https://sputnik.kg/20250327/lavrov-rossiyalyk-zhurnalistterdin-olturulushu-boyuncha-un-katty-1092911960.html
Лавров россиялык журналисттердин өлтүрүлүшү боюнча үн катты
Лавров россиялык журналисттердин өлтүрүлүшү боюнча үн катты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россиялык журналисттердин биринин артынан бири өлтүрүлүшү украин нацисттеринин эл аралык гуманитардык эрежелерди одоно бузуп... 27.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-27T10:14+0600
2025-03-27T10:14+0600
2025-03-27T10:28+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
луганск
белгород
сергей лавров
журналист
өлүм
атайын операция
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1b/1092913193_0:0:1280:721_1920x0_80_0_0_9d9505c2b21a18fe2556a860a5a98e84.png
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россиялык журналисттердин биринин артынан бири өлтүрүлүшү украин нацисттеринин эл аралык гуманитардык эрежелерди одоно бузуп жатканынан кабар берет. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды.Дипломаттын айтымында, россиялык кабарчылар ЖМК өкүлү катары атайын операция боюнча маалыматтарды элге жеткирүүдө өздөрүнүн зор салымын кошуп келет."Эр жүрөк журналисттердин каармандык менен аткарган иштеринен улам дүйнө Киев бийлигинин мыкаачылыктарын билип отурат... Тышкы иштер министрлигинин жана өзүмдүн атымдан Биринчи каналдын кабарчысы Анна Прокофьеванын, "Известиянын" аскер кабарчысы Александр Федорчактын, "Звезда" телеканалынын оператору Андрей Пановдун, журналисттер тобунун айдоочусу Александр Сиркелинин трагедиялуу өлүмүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деген Лавров.Эске салсак, Панов, Сиркели жана Федорчактын өмүрүн 24-мартта Украинанын Куралдуу күчтөрү кое берген HIMARS ракеталары алып кеткен. Журналисттер тобуна Луганскидеги Михайловка поселогунда жарандык автоунаада бара жатканда кол салынган. Россиянын Тергөө комитети бул боюнча иш козгоду.Ал эми Прокофьева ишин аткарып жүргөндө, тагыраагы, Украина менен чектешкен Белгород облусунда курман болгонун Биринчи канал кечээ, 26-мартта, билдирген. Оператор Дмитрий Волковдун жаракаты көп болуп, оор абалда экенин айтышты. Бул боюнча да кылмыш иши козголгон.Прокофьева Sputnik агенттигинин испан редакциясында 2020-жылдын сентябрынан 2022-жылдын ноябрына чейин иштеп, Telegram каналында гуманитардык жардам топтоо боюнча иш алып барган. Ал жактан бошогондон кийин топтогон жардамын атайын операция жүрүп жаткан аймактарга алып барган. Кийинчерээк Биринчи каналда эмгектене баштаган.
https://sputnik.kg/20250325/rossiyalyk-zhurnalistter-ukraina-armiyasynyn-atkyloosunan-kaza-tapty-1092860726.html
луганск
белгород
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1b/1092913193_0:0:1138:853_1920x0_80_0_0_1973a0fce82c824c30e69ecc5a7a8adb.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, луганск, белгород, сергей лавров, журналист, өлүм, атайын операция
дүйнөдө, россия, луганск, белгород, сергей лавров, журналист, өлүм, атайын операция
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россиялык журналисттердин биринин артынан бири өлтүрүлүшү украин нацисттеринин эл аралык гуманитардык эрежелерди одоно бузуп жатканынан кабар берет. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров айтканын
РИА Новости жазды.
"Россиялык журналисттердин өлтүрүлүшү — украиналык нацисттердин эл аралык гуманитардык эрежелерди бузууну, жай жарандардын өмүрүн кыюуну мындан ары уланта берүүгө даяр экендигинин айкын белгиси. Сиздердин кесиптештериңиздердин жолу — кайратман журналистиканын таза үлгүсү. Сиздер менен кошо аза күтөм. Алардын жакындарынын кайгысын тең бөлүшөрүмдү билдирип коесуздар", — деген министр.
Дипломаттын айтымында, россиялык кабарчылар ЖМК өкүлү катары атайын операция боюнча маалыматтарды элге жеткирүүдө өздөрүнүн зор салымын кошуп келет.
"Эр жүрөк журналисттердин каармандык менен аткарган иштеринен улам дүйнө Киев бийлигинин мыкаачылыктарын билип отурат... Тышкы иштер министрлигинин жана өзүмдүн атымдан Биринчи каналдын кабарчысы Анна Прокофьеванын, "Известиянын" аскер кабарчысы Александр Федорчактын, "Звезда" телеканалынын оператору Андрей Пановдун, журналисттер тобунун айдоочусу Александр Сиркелинин трагедиялуу өлүмүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деген Лавров.
Эске салсак, Панов, Сиркели жана Федорчактын өмүрүн 24-мартта Украинанын Куралдуу күчтөрү кое берген HIMARS ракеталары алып кеткен. Журналисттер тобуна Луганскидеги Михайловка поселогунда жарандык автоунаада бара жатканда кол салынган. Россиянын Тергөө комитети бул боюнча иш козгоду.
Ал эми Прокофьева ишин аткарып жүргөндө, тагыраагы, Украина менен чектешкен Белгород облусунда курман болгонун Биринчи канал кечээ, 26-мартта, билдирген. Оператор Дмитрий Волковдун жаракаты көп болуп, оор абалда экенин айтышты. Бул боюнча да кылмыш иши козголгон.
Прокофьева Sputnik агенттигинин испан редакциясында 2020-жылдын сентябрынан 2022-жылдын ноябрына чейин иштеп, Telegram каналында гуманитардык жардам топтоо боюнча иш алып барган. Ал жактан бошогондон кийин топтогон жардамын атайын операция жүрүп жаткан аймактарга алып барган. Кийинчерээк Биринчи каналда эмгектене баштаган.