00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Айдоочуларды кайрадан экзамен тапшыртуунун максаты эмнеде?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргыз театрынын келкели келдиби — жаңы спектаклдер, жанрлар, жаш актерлор
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Деньги в долг: когда можно не возвращать? Советы юрист
14:05
31 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россия 2024-2030-жылдарга Кыргызстандагы уулу калдыктарды тазалоого каражат бөлдү
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Исчезающие виды: чем мы вредим природе Кыргызстана, даже не зная этого?
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исатбек кызы: Маселе көтөрсөң министрлер “жаш депутат” деп тоготпой койгон учурлар болду
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Протекционизм учурдагы дүйнөлүк экономикага керекпи?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Деньги в долг: когда можно не возвращать? Советы юрист
20:06
31 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россия 2024-2030-жылдарга Кыргызстандагы уулу калдыктарды тазалоого каражат бөлдү
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору алмашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Примов ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна Тимур Малабашев дайындалды.
Кыргызстандын жарандары эми ID-паспортун мамлекеттик мекемелерге барбастан онлайн алмаштыра алышат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору Урмат Камбаров билдирди. Анын айтымында, жаңы кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, узун кезектерден арылтууга жардам берет. «Биз жарандар үчүн ыңгайлуу жана заманбап кызматты ишке киргиздик. “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу арыз тапшырып, фото-идентификациядан өтүп жана мамлекеттик төлөмдү онлайн төлөп, паспортту жаңыртууга болот. 1–3 күндүн ичинде документтер текшерилип, жаран жаңы паспортун өзү тандаган КТБдан ала алат», — деди Камбаров. Ошондой эле ал санариптик мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүү улантылып жатканын кошумчалады.
Сокулукта эки бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылы райондун Манас, Ак-Жол айылдарындагы бала бакчалар мыйзамсыз сатылганы аныкталган."Манастагы 275 орундуу бала бакча 6,9 миллион сомго сатылса, Ак-Жолдогу 1,2 миллион сомго менчиктештирилип кеткен. Натыйжада бул аймактагы 4000ге жакын баланын билим алуу укугу бузулган", — деп айтылат маалыматта. Прокуратура сотко кайрылып, имараттар муниципалитетке кайтарылганы кошумчаланды.
Россия президенти Владимир Путин АКШнын Гренландияны кошуп алуу планы 1860-жылдары эле пайда болгонун билдирди. РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча, Россия лидери "Арктика — диалогдун аймагы" аталышындагы эл аралык форумда сүйлөгөн. Анын айтымында, америкалык администрация Гренландия менен Исландияны кошуу мүмкүнчүлүгүн XIX кылымдын ортосунда талкуулап, сунушту Конгресс колдобой койгон.Ал 1868-жылы америкалык гезиттер Алясканын сатып алынышын шакаба чегишкенин белгиледи. Ошондой эле 1910-жылы АКШ, Германия жана Даниянын ортосунда аймак алмашуу боюнча үч тараптуу келишим түзүлгөнүн эске салды.Президент өз сөзүндө Арктиканын дүйнөлүк мааниси барган сайын артып жатканын, ошону менен бирге региондогу позиция үчүн талаш-тартыш да күчөп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, Россия Арктикада пайдалуу кен, анын ичинде сейрек кездешүүчү металлдарды казуу иштерин өнүктүрөт. Путин Арктиканын табиятына туура мамиле жасап, жаратылыш байлыктарын колдонууда балансты сактоого чакырды.
Түштүк-Чыгыш Азияда кыйратуучу жер титирөө болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Маалыматка караганда, анын магнитудасы 7,7ге жеткен. Жер титирөө Бангладеште, Лаосто жана Кытайда сезилгени кабарланды.Соцтармактарда Таиланддагы 30 кабаттуу имарат ураган видео тарады. Урандынын алдында 43 жумушчу калганы белгиленди.Ошондой эле Мьянмадагы көпүрө, имараттар кыйраган. Бангкокто адамдар эвакуацияланып, метро ишин токтотту. Жабыр тарткандардын саны азырынча белгисиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0