Оштун Кара-Суусунда кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү заводдор ачылды
Оштун Кара-Суусунда кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү заводдор ачылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош облусунда кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү заводдорду ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат... 20.03.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош облусунда кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү заводдорду ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.9 миллион доллардан ашык каражатка салынган бул долбоор Кара-Суу районунун калкы үчүн 250 жумушчу орун түзмөкчү. Жылына 50 миллион даана кыш жана 600 миң тонна көмүр өндүрүү планы бар.Президент мындай долбоорлор экономиканын туруктуулугун чыңдоого, курулуш материалдарын импорттоодогу көз карандылыкты азайтууга жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болоруна токтолду.Андан соң ишкананын расмий ишке киришин белгилеген лента кесүү аземи болду. Садыр Жапаровго чийки затты даярдоодон баштап, даяр продукцияны таңгактоого чейинки продукциянын өндүрүлүшүнүн толук автоматташтырылган цикли көрсөтүлдү.Эске салсак, Жапаров иш сапары менен Баткенге барган. Ал 20-21-март күндөрү Баткен жана Ош облустарында бир катар курулуштардын ачылышына катышып, Ноорузду Ош калаасында тосот.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош облусунда кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү заводдорду ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
9 миллион доллардан ашык каражатка салынган бул долбоор Кара-Суу районунун калкы үчүн 250 жумушчу орун түзмөкчү. Жылына 50 миллион даана кыш жана 600 миң тонна көмүр өндүрүү планы бар.
Президент мындай долбоорлор экономиканын туруктуулугун чыңдоого, курулуш материалдарын импорттоодогу көз карандылыкты азайтууга жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болоруна токтолду.
Президент мындай долбоорлор экономиканын туруктуулугун чыңдоого, курулуш материалдарын импорттоодогу көз карандылыкты азайтууга жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болоруна токтолду

"Заводдордун иши ийгиликтүү болсун, бүгүнкү күндөгү атаандаштыкка жөндөмдүү, технологиялык жактан өнүккөн ишкана болсун! Мээнет төккөндөрдүн колу мындан ары да берекеге, ийгиликке тунсун", — деди мамлекет башчы.
Андан соң ишкананын расмий ишке киришин белгилеген лента кесүү аземи болду. Садыр Жапаровго чийки затты даярдоодон баштап, даяр продукцияны таңгактоого чейинки продукциянын өндүрүлүшүнүн толук автоматташтырылган цикли көрсөтүлдү.
Эске салсак, Жапаров иш сапары менен Баткенге барган. Ал 20-21-март күндөрү Баткен жана Ош облустарында бир катар курулуштардын ачылышына катышып, Ноорузду Ош калаасында тосот.