Ташиев Кайрагач участогу жана анклавынын ордуна берилген жерлерди көрсөттү
11:32 19.03.2025 (Жаңыртылды: 12:32 19.03.2025)
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Жазылуу
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ташиев Тажикстандан Кыргызстанга өткөн 190 гектар жердин кайда жайгашканын көрсөтүп берди.
Картада көк менен белгиленгени — тажик тараптан Кыргызстанга өткөн жерлер.
Эске салсак, Тажикстан менен чек араны такташууда Лейлек районунан Тажикстанга 190 гектар берилген. Кайрагач участогунан 155 гектар жер жана Кайрагач анклавынын 35 гектар жери алынган.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Кайрагач" участогу

1/2
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Кайрагач" участогу
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Сада" участогу

2/2
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Сада" участогу
1/2
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Кайрагач" участогу
2/2
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Сада" участогу
"Кайрагачта тажиктердин заставасы турган. Бул жерде 10дон ашык үйдө кыргыздар жашачу. Бирок тажиктер бул жерлерди заставадан карап турушкан. Мурда "Лейлек" деген жазуу азыркы Кайрагач постунун жанында болчу. Эми ошол жазуу турган жерден 1 600 метр ылдый жылдырылды. Тажиктердин "Кайрагач" өткөрмө пункту да бизде калды. Эми алар өздөрүнүн аймагына жаңысын курат. Кайрагач маанилүү жер, суу келет", — деген Ташиев.
УКМК төрагасы анын ордуна Кыргызстан Саада участогунан 21 гектар, Раззаков участогунан 23,5 гектар, Селкан участогунан 4 гектар, Майты участогунан 7 гектар, Пролетарский участогунан 12,5 гектар, Улак-Жай участогунан 17 гектар, Ак-Арык участогунан 7 гектар, Баткен районунун Кара-Бак участогунан 65 гектар, Майты участогунан 35 гектар, жалпы 190 гектар жер тажиктерге өткөнүн кошумчалады.