Мыйзамдарды коомдук талкуулоонун мөөнөтү 15 күнгө чейин кыскарды
09:56 12.03.2025 (Жаңыртылды: 09:57 12.03.2025)
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЧогулушка катышкандар. Архив

Жазылуу
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Мыйзамды коомдук талкуулоонун мөөнөтү 15 күнгө чейин кыскарды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 6-февралда кабыл алынган.
Ага ылайык, мыйзамды коомдук талкуулоонун мөөнөтү 15 календардык күнгө, муктаждык болгон учурда 10 календардык күнгө чейин кыскарышы мүмкүн.
Төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды талкууга алуу талап кылынбайт:
Конституциялык соттун чечиминен келип чыгуучу;
редакциялык-техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган;
коргонууну жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик сырларды сактоо, аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуучу;
убактылуу мүнөзгө ээ, колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган;
президент жана министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган, аларды кезексиз тартипте кароо үчүн Жогорку Кеңешке киргизилүүчү ченемдик-укуктук актылар.