https://sputnik.kg/20250327/1092927039.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүү аркылуу энергетикалык дефициттен чыга алабыз, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт... 27.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-27T17:00+0600
2025-03-27T17:00+0600
2025-03-27T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1b/1092926907_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c032c3218abac3dc2c97f2c25119828c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүү аркылуу энергетикалык дефициттен чыга алабыз, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинде өткөн көчмө жыйында. Жыйын өлкөдөгү учурдагы электр энергияга байланышкан маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Отурумда генерацияны көбөйтүү, энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган 2030-жылга чейинки улуттук программанын алкагында пландалган долбоорлорду ишке ашыруу, тариф саясатына болгон өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, керектөөчүлөрдүн саны өскөндүгүнө байланыштуу калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу сыяктуу бир катар маселелер талкууланды. Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүү аркылуу энергетикалык дефициттен чыгып, генерацияны көбөйтүүгө болоорун билдирди.
Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектиндеги үйлөр мыйзамдуу болсо кенемте маселеси каралат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин жыйынында билдирди. Ал жол жээгиндеги 66 үйдүн ээлери менен жолукканын билдирди. Айтымында, алардын жери боюнча документтер мэриянын 1997-жылы чыгарган буйругунун негизинде берилген. "Мэриянын 1997-жылкы буйругунун 2-бөлүгүндө үй ээлерине жолдор кеңейтилет, үй, дарбазаны бузууга туура келсе кенемте төлөнбөйт деп айтылган. Мындан тышкары, жер тилкелер кантип менчикке чыкканы кызык. Себеби участоктордун аянты 10 сотыхтан көп. Шаарда жер 4 сотыхтын тегерегинде эле берилерин билесиздер", — деди калаа башчысы. Ал ошондой эле 1997-жылдагы буйрукка шилтеме кылганын, ошол жылдары жеке менчик боюнча укуктар жөнгө салына баштаганын кошумчалады.
Улугбек Кожобергенов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору – башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору болуп дайындалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Россия Украинада Батыштын тынчтык орнотуучуларын жайгаштырууга караманча каршы, Улуу Британия менен Франция миссияга жамынып аскердик кийлигишүү планын жашырууда. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди."Мындай сценарий Россия менен НАТОну түз кагылышууга кептейт, мындан улам Москва буга караманча каршы", — деди дипломат.Захарова Лондон менен Париж Украинага аскердик кийлигишүү ниетинен баш тарта электигин, аны "тынчтык орнотуу миссиясы" менен жаап-жашырып жатканын белгилеген.
Россиянын эл аралык уюмдардагы делегациялары Украина Куралдуу күчтөрүнүн россиялык журналисттердин өлтүрүшү боюнча толук кандуу билдирүү жасашы үчүн болгон аракетин көрөт. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди."БУУнун Нью-Йорк, Женева жана Париждеги туруктуу өкүлчүлүктөрү аталган структуралардын россиялык журналисттердин Киев режими тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча комментарий берип, билдирүү жасашын талап кылат", — деди Захарова. Эскерте кетсек, буга чейин БУУ баш катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик уюм Украина Куралдуу күчтөрүнүн колунан набыт болгон журналисттердин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтып, БУУ тиешелүү мандаты жок кылмыш иликтей албай турганын белгилеген.
Энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүү аркылуу энергетикалык дефициттен чыга алабыз, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинде өткөн көчмө жыйында. Жыйын өлкөдөгү учурдагы электр энергияга байланышкан маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Отурумда генерацияны көбөйтүү, энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган 2030-жылга чейинки улуттук программанын алкагында пландалган долбоорлорду ишке ашыруу, тариф саясатына болгон өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, керектөөчүлөрдүн саны өскөндүгүнө байланыштуу калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу сыяктуу бир катар маселелер талкууланды. Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүү аркылуу энергетикалык дефициттен чыгып, генерацияны көбөйтүүгө болоорун билдирди. Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектиндеги үйлөр мыйзамдуу болсо кенемте маселеси каралат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин жыйынында билдирди. Ал жол жээгиндеги 66 үйдүн ээлери менен жолукканын билдирди. Айтымында, алардын жери боюнча документтер мэриянын 1997-жылы чыгарган буйругунун негизинде берилген. "Мэриянын 1997-жылкы буйругунун 2-бөлүгүндө үй ээлерине жолдор кеңейтилет, үй, дарбазаны бузууга туура келсе кенемте төлөнбөйт деп айтылган. Мындан тышкары, жер тилкелер кантип менчикке чыкканы кызык. Себеби участоктордун аянты 10 сотыхтан көп. Шаарда жер 4 сотыхтын тегерегинде эле берилерин билесиздер", — деди калаа башчысы. Ал ошондой эле 1997-жылдагы буйрукка шилтеме кылганын, ошол жылдары жеке менчик боюнча укуктар жөнгө салына баштаганын кошумчалады.Улугбек Кожобергенов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору – башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору болуп дайындалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.Россия Украинада Батыштын тынчтык орнотуучуларын жайгаштырууга караманча каршы, Улуу Британия менен Франция миссияга жамынып аскердик кийлигишүү планын жашырууда. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди."Мындай сценарий Россия менен НАТОну түз кагылышууга кептейт, мындан улам Москва буга караманча каршы", — деди дипломат.Захарова Лондон менен Париж Украинага аскердик кийлигишүү ниетинен баш тарта электигин, аны "тынчтык орнотуу миссиясы" менен жаап-жашырып жатканын белгилеген. Россиянын эл аралык уюмдардагы делегациялары Украина Куралдуу күчтөрүнүн россиялык журналисттердин өлтүрүшү боюнча толук кандуу билдирүү жасашы үчүн болгон аракетин көрөт. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди."БУУнун Нью-Йорк, Женева жана Париждеги туруктуу өкүлчүлүктөрү аталган структуралардын россиялык журналисттердин Киев режими тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча комментарий берип, билдирүү жасашын талап кылат", — деди Захарова. Эскерте кетсек, буга чейин БУУ баш катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик уюм Украина Куралдуу күчтөрүнүн колунан набыт болгон журналисттердин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтып, БУУ тиешелүү мандаты жок кылмыш иликтей албай турганын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1b/1092926907_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4c63750ab6eb83f383a3bf5cfb2edcc4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио