https://sputnik.kg/20250318/ukraina-boyuncha-suyloshuulor-chechile-turgan-abalga-zhetti-1092704703.html
Трамп: Украина боюнча сүйлөшүүлөр чечиле турган абалга жетти
Трамп: Украина боюнча сүйлөшүүлөр чечиле турган абалга жетти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр чечиле турган абалга жетти, Россиянын президенти менен алдыда болуучу диалог эми өтө... 18.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-18T10:56+0600
2025-03-18T10:56+0600
2025-03-18T10:56+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
украина
россия
дональд трамп
сүйлөшүүлөр
https://sputnik.kg/img/07e9/03/12/1092701806_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_bb7f6dafd92fb22364793506606310ef.jpg
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр чечиле турган абалга жетти, Россиянын президенти менен алдыда болуучу диалог эми өтө маанилүү болот. Мындай пикирин АКШ лидери Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды.Президент Украинанын тегерегиндегилерге каршы активдүү кадамдарды жасабоого Россияны "ынандыра аларын" жар салды."Өтө оор акыбалда калган аскерлерди куткаруу үчүн Россиянын президенти менен эртең сүйлөшөм. Алар россиялык күчтөрдүн курчоосунда калды. Эгерде мен болбосом, алар тирүү калбайт эле. Азырынча эч нерсе кылбай тургула деп аларды көндүрө алдым", — деген АКШ президенти.Трамп Украина армиясынын Курскидеги ийгиликсиз кадамы Вашингтондун Киевге жардамын токтотуп салганынан улам болгон жок деп белгиледи. Ак үйдүн башчысынын айтымында, АКШ Украинага ишти туура алып бар деп мажбурлашы керек эле, бирок бул оңойго турган эмес.
https://sputnik.kg/20250318/aksh-krym-rossiyanyn-aymagy-1092702204.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/12/1092701806_125:0:2856:2048_1920x0_80_0_0_a724567c398c18c29c315ce5bf5d15c4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, россия, дональд трамп, сүйлөшүүлөр
дүйнөдө, акш, украина, россия, дональд трамп, сүйлөшүүлөр
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр чечиле турган абалга жетти, Россиянын президенти менен алдыда болуучу диалог эми өтө маанилүү болот. Мындай пикирин АКШ лидери Дональд Трамп билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Чечүүчү баскычка келип калдык жана Россия менен Украина маселесин толугу менен жөнгө салууну каалайбыз. Муну Украина да, башка оюнчулар да каалаганын билип турам. Бул макулдашууга кол коюшубуз керек. Кээде жумасына эки миңден ашык киши каза болуп жатат. Мунун баарын ойлоп турам. Соңку келишимдин көп жерлери макулдашылган, бирок бир тобу бүтпөгөн бойдон калууда", — деген Трамп журналисттерге.
Президент Украинанын тегерегиндегилерге каршы активдүү кадамдарды жасабоого Россияны "ынандыра аларын" жар салды.
"Өтө оор акыбалда калган аскерлерди куткаруу үчүн Россиянын президенти менен эртең сүйлөшөм. Алар россиялык күчтөрдүн курчоосунда калды. Эгерде мен болбосом, алар тирүү калбайт эле. Азырынча эч нерсе кылбай тургула деп аларды көндүрө алдым", — деген АКШ президенти.
Трамп Украина армиясынын Курскидеги ийгиликсиз кадамы Вашингтондун Киевге жардамын токтотуп салганынан улам болгон жок деп белгиледи. Ак үйдүн башчысынын айтымында, АКШ Украинага ишти туура алып бар деп мажбурлашы керек эле, бирок бул оңойго турган эмес.