https://sputnik.kg/20250320/1092762821.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев тарыхый-маданий мурас объектилери боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Эл өкүлү Конституциянын... 20.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-20T13:00+0600
2025-03-20T13:00+0600
2025-03-20T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/14/1092762689_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_361e87ca50f5ccdfd233133817b103bb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев тарыхый-маданий мурас объектилери боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Эл өкүлү Конституциянын 15-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, тарыхый-маданий мурастардын эстеликтери, архитектуралык, археологиялык объектилер жана табылгалар мамлекеттин менчиги болуп саналарын жана мыйзам тарабынан өзгөчө корголорун эске салды. “Тарыхый-маданий мурас объектилери боюнча өкмөттүн тизмеси бекиген. Анда 583 тарыхый объект жазылган. Учурда булар талкаланууда. Тактап айтканда, тизмеден бир-бирден чыгарылып жок кылынууда. “Ала-Тоо” кинотеатрынын маңдайындагы типография жок, "Ысык-Көл" мейманканасы, Панфилов дивизиясынын музейи, ВДНХ, Батыш жана Чыгыш автобекеттери, "Аккула" ипподрому талкаланды”, — деди эл өкүлү. Депутат президенттин иш башкармалыгы дагы бир катар объектилерди тизмеден чыгарууну демилгелегенин айтты. Анын ичинде мурдагы Өкмөт үйү жана Жогорку соттун имараты бар. “Дүйнөдө мындай имараттар корголот... Рейхстагды, Вашингтондогу Ак үйдү, Москвадагы Кремлди инвесторго берүү ойго келбейт. Бизде боло берет экен. Ошондуктан депутаттык комиссия түзүп, маселе боюнча бир жыйынтыкка келели”, — деди Масалиев.
Жеке жактар автоунааларды импорттоодо жана сатууда алынган киреше салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, мындай нерсе калкты колдоо жана жарандардын финансылык абалын жакшыртуу максатында жасалууда. “Эми жеке жактар бир жылдан бери ээлик кылган машина үчүн 2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алган кирешесине карата салыктардан, айып пулдан жана туумдардан бошотулат. Пайыздардын жана туумдардын суммалары боюнча жоопкерчиликтен жана милдеттенмени аткаруудан да бошотулат”, - деп айтылат маалыматта. Салык кызматы бул жеңилдик бир жолку болуп саналарын белгиледи. Ошондой эле алдамчылыкка жол бербөө үчүн жарандарды паспорттук маалыматтарын жана документтерин үчүнчү жактарга сый акы үчүн бербөөгө чакырат.
Аламүдүн районунун прокурору Жамалбек Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак кабарлады. Маалыматка ылайык, ал 2,5 миң доллар пара талап кылууга шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Прокурор кылмыш иши боюнча маселени чечип берем деп айылдашынан акча алууга аракет кылганы айтылды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийге атомдук электр станцияларын башкаруу боюнча Украинага жардам кылууга даяр экендигин билдиргенин РИА Новости жазды. Америка лидеринин айтымында, эгерде Кошмо Штаттар Украинадагы энергетикалык объектилерге ээлик кылса, бул аталган инфраструктуралардын каралып жана корголуп турушуна жакшы шарттарды түзмөк. “Трамп аны менен катар эле Украинанын электрдик камсыздоо жана атомдук электр станциялары боюнча маселесин талкуулаган. Президент АКШ алардын электр техникалары жана коммуналдык кызмат көрсөтүүсү жаатында эксперттик билимдери менен бөлүшүп жана пландарын ишке ашырууга эбегейсиз жардамын бере алмактыгын айткан”, — деген Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев тарыхый-маданий мурас объектилери боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Эл өкүлү Конституциянын 15-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, тарыхый-маданий мурастардын эстеликтери, архитектуралык, археологиялык объектилер жана табылгалар мамлекеттин менчиги болуп саналарын жана мыйзам тарабынан өзгөчө корголорун эске салды. “Тарыхый-маданий мурас объектилери боюнча өкмөттүн тизмеси бекиген. Анда 583 тарыхый объект жазылган. Учурда булар талкаланууда. Тактап айтканда, тизмеден бир-бирден чыгарылып жок кылынууда. “Ала-Тоо” кинотеатрынын маңдайындагы типография жок, "Ысык-Көл" мейманканасы, Панфилов дивизиясынын музейи, ВДНХ, Батыш жана Чыгыш автобекеттери, "Аккула" ипподрому талкаланды”, — деди эл өкүлү. Депутат президенттин иш башкармалыгы дагы бир катар объектилерди тизмеден чыгарууну демилгелегенин айтты. Анын ичинде мурдагы Өкмөт үйү жана Жогорку соттун имараты бар. “Дүйнөдө мындай имараттар корголот... Рейхстагды, Вашингтондогу Ак үйдү, Москвадагы Кремлди инвесторго берүү ойго келбейт. Бизде боло берет экен. Ошондуктан депутаттык комиссия түзүп, маселе боюнча бир жыйынтыкка келели”, — деди Масалиев. Жеке жактар автоунааларды импорттоодо жана сатууда алынган киреше салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, мындай нерсе калкты колдоо жана жарандардын финансылык абалын жакшыртуу максатында жасалууда. “Эми жеке жактар бир жылдан бери ээлик кылган машина үчүн 2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алган кирешесине карата салыктардан, айып пулдан жана туумдардан бошотулат. Пайыздардын жана туумдардын суммалары боюнча жоопкерчиликтен жана милдеттенмени аткаруудан да бошотулат”, - деп айтылат маалыматта. Салык кызматы бул жеңилдик бир жолку болуп саналарын белгиледи. Ошондой эле алдамчылыкка жол бербөө үчүн жарандарды паспорттук маалыматтарын жана документтерин үчүнчү жактарга сый акы үчүн бербөөгө чакырат. Аламүдүн районунун прокурору Жамалбек Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак кабарлады. Маалыматка ылайык, ал 2,5 миң доллар пара талап кылууга шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Прокурор кылмыш иши боюнча маселени чечип берем деп айылдашынан акча алууга аракет кылганы айтылды.АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийге атомдук электр станцияларын башкаруу боюнча Украинага жардам кылууга даяр экендигин билдиргенин РИА Новости жазды. Америка лидеринин айтымында, эгерде Кошмо Штаттар Украинадагы энергетикалык объектилерге ээлик кылса, бул аталган инфраструктуралардын каралып жана корголуп турушуна жакшы шарттарды түзмөк. “Трамп аны менен катар эле Украинанын электрдик камсыздоо жана атомдук электр станциялары боюнча маселесин талкуулаган. Президент АКШ алардын электр техникалары жана коммуналдык кызмат көрсөтүүсү жаатында эксперттик билимдери менен бөлүшүп жана пландарын ишке ашырууга эбегейсиз жардамын бере алмактыгын айткан”, — деген Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/14/1092762689_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_26783e40eef0dde05bc4e7ae90259959.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио