https://sputnik.kg/20250326/ichuuchu-suu-sistemalaryn-kayradan-kuruu-zaryl-1092890004.html
Өлкөдөгү 796 айылдын эли таза суу менен камсыздалды
Өлкөдөгү 796 айылдын эли таза суу менен камсыздалды
Sputnik Кыргызстан
Суу ресурстары кызматына караштуу ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Шамшиддин Халов калктын... 26.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-26T12:30+0600
2025-03-26T12:30+0600
2025-03-26T12:30+0600
радио
таза суу
куруу
программа
айыл
саркынды суу
кыргызстан
шамшиддин халов
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1a/1092893953_0:219:3067:1944_1920x0_80_0_0_098db08e36bedf76952bd71b6610ce08.jpg
Өлкөдөгү 796 айылдын эли таза суу менен камсыздалды
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү 796 айылдын эли таза суу менен камсыздалды
Бүгүнкү күндө республикадагы 2 014 айылдын 796сынын тургундары ичүүчү суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, учурда элге таза суу жеткирүү иштери республиканын жети аймагында тең жүрүп жатат.Ал ошондой эле аймактарда ичүүчү суу ар бир үйгө эсептегичи менен киргизилип жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1a/1092893953_180:0:2909:2047_1920x0_80_0_0_591c4b10ec0ce6cf65c2351be8db0057.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
таза суу, куруу, программа, айыл, саркынды суу, кыргызстан, аудио, шамшиддин халов
таза суу, куруу, программа, айыл, саркынды суу, кыргызстан, аудио, шамшиддин халов
Өлкөдөгү 796 айылдын эли таза суу менен камсыздалды
Суу ресурстары кызматына караштуу ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Шамшиддин Халов калктын санынын өсүшүнө байланыштуу таза суу системаларын кайрадан куруу зарыл болуп жатканын айтты.
Бүгүнкү күндө республикадагы 2 014 айылдын 796сынын тургундары ичүүчү суу менен камсыз болду. Бул тууралуу
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда элге таза суу жеткирүү иштери республиканын жети аймагында тең жүрүп жатат.
"Бул тармакты өнүктүрүү үчүн өкмөттүн атайын программасы кабыл алынган. Ага ылайык, ичүүчү суу системаларын куруу жана реабилитациялоо иштери республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен, ошондой эле тышкы донорлордун каржылоосу менен ишке ашырылууда. Азыркы тапта калкты таза суу менен камсыздоо иштери өлкөнүн жети аймагында жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө республикадагы 2014 айылдын 796сынын тургундары ичүүчү суу менен камсыз болуп, 258 айылда курулуш иштери уланууда. Ал эми 960 калктуу конушта суу түтүктөрүн куруу жана реабилитациялоо талап кылынат. Мындан тышкары, саркынды сууларды тазалоо системаларын куруу иштери да жүрүүдө. Учурда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Каракол шаарында курулуп жатат. Ал эми Чолпон-Атада курууга старт берүү алдында турат", — деди Халов.
Ал ошондой эле аймактарда ичүүчү суу ар бир үйгө эсептегичи менен киргизилип жатканын кошумчалады.