https://sputnik.kg/20250328/1092961709.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду. БШКнын төрагасы... 28.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-28T17:00+0600
2025-03-28T17:00+0600
2025-03-28T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092961577_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_eae36c62a2d139d705244fe580acfb29.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров депутаттыкка талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу боюнча суроо УКМКнын тергөөчүсүнүн кайрылуусунун негизинде каралып жатканын билдирди. УКМКнын бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов белгилегендей, Султанбай Айжигитовго 2018-жылы "Бейбаштык" беренеси боюнча айып тагылган. Сот аны күнөөлүү деп таап, бирок мөөнөтү эскиргендиктен жазадан бошоткон. Бирок Айжигитов депутаттыкка талапкерлигин койгондо соттолгондугу жөнүндө маалыматты бербей койгон. БШКнын 11 мүчөсү Айжигитовдун мандатын алууга "макул" болсо, бирөө каршы чыкты. БШК төрагасы жыйынга катышкан Айжигитовго чечимге макул болбосо сотко даттанса болорун айтты.
Улуу Жеңишти эскерип жүрүү — негизги милдетибиз. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев россиялык мекендештердин жыл сайын өтүүчү конференциясында айтты. "Иш-чаранын темасы — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы. Башкы милдетибиз — аны унутта калтырбоо. Ушундай иш-чараларды уюштуруу керек. Ошондо жаштар ал учурдагы окуялардын маанилүүлүгүн түшүнөт", — деди ал. Зульхарнеев ошондой эле Жалал-Абаддагы "Достук" паркында баатырлардын элесин түбөлүккө калтырууга арналган "Эскерүү багы" акциясы башталганын белгиледи. Мындан тышкары 7-апрелде Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги адабиятка арналган көргөзмө, 25-апрелде жетинчи эл аралык "Жеңиш жат жазуусу" өтөрүн кошумчалады.
Жакын арада Мамлекеттик ипотекалык компанияга "Түндүк" тиркемеси аркылуу катталууга болот. Бул тууралуу МИКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүдө "Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Түндүк" тиркемесине жаңы функцияны кошуп жатканы айтылды. Ал МИКке катталып, батир алуу үчүн арыз тапшырууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы функция жакын арада иштеп баштай турганы кошумчаланды.
Талас районунда эртең мененки жер титирөөдөн 17 турак жай жараксыз абалга келген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекемеден кабарлашкандай, райондук жарандык комиссия тарабынан дубалдарынан жарака кеткен 17 турак жай катталган. Алардын 11и камсыздандырылган болсо, алтоо камсыздандырылган эмес. Авариялык имараттар аныкталган жок. Келтирилген зыян эсептелип жатат.
Түрдүү санкцияларга жана ар кандай билдирүүлөргө карабастан европалыктардын басымдуу бөлүгү Россия менен соода алакасын түзүүнү каалайт. Бул тууралуу Россиянын ТИМинин Экономикалык кызматташуу департаментинин директору Дмитрий Биричевский билдиргенин РИА Новости жазды. Ал КМШ мамлекеттеринин эл аралык экономикалык форумуна катышкан. "Европа Россия менен соода жүргүзбөйм деп ар кыл чектөөлөрдү киргизе бергени менен бизнеси мамиленин уланышын каалайт. Өлкөлөрүнүн саясий көз карашына, позициясына карабастан көбү аны улантууда", — деди Биричевский. Эскерте кетсек, буга чейин Россия президенти Владимир Путин Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун съездинде сүйлөп жатып Россияга кайтууга ниеттенип жаткан батыш компанияларына эч кандай артыкчылык жана жеңилдик берилбей турганын билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров депутаттыкка талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу боюнча суроо УКМКнын тергөөчүсүнүн кайрылуусунун негизинде каралып жатканын билдирди. УКМКнын бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов белгилегендей, Султанбай Айжигитовго 2018-жылы "Бейбаштык" беренеси боюнча айып тагылган. Сот аны күнөөлүү деп таап, бирок мөөнөтү эскиргендиктен жазадан бошоткон. Бирок Айжигитов депутаттыкка талапкерлигин койгондо соттолгондугу жөнүндө маалыматты бербей койгон. БШКнын 11 мүчөсү Айжигитовдун мандатын алууга "макул" болсо, бирөө каршы чыкты. БШК төрагасы жыйынга катышкан Айжигитовго чечимге макул болбосо сотко даттанса болорун айтты.Улуу Жеңишти эскерип жүрүү — негизги милдетибиз. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев россиялык мекендештердин жыл сайын өтүүчү конференциясында айтты. "Иш-чаранын темасы — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы. Башкы милдетибиз — аны унутта калтырбоо. Ушундай иш-чараларды уюштуруу керек. Ошондо жаштар ал учурдагы окуялардын маанилүүлүгүн түшүнөт", — деди ал. Зульхарнеев ошондой эле Жалал-Абаддагы "Достук" паркында баатырлардын элесин түбөлүккө калтырууга арналган "Эскерүү багы" акциясы башталганын белгиледи. Мындан тышкары 7-апрелде Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги адабиятка арналган көргөзмө, 25-апрелде жетинчи эл аралык "Жеңиш жат жазуусу" өтөрүн кошумчалады.Жакын арада Мамлекеттик ипотекалык компанияга "Түндүк" тиркемеси аркылуу катталууга болот. Бул тууралуу МИКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүдө "Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Түндүк" тиркемесине жаңы функцияны кошуп жатканы айтылды. Ал МИКке катталып, батир алуу үчүн арыз тапшырууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы функция жакын арада иштеп баштай турганы кошумчаланды.Талас районунда эртең мененки жер титирөөдөн 17 турак жай жараксыз абалга келген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекемеден кабарлашкандай, райондук жарандык комиссия тарабынан дубалдарынан жарака кеткен 17 турак жай катталган. Алардын 11и камсыздандырылган болсо, алтоо камсыздандырылган эмес. Авариялык имараттар аныкталган жок. Келтирилген зыян эсептелип жатат. Түрдүү санкцияларга жана ар кандай билдирүүлөргө карабастан европалыктардын басымдуу бөлүгү Россия менен соода алакасын түзүүнү каалайт. Бул тууралуу Россиянын ТИМинин Экономикалык кызматташуу департаментинин директору Дмитрий Биричевский билдиргенин РИА Новости жазды. Ал КМШ мамлекеттеринин эл аралык экономикалык форумуна катышкан. "Европа Россия менен соода жүргүзбөйм деп ар кыл чектөөлөрдү киргизе бергени менен бизнеси мамиленин уланышын каалайт. Өлкөлөрүнүн саясий көз карашына, позициясына карабастан көбү аны улантууда", — деди Биричевский. Эскерте кетсек, буга чейин Россия президенти Владимир Путин Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун съездинде сүйлөп жатып Россияга кайтууга ниеттенип жаткан батыш компанияларына эч кандай артыкчылык жана жеңилдик берилбей турганын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092961577_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_717340e9d2d238d5525fac49a69ca40a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио