"Фронт менен тыл бирдикте". Балалыгы уурдалган балдардын согушка жардамы
"Фронт менен тыл бирдикте". Балалыгы уурдалган балдардын согушка жардамы
Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик cогуш учурунда "Фронт менен тыл бирдикте" деген ураан менен кыргызстандыктар чоң жардам көрсөткөн. Мекен чегин коргогон жоокерлерден тышкары... 26.03.2025, Sputnik Кыргызстан
Кызыл армиянын резервин камсыздаган коргоо, авиациялык жана химиялык курулушуна көмөкчү коом аскердик техникага 2 532 770 рубль чогулткан. Коргоо фондуна 2 030 тонна азык-түлүк өткөрүп берилген. Тылдын фронтко жардам берген учурлары Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик кинофонофото архивинин сүрөттөрүндө сакталып калган.Тема боюнча:
Улуу Ата Мекендик cогуш учурунда "Фронт менен тыл бирдикте" деген ураан менен кыргызстандыктар чоң жардам көрсөткөн. Мекен чегин коргогон жоокерлерден тышкары 30 миңден ашуун кыргызстандык жумушчу ар аймактагы аскердик объектилерге көмөк көрсөтүүгө жиберилген.
Кызыл армиянын резервин камсыздаган коргоо, авиациялык жана химиялык курулушуна көмөкчү коом аскердик техникага 2 532 770 рубль чогулткан. Коргоо фондуна 2 030 тонна азык-түлүк өткөрүп берилген. Тылдын фронтко жардам берген учурлары Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик кинофонофото архивинин сүрөттөрүндө сакталып калган.
Тамеки фабрикасынын алдыңкы жумушчусу (стахановчу) Ф. И. Буларкиева Панфилов атындагы аткычтар дивизиясынын аскерлерине белектерди даярдоодо. Фрунзе, 1941
Тамеки фабрикасынын алдыңкы жумушчусу (стахановчу) Ф. И. Буларкиева Панфилов атындагы аткычтар дивизиясынын аскерлерине белектерди даярдоодо. Фрунзе, 1941
№3 орто мектебинин 3-классынын мугалими Н.Н. Пиотровская окуучулары Нелли Лущенко, Рая Шмурзина менен кан майдандагы аскерлер үчүн жылуу кийим чогултуп жатат. Фрунзе, 1943
№3 орто мектебинин 3-классынын мугалими Н.Н. Пиотровская окуучулары Нелли Лущенко, Рая Шмурзина менен кан майдандагы аскерлер үчүн жылуу кийим чогултуп жатат. Фрунзе, 1943
Дейшин колхозунун башкармасы Маленчинов айылдаштарына гезиттен кан майдандагы абал тууралуу маалыматтарды окуп берүүдө. Жети-Өгүз району, Ырдык кыштагы, 1945
Дейшин колхозунун башкармасы Маленчинов айылдаштарына гезиттен кан майдандагы абал тууралуу маалыматтарды окуп берүүдө. Жети-Өгүз району, Ырдык кыштагы, 1945