https://sputnik.kg/20250312/ukraina-kursk-operatsiya-butot-moyunga-aldy-1092601273.html
ЖМК: Украинанын күчтөрү Курскидеги операция жакын арада бүтөрүн моюнга алды
ЖМК: Украинанын күчтөрү Курскидеги операция жакын арада бүтөрүн моюнга алды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Украиналык аскерлердин пикиринде, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусундагы операциясы бир нече күндөн бир нече жумага чейин... 12.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-12T19:14+0600
2025-03-12T19:14+0600
2025-03-12T19:14+0600
дүйнөдө
россия
курск облусу
украина
куралдуу күчтөр
аскер
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0c/1092595694_0:97:3295:1950_1920x0_80_0_0_16b39402da971db7b8c91fe6ebcb7724.jpg
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Украиналык аскерлердин пикиринде, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусундагы операциясы бир нече күндөн бир нече жумага чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости испаниялык El Pais гезитине таянып жазды. Басылмага ишенимдүү маалымат булагы фронтто түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон жагдайлар жаралганын айткан.Сумы облусундагы командачылык менен Курск чек ара аймагындагы топтун ортосундагы байланыш буга чейин эле үзүлгөн. Эми украин аскерлеринин бөлүнүп кетиши өтө жогору.Pais Курск облусунда алтыдан 10 миңге чейин украиналык аскер кызматкерлери курчоого алынышы мүмкүн экенин белгилеген. Гезиттин маалымат булактарынын бири кабарлагандай, учурда бул күчтөрдү эвакуациялоо негизги максат болуп турат. Бирок ал оңойго турбайт. Анткени россиялык учкучсуз учактар, авиабомбалар тынбай атылып жаткандыктан жолдо жүрүү мүмкүн эмес, андыктан жөө басууга туура келет.Россиянын аскерлери Суджага кирип барып борбордук аянтка РФ желегин илгени белгилүү болду.РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Курск аймагындагы аскерлердин маалыматына тыкыр көз салып жатканын билдирди.Ал эми Forbes басылмасынын маалыматы боюнча, украин күчтөрүнүн негизги бөлүгү, анын ичинде бир нече "эң оор бригадалар" Курск облусунан чыгып, Украинанын чек арасы тарапты көздөй кетиши мүмкүн.Белгиленгендей, 25-февралда россиялык учкучсуз учактардын так соккулары Суджага кетчү негизги жолдо ондогон украиналык унааларды иштен чыгарган.Өткөн жылдын 6-августунда таңга жуук Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Россиянын аймагын басып алуу максатында Курск облусуна басып кирген. Алар көзөмөлгө алган эң чоң калктуу пункт Суджа болгон. Ошондуктан шаар негизги логистикалык түйүн катары колдонулган, ал аркылуу Киев жакын жайгашкан бардык айылдар менен шаарлардагы өз бөлүмдөрүн камсыздап турган.Россиянын аскерлери душмандын алдыга жылышын токтотуп, системалуу түрдө аны аймактан сүрүп чыгара баштаган. Алар өткөн жуманын соңунда Курск облусунда ири чабуулга өтүп, бир нече күндүн ичинде Старая Сорочина, Малая Локня, Черкассы Поречное, Мартыновка, Михайловка жана башка көптөгөн калктуу пунктуларды бошотушту.Жалпысынан Курск чек ара аймагындагы салгылашууларда Украинанын Куралдуу күчтөрү 66 миңден ашык жоокерин, 400дөй танкасын жана миңдеген башка техникасын жоготкон.
https://sputnik.kg/20250312/moskva-nato-askerlerinin-ukrainaga-kirishin-kabyldabayt-1092594128.html
курск облусу
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0c/1092595694_283:0:3014:2048_1920x0_80_0_0_2db175efb7b79dcc59bb163f3588e789.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, курск облусу, украина, куралдуу күчтөр, аскер
дүйнөдө, россия, курск облусу, украина, куралдуу күчтөр, аскер
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Украиналык аскерлердин пикиринде, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусундагы операциясы бир нече күндөн бир нече жумага чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу
РИА Новости испаниялык El Pais гезитине таянып жазды.
Басылмага ишенимдүү маалымат булагы фронтто түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон жагдайлар жаралганын айткан.
"Эмне болуп кеткенин бир гана жогорку команда менен бригадалардын командирлери билет", — деп айтылат маалыматта.
Сумы облусундагы командачылык менен Курск чек ара аймагындагы топтун ортосундагы байланыш буга чейин эле үзүлгөн. Эми украин аскерлеринин бөлүнүп кетиши өтө жогору.
Pais Курск облусунда алтыдан 10 миңге чейин украиналык аскер кызматкерлери курчоого алынышы мүмкүн экенин белгилеген. Гезиттин маалымат булактарынын бири кабарлагандай, учурда бул күчтөрдү эвакуациялоо негизги максат болуп турат. Бирок ал оңойго турбайт. Анткени россиялык учкучсуз учактар, авиабомбалар тынбай атылып жаткандыктан жолдо жүрүү мүмкүн эмес, андыктан жөө басууга туура келет.
Россиянын аскерлери Суджага кирип барып борбордук аянтка РФ желегин илгени белгилүү болду.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Курск аймагындагы аскерлердин маалыматына тыкыр көз салып жатканын билдирди.
"Биздин армиядан келип жаткан маалыматтарды кылдаттык менен карап жатабыз. Ага ылайык, аскерлерибиз Курск аймагында ийгиликтүү илгерилеп, согушкерлердин көзөмөлүндөгү аймактарды бошотуп жатат", — деди Песков.
Ал эми Forbes басылмасынын маалыматы боюнча, украин күчтөрүнүн негизги бөлүгү, анын ичинде бир нече "эң оор бригадалар" Курск облусунан чыгып, Украинанын чек арасы тарапты көздөй кетиши мүмкүн.
Белгиленгендей, 25-февралда россиялык учкучсуз учактардын так соккулары Суджага кетчү негизги жолдо ондогон украиналык унааларды иштен чыгарган.
"Эки жумадан кийин Украинанын аскерлеринин негизги бөлүгү, анын ичинде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн эң оор бригадалары Курск облусунан эвакуацияланып, чек аранын украин тарабына кайра жайгаштырылды", — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылдын 6-августунда таңга жуук Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Россиянын аймагын басып алуу максатында Курск облусуна басып кирген. Алар көзөмөлгө алган эң чоң калктуу пункт Суджа болгон. Ошондуктан шаар негизги логистикалык түйүн катары колдонулган, ал аркылуу Киев жакын жайгашкан бардык айылдар менен шаарлардагы өз бөлүмдөрүн камсыздап турган.
Россиянын аскерлери душмандын алдыга жылышын токтотуп, системалуу түрдө аны аймактан сүрүп чыгара баштаган. Алар өткөн жуманын соңунда Курск облусунда ири чабуулга өтүп, бир нече күндүн ичинде Старая Сорочина, Малая Локня, Черкассы Поречное, Мартыновка, Михайловка жана башка көптөгөн калктуу пунктуларды бошотушту.
Жалпысынан Курск чек ара аймагындагы салгылашууларда Украинанын Куралдуу күчтөрү 66 миңден ашык жоокерин, 400дөй танкасын жана миңдеген башка техникасын жоготкон.