагылар кайда көчүрүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти. 06.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-06T13:23+0600
2025-03-06T13:23+0600
2025-03-06T15:37+0600
кыргызстан
баткен
чек ара
жер тилкеси
көчүрүү
https://sputnik.kg/img/07e7/06/10/1076313035_0:159:3076:1889_1920x0_80_0_0_636259128526cbe17e8785d0c57435b2.jpg
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Баткен районунун Достук айылындагылар кайда көчүрүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айылдын эли менен жолугуп, көчүрүү маселеси каралган.Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча макулдашууга ылайык, Баткен районундагы Достук айылы (90 гектар жер) тажиктерге толук өтүп, ордуна 121 гектар жер алынат.
https://sputnik.kg/20250227/ukmk-kamchybek-tashiyev-chek-ara-1092328430.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/10/1076313035_174:0:2903:2047_1920x0_80_0_0_f5adfc78e7785aedcf3c5a9e9da6de8f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, баткен, чек ара, жер тилкеси, көчүрүү
кыргызстан, баткен, чек ара, жер тилкеси, көчүрүү
Тажикстанга өтө турган Достук айылындагылар кайда көчүрүлөрү аныкталды
13:23 06.03.2025 (Жаңыртылды: 15:37 06.03.2025) БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Баткен районунун Достук айылындагылар кайда көчүрүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айылдын эли менен жолугуп, көчүрүү маселеси каралган.
"Айыл элинин макулдугу менен Баткен районунун Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечилди. Аталган аймак Баткен шаары менен чектешет. Мамлекет ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер тилкеге шарты менен үй курат. Жалпы 71 үй. Мындан сырткары, жери барларга турак жай салуу үчүн беш сотыхтан жер берилет. Ошондой эле Кызыл-Бел айылындагы тогуз гектар айыл чарба багытындагы жер бөлүнөт", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча макулдашууга ылайык, Баткен районундагы Достук айылы (90 гектар жер) тажиктерге толук өтүп, ордуна
121 гектар жер алынат.