https://sputnik.kg/20250312/kyrgyzstan-deputat-reforma-1092588987.html
Соцобъектилерди качан аласыңар? Депутат Акбөкөн Таштанбеков ЖКда айгай салды
Соцобъектилерди качан аласыңар? Депутат Акбөкөн Таштанбеков ЖКда айгай салды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеште депутат Акбөкөн Ташатанбеков айыл чарба министрине кайрылып, соцобъектилерди мамлекетке кайтаруу боюнча реформа... 12.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-12T12:49+0600
2025-03-12T12:49+0600
2025-03-12T12:50+0600
кыргызстан
депутат
акбөкөн таштанбеков
жогорку кеңеш
реформа
видео
https://sputnik.kg/img/07e6/01/0c/1061176329_523:594:2964:1967_1920x0_80_0_0_4247c2e98188da70646cc142c330a696.jpg
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеште депутат Акбөкөн Ташатанбеков айыл чарба министрине кайрылып, соцобъектилерди мамлекетке кайтаруу боюнча реформа качан соңуна чыгарын сурады.Министр Бакыт Төрөбаев кайсы объектилер жөнүндө кеп болуп жатканын тактады.Бакыт Төрөбаев комиссия түзүлүп, бардыгы кайтарылып жатканын айтса, эл өкүлү залдан микрофону жок кыйкыра баштады. Мындан улам ага процедуралык микрофондон бир мүнөт берилди."Прокуратуранын, эч кимдин кереги жок. Аким кабыл алуу актысына кол коюп койсун, болду. Өз каражатым жетпей жатат. Үч объектини өткөрүп берүүдөмүн. Алып койгулачы, башка эч нерсенин кереги жок. Акимге айткыла, коркпосун. Түшүнүп турам, мурдагы президент, министр, бандиттер отурат. Мен да коркуп жатам. Бирок элге алып берип, жер мафиясын жеңишибиз керек", — деди депутат.Министрлер кабинетинин өкүлү баарын түшүнгөнүн айтып, маселе чечилерин убадалады.
https://sputnik.kg/20250311/naryn-ukmk-privattashtyruu-kooperativ-1092565766.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/0c/1061176329_787:498:2750:1970_1920x0_80_0_0_45249255b363dd9680a237a3f53e7bff.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, депутат, акбөкөн таштанбеков, жогорку кеңеш, реформа, видео
кыргызстан, депутат, акбөкөн таштанбеков, жогорку кеңеш, реформа, видео
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеште депутат Акбөкөн Ташатанбеков айыл чарба министрине кайрылып, соцобъектилерди мамлекетке кайтаруу боюнча реформа качан соңуна чыгарын сурады.
Министр Бакыт Төрөбаев кайсы объектилер жөнүндө кеп болуп жатканын тактады.
"Убагында колхоз-совхоздор мамлекетке өткөрбөй койгон 1,5 миллиард сомдук 350 соцобъектини аким кабыл алуудан коркуп жатат. Жардам берип, баалап берип койгулачы. Эл соту жок эле өткөрүп жатат. Мына Акылбек Үсөнбековичтин келинчегине рахмат, бала бакчаны өткөрүп берген, саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары былтыр оорукананы кайтарган. Дагы 350 объектини өткөргөнү жатышат, жардам кылып баалап берип койгулачы", — деди Таштанбеков.
Бакыт Төрөбаев комиссия түзүлүп, бардыгы кайтарылып жатканын айтса, эл өкүлү залдан микрофону жок кыйкыра баштады. Мындан улам ага процедуралык микрофондон бир мүнөт берилди.
"Прокуратуранын, эч кимдин кереги жок. Аким кабыл алуу актысына кол коюп койсун, болду. Өз каражатым жетпей жатат. Үч объектини өткөрүп берүүдөмүн. Алып койгулачы, башка эч нерсенин кереги жок. Акимге айткыла, коркпосун. Түшүнүп турам, мурдагы президент, министр, бандиттер отурат. Мен да коркуп жатам. Бирок элге алып берип, жер мафиясын жеңишибиз керек", — деди депутат.
Министрлер кабинетинин өкүлү баарын түшүнгөнүн айтып, маселе чечилерин убадалады.