Ишеним номерине кайрылган балдардын көйгөйү эмнеде?
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Балдар үчүн ишеним телефону" борборунун директору Марина Жапаркулова балдар кандай маселелер менен жардам сурап кайрыларын айтты.
2024-жылы балдар үчүн ишеним телефонуна жалпы 57 800 чалуу түшкөн. Башкача айтканда, суткасына 160тан, ал эми айына 4800дөн ашуун телефон чалуу болгон. Бул тууралуу Марина Жапаркулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ишеним номерине кайрылган балдардын көйгөйү эмнеде?
Анын айтымында, 111 кыска номерине кайрылгандардын баары жазылат жана психологдор күн-түн дебей жооп берет.
"Биздин борбор тогуз жылдан ашуун убакыттан бери иш алып барууда. 111 кыска номерине күнү-түнү балдар менен кошо чоңдор да акысыз чалып, көйгөйлүү маселесине жооп ала алышат. 2024-жылы балдар үчүн ишеним телефонуна 57 800 чалуу түшкөн. Башкача айтканда, суткасына 160тан, ал эми айына 4800дөн ашуун телефон чалуу болгон. Айрымдар психологиялык жардам сураса, кээ бирлер кайсы бир иште жол көрсөтүп коюуну өтүнүп, ар кандай маселелер менен кайрылышат. Эч качан бир да суроо жоопсуз калбайт. Бизде алты психолог иштейт. Бир суткада эки психолог нөөмөттө турат. Көбүнчө психологиялык жактан жабырланган балдар кайрылат. Мисалы, ата-энеси, теңтуштары менен мамилеси келишпей, өзүн жалгыз сезип жатса кайрылышат. Айрым балдар ата-энесинин урушканына, үйүндөгү уруш-талашка да өзүн күнөөлүү сезишет. Ошондой эле классташтарынын арасында басынып же теңтуштарынын жанында өзүн жаман сезген учурларда да көп чалышат. Кайрылууларды анализдеп, мурунку жылдарга салыштырганда балдар бирдей эле көйгөй менен кайрылып келе жатышат. Өспүрүмдөрдү көбүнчө эмнегедир айланасындагылардын мамилеси кейитет. "Депрессия, апатия болуп жатам, мени ата-энем түшүнбөйт, жалгызсырап жатам" деген даттануулар көп. Айрым учурда балдарга чоң адамдардын түйшүгүн артып коёбуз. Мисалы, бөбөктөрүн бактырып же үйдө ата-энеси жасай турган иштерди жасатышат. Ушундай түйшүктөн тажаган балдар да көп чала баштады", — деди Жапаркулова.
Ал өспүрүмдөр менен кошо чоң кишилер да көп кайрылышарын жана көйгөйлөр ар тараптуу экенин кошумчалады.