https://sputnik.kg/20250327/kyrgyzstan-zharatylysh-akkuu-1092917050.html
Ысык-Көлдө ак куулар өлгөн видео тарады. Министрлик себебин изилдеп жатат
Ысык-Көлдө ак куулар өлгөн видео тарады. Министрлик себебин изилдеп жатат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдө ак куулардын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл... 27.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-27T11:54+0600
2025-03-27T11:54+0600
2025-03-27T11:54+0600
кыргызстан
жаратылыш
ак куу
ысык-көл
экология
видео
https://sputnik.kg/img/104737/18/1047371830_0:0:3068:1726_1920x0_80_0_0_3dbd1fe4537bdf58d75f824953a7cf45.jpg
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдө ак куулардын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.Эскерте кетсек, буга чейин "Көлдө ак куулар ачкадан өлүп жатат" деген видео тараган.Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге экологдор жана Ветеринардык кызматтын өкүлдөрү барып, өлгөн канаттуулардын ткандарынан лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгү алышкан.Орнитолог Сейитказы Сагынбаев ак куулар өсүмдүктөрдүн тамыры жана балыр менен азыктанарын, аны көлдүн тайыз жеринен табышарын белгиледи."Адамдар жээкке жакын барганда канаттуулар коркуп, суунун терең жагына кетип, ал жактан азык таба албай калышат. Узак жол жүрүп келгенден кийин алсырап, ачкадан өлүп калуусу мүмкүн", — деген Сагынбаев.Ошондой эле ал ак кууларды колдо багууга мүмкүн эместигин, аларга тоскоол болбош керектигин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20240407/toodak-ak-kuu-zhogolup-ketuu-korkunuchunda-turat-1084036342.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104737/18/1047371830_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_8621038f6c965ee95e413aea81f1ff40.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жаратылыш, ак куу, ысык-көл, экология, видео
кыргызстан, жаратылыш, ак куу, ысык-көл, экология, видео
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдө ак куулардын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Эскерте кетсек, буга чейин "Көлдө ак куулар ачкадан өлүп жатат" деген видео тараган.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге экологдор жана Ветеринардык кызматтын өкүлдөрү барып, өлгөн канаттуулардын ткандарынан лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгү алышкан.
"Кээ бир ак куулардын өлүгүнөн кайырмактын сыныктары, тордун кылдары табылды. Бул алардын браконьерлердин курмандыгы болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Бирок адистер ак куулардын өлүмүнүн башка мүмкүн болгон себептерин да изилдеп жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Орнитолог Сейитказы Сагынбаев ак куулар өсүмдүктөрдүн тамыры жана балыр менен азыктанарын, аны көлдүн тайыз жеринен табышарын белгиледи.
"Адамдар жээкке жакын барганда канаттуулар коркуп, суунун терең жагына кетип, ал жактан азык таба албай калышат. Узак жол жүрүп келгенден кийин алсырап, ачкадан өлүп калуусу мүмкүн", — деген Сагынбаев.
Ошондой эле ал ак кууларды колдо багууга мүмкүн эместигин, аларга тоскоол болбош керектигин кошумчалады.