https://sputnik.kg/20250311/moskva-podmoskovege-bolgon-drondor-chabuulunan-bir-kishi-oldu-1092564410.html
Москва менен Подмосковьеге жасалган дрондордун чабуулунан бир киши каза болду
Москва менен Подмосковьеге жасалган дрондордун чабуулунан бир киши каза болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Москва жана Подмосковьеге жасалган дрондордун чабуулунан Домодедово аэропортунда "Мираторгдун" кызматкери каза тапты. Бул туурасында... 11.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-11T12:12+0600
2025-03-11T12:12+0600
2025-03-11T12:13+0600
украина
россия
москва
подмосковье
дрон
өлүм
аэропорт
сергей собянин
андрей воробьев
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0b/1092563725_0:0:2999:1688_1920x0_80_0_0_98d6abdaa95f74019e1bd9d72d10d1d0.jpg
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Москва жана Подмосковьеге жасалган дрондордун чабуулунан Домодедово аэропортунда "Мираторгдун" кызматкери каза тапты. Бул туурасында РИА Новостиге аталган компаниядан кабарлашкан.РИА Новостиге ыкчам кызматтардын ичинен жабыркагандардын саны беш кишиге жеткенин, андан сырткары, 20 транспорт каражаты талкалангандыгын айтышты. Учурда ал жерде ӨКМ, медиктер жана тартип сакчылар иштеп жатат.Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев борбор шаар менен аталган облуска дрондордун жапырт чабуулу саат төрттөр чамасында болгонун билдирди. Алгач бир киши өлүп, үчөө жарадар болгонун айткан. Облус башчысы андан кийин пилотсуз учуучу аппараттын сыныктары Раменск аймагындагы көп кабаттуу үйгө келип түшкөнүн, 19-кабат менен 22-кабаттын ортосундагы батирлердин ичинен жетөө талкаланганын билдирген. Бул имараттан үч баланы кошкондо 12 кишини коопсуз жайга алып чыгышкан.Москванын мэри Сергей Собянин калааны көздөй учурулган 73 дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.Домодедово, Шереметьево, Внуково, Жуков аэропортторунда, ошондой эле Нижний Новгороддогу Стригино жана Ярославлдагы Туношна аэропортторунда аба каттамдары токтотулду."Жогорку даражалуу чет элдик делегациянын Москвага сапары биринчи жолу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн дрондору менен коштолуп жаткан жок. ЕККУнун башкы катчысы Москвага келген бүгүн түнү да Киев бийлиги пилотсуз учуучу аппараттарын жөнөткөн", — деген Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова.
https://sputnik.kg/20240910/ramenskoye-shaarynda-ukrainalyk-drondun-kol-saluusunan-9-zhashtagy-bala-kaza-tapty-1088569546.html
украина
москва
подмосковье
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0b/1092563725_270:0:2999:2047_1920x0_80_0_0_e0f277d9836e320eda2bd2331bde7991.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
украина, россия, москва, подмосковье, дрон, өлүм, аэропорт, сергей собянин, андрей воробьев
украина, россия, москва, подмосковье, дрон, өлүм, аэропорт, сергей собянин, андрей воробьев
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Москва жана Подмосковьеге жасалган дрондордун чабуулунан Домодедово аэропортунда "Мираторгдун" кызматкери каза тапты. Бул туурасында
РИА Новостиге аталган компаниядан кабарлашкан.
"Дрон саат 05:14 чамасында Домодедоводогу дистрибьютордук "Мираторг" компаниясынын аймагына кулады. Тилекке каршы, кызматкерлердин бирөө көз жумду, жарадар болгон экөө ооруканага жеткирилди. Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө", — деп билдирген аталган уюмдан.
РИА Новостиге ыкчам кызматтардын ичинен жабыркагандардын саны беш кишиге жеткенин, андан сырткары, 20 транспорт каражаты талкалангандыгын айтышты. Учурда ал жерде ӨКМ, медиктер жана тартип сакчылар иштеп жатат.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев борбор шаар менен аталган облуска дрондордун жапырт чабуулу саат төрттөр чамасында болгонун билдирди. Алгач бир киши өлүп, үчөө жарадар болгонун айткан. Облус башчысы андан кийин пилотсуз учуучу аппараттын сыныктары Раменск аймагындагы көп кабаттуу үйгө келип түшкөнүн, 19-кабат менен 22-кабаттын ортосундагы батирлердин ичинен жетөө талкаланганын билдирген. Бул имараттан үч баланы кошкондо 12 кишини коопсуз жайга алып чыгышкан.
Москванын мэри Сергей Собянин калааны көздөй учурулган 73 дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Домодедово, Шереметьево, Внуково, Жуков аэропортторунда, ошондой эле Нижний Новгороддогу Стригино жана Ярославлдагы Туношна аэропортторунда аба каттамдары токтотулду.
"Жогорку даражалуу чет элдик делегациянын Москвага сапары биринчи жолу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн дрондору менен коштолуп жаткан жок. ЕККУнун башкы катчысы Москвага келген бүгүн түнү да Киев бийлиги пилотсуз учуучу аппараттарын жөнөткөн", — деген Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова.