https://sputnik.kg/20250310/tramp-ukraninanyn-kadamdary-tuurasynda-aytty-1092536714.html
Трамп: Украина тынчтык макулдашуусун түзүүнү дегдебей турганын көрсөттү
Трамп: Украина тынчтык макулдашуусун түзүүнү дегдебей турганын көрсөттү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина Американын жардамын жаңылоо үчүн тынчтык келишимин түзүүгө азырынча жетиштүү деңгээлде даяр... 10.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-10T10:11+0600
2025-03-10T10:11+0600
2025-03-10T13:24+0600
дүйнөдө
акш
украина
дональд трамп
макулдашуу
кен байлыктар
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0a/1092535289_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_a6ed15a290ef8ae2158b0a5b418db455.jpg
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина Американын жардамын жаңылоо үчүн тынчтык келишимин түзүүгө азырынча жетиштүү деңгээлде даяр экенин көрсөтө электигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.Бейшемби күнү Ак үй согуштун эки тарабындагылар менен консультациялар уланып жатканын, ал эми кармашты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча жаңы жолугушуу бул аптада Сауд Арабиясында өтөрүн айтты.Буга чейин Пентагондон РИА Новостиге 4-мартта Украинага жардамдын бардыгы токтотулгандыгын билдирген. Ведомствонун өкүлү бул жолдо ташылып бара жаткан курал-жарак, техникага да тиешелүү экендигин кошумчалаган.Эске салсак, Трамп Россияга караганда Украина менен сүйлөшүү алда канча оор болуп жатканын айткан.
https://sputnik.kg/20250303/kreml-zelenskijdin-zhoruguna-baa-berdi-1092414369.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0a/1092535289_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_7c9e3f55eccfee6fdfad1427e9888a70.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, дональд трамп, макулдашуу, кен байлыктар
дүйнөдө, акш, украина, дональд трамп, макулдашуу, кен байлыктар
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина Американын жардамын жаңылоо үчүн тынчтык келишимин түзүүгө азырынча жетиштүү деңгээлде даяр экенин көрсөтө электигин айтты. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Алар минералдар боюнча келишимге кол коет деп ойлойм. Муну жасаса дейбиз, мен алардын тынчтыкка ыкташын каалайм, чынбы? Аны тиешелүү деңгээлде көрсөткөн жок. Азырынча көрсөтүп бере алышкан жок деп ойлойм, бирок алар муну жасашат жана анысы эки-үч күндө белгилүү болуп калса керек", — деген ал.
Бейшемби күнү Ак үй согуштун эки тарабындагылар менен консультациялар уланып жатканын, ал эми кармашты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча жаңы жолугушуу бул аптада Сауд Арабиясында өтөрүн айтты.
Буга чейин Пентагондон РИА Новостиге 4-мартта Украинага жардамдын бардыгы токтотулгандыгын билдирген. Ведомствонун өкүлү бул жолдо ташылып бара жаткан курал-жарак, техникага да тиешелүү экендигин кошумчалаган.
Эске салсак, Трамп Россияга караганда Украина менен сүйлөшүү алда канча
оор болуп жатканын айткан.