https://sputnik.kg/20250314/kyzmattyk-unaa-deputat-1092634009.html
Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан кызматтык унаа менен жүрө башташат
Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан кызматтык унаа менен жүрө башташат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койду. 14.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-14T11:45+0600
2025-03-14T11:45+0600
2025-03-14T11:45+0600
кыргызстан
кызматтык унаа
депутаттар
жогорку кеңеш
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0e/1092633714_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_8234b71fb9db7749b5236b662b366fd5.jpg
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койду.Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 6-февралда кабыл алынган. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берүү тартибин министрлер кабинети аныктайт. Ал эми унааны пайдалануу тартиби парламенттин ички жобосу менен жөнгө салынат. Ошондой эле депутат өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда жеке автоунаасын колдонууга укуктуу.Мурдагы тартипке ылайык, I топтогу майыптыгы бар депутаттарга гана Кыргызстан аймагында иш сапарлары үчүн кызматтык автоунаа берилчү.Буга чейин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев эл өкүлдөрүнө кызматтык унааларды кайтарып берүүнү сунуштаган. Ал унаалар депутаттарга эл менен тыгыз иштешүүгө жана маселелерди аймактарда чечүү үчүн керектигин айткан.Белгилей кетсек, мурдагы чакырылыштын депутаттары кызматтык автоунаа алуудан толук баш тарткан эле. Бирок кийин Жогорку Кеңештеги аял депутаттарга кызматтык автоунаалар берилген.
https://sputnik.kg/20220913/deputattar-emnege-mayanasyn-fondun-koboytkon-1067823575.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0e/1092633714_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_12eac8b9f630004fd67ae6979e32a9d9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кызматтык унаа, депутаттар, жогорку кеңеш
кыргызстан, кызматтык унаа, депутаттар, жогорку кеңеш
Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан кызматтык унаа менен жүрө башташат
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 6-февралда кабыл алынган. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берүү тартибин министрлер кабинети аныктайт. Ал эми унааны пайдалануу тартиби парламенттин ички жобосу менен жөнгө салынат. Ошондой эле депутат өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда жеке автоунаасын колдонууга укуктуу.
Мурдагы тартипке ылайык, I топтогу майыптыгы бар депутаттарга гана Кыргызстан аймагында иш сапарлары үчүн кызматтык автоунаа берилчү.
Буга чейин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев эл өкүлдөрүнө кызматтык унааларды кайтарып берүүнү сунуштаган. Ал унаалар депутаттарга эл менен тыгыз иштешүүгө жана маселелерди аймактарда чечүү үчүн керектигин айткан.
Белгилей кетсек, мурдагы чакырылыштын депутаттары кызматтык автоунаа алуудан толук баш тарткан эле. Бирок кийин Жогорку Кеңештеги аял депутаттарга
кызматтык автоунаалар берилген.