https://sputnik.kg/20250324/zheke-assistent-pensiya-menen-kamsyz-bolot-1092833962.html
Молдогазиева: майыптарды күнү-түнү караган ассистенттерге пенсия алууга шарт түзүлөт
Молдогазиева: майыптарды күнү-түнү караган ассистенттерге пенсия алууга шарт түзүлөт
Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин майыптуулугу бар балдар жана улгайган адамдарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура... 24.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-24T12:05+0600
2025-03-24T12:05+0600
2025-03-24T12:05+0600
радио
майыптык
жеке ассистент
медицина
эмгек акы
кыргызстан
айнура молдогазиева
https://sputnik.kg/img/07e9/03/18/1092834110_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_72be917c7585ca66fd3a88e211a23269.jpg
Молдогазиева: майыптарды күнү-түнү караган ассистенттерге пенсия алууга шарт түзүлөт
Sputnik Кыргызстан
Молдогазиева: майыптарды күнү-түнү караган ассистенттерге пенсия алууга шарт түзүлөт
2025-жылдын 1-мартына карата республикада жеке ассистент кызматын жалпы 15 030 майыптыгы бар адам пайдаланууда. Анын ичинен 9 534ү балдар жана 5 496у чоң адамдар экенин Айнура Молдогазиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеке ассистент дайындоо өлкөдө 2019-жылдан тарта иштей баштаган.Ал ошондой эле майып балдарды жана улгайгандарды күнү-түнү карап отурган жеке ассистенттердин пенсия алуусуна шарт түзүлөрүн кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/18/1092834110_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_c4dce4945bef8707885910b6283b095f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
майыптык, жеке ассистент, медицина, эмгек акы, кыргызстан, аудио, айнура молдогазиева
майыптык, жеке ассистент, медицина, эмгек акы, кыргызстан, аудио, айнура молдогазиева
Молдогазиева: майыптарды күнү-түнү караган ассистенттерге пенсия алууга шарт түзүлөт
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин майыптуулугу бар балдар жана улгайган адамдарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Молдогазиева жеке ассистенттин бир айлык кызмат акысы 7 681 сомду түзөрүн маалымдады.
2025-жылдын 1-мартына карата республикада жеке ассистент кызматын жалпы 15 030 майыптыгы бар адам пайдаланууда. Анын ичинен 9 534ү балдар жана 5 496у чоң адамдар экенин Айнура Молдогазиева
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеке ассистент дайындоо өлкөдө 2019-жылдан тарта иштей баштаган.
"Өкмөттүн 2018-жылдагы токтомунун негизинде, бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон жарандарга жеке ассистент кызматын төлөө шарттары жөнүндө жобо кабыл алынган. Ага ылайык, жеке ассистент кызматы 2019-жылдан тарта иштеп баштаган. Ошол жылдан бери 18 жашка чейинки курактагы майыптыгы бар балдарга жеке ассистенттик кызмат көрсөтүлсө, 2022-жылдан тарта бул кызмат бала кезинен майыптыгы бар улгайган адамдарга да багытталган. Жеке ассистент кызматы медициналык социалдык эксперттик комиссия тарабынан бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж деген корутунду чыккандан кийин дайындалат. Жеке ассистент кызматынын максаты майыптыгы бар балдарга жана чоң кишилерге сапаттуу кызмат көрсөтүү, коопсуздугун сактоо жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, башка медициналык адистердин көрсөтмөсүн аткаруу болуп саналат", — деди Молдогазиева.
Ал ошондой эле майып балдарды жана улгайгандарды күнү-түнү карап отурган жеке ассистенттердин пенсия алуусуна шарт түзүлөрүн кошумчалады.